Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2020-жылдын «24» августу
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 «Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңештин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө тариф (баа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын транспорт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж.Б. Абиров
Тиркеме:
- маалымкат-негиздеме (doc. 16 Кб)