Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
21.12.2020
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сырткы видеобайкоо системасын (мындан ары – СВБС) жабдуулоого жаткан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчылары ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттерди СВБС жабдуулоого Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына көмөк көрсөтүшсүн.
- СВБС орнотууну пландоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 224 «Сырткы видеобайкоо системасына коюлуучу техникалык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому жетекчиликке алынсын.
- Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж.Б. Абиров
Тиркемелер:
- Маалымкат-негиздеме (doc. 16 Кб)