Долбоор 21.12.2020
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШТИН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31, 41-беренелерине, Бишкек шаардык кеӊештин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Бишкек шаарынын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын № 2 Тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- № 2 тизмеге киргизилген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусуна берилүүчү муниципалдык мүлк объекттеринин № 2 тизмеги, 2-тиркемеге ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте муниципалдык мүлк реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин (№ 1, 2 жана 3 тизмектерге).
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж. Б. Абиров
Тиркемелер:
- маалымкат-негиздеме (doc. 22 Кб)
- юридикалык корутунду (doc. 22 Кб)