Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор 2020-ж. 11-январь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, каза болгон жарандарды коюу процессин жана Ала-Арча  тарыхый-мемориалдык көрүстөнүн утурумдук күтүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык  тартипке келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ала-Арча  тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө сөөк коюу жана аны утурумдук күтүү тартиби жөнүндө  жобо  тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардык турак жай-коммуналдык чарба маселелерин жетектеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык  кеңешинин төрагасы                         Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 18 Кб)

- юридикалык корутунду (doc.  15 Кб)