О внесении изменений и дополнений в постановление Бишкекского городского кенеша «Об утверждении Положения о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости, находящиеся в муниципальной собственности города Бишкек» от 22 мая 2002 года № 127

 

 

В целях приведения в соответствие с законодательством Кыргызской Республики, руководствуясь Законами Кыргызской Республики                           «О государственном языке Кыргызской Республики» и «О местном самоуправлении», Бишкекский городской кенеш

 

ПОСТАНОВЛЯЕТ:

 

1. Дополнить постановление Бишкекского городского кенеша        «Об утверждении Положения о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости, находящиеся в муниципальной собственности города Бишкек» от 22 мая 2002 года № 127, текстом данного постановления на государственном языке (Приложение 1).

 

2. Дополнить Положение о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости, находящиеся в муниципальной собственности города Бишкек, утвержденное постановлением Бишкекского городского кенеша от 22 мая 2002 года № 127, текстом данного Положения на государственном языке (Приложение 2).

 

3. Внести в постановление Бишкекского городского кенеша                    «Об утверждении Положения о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости, находящиеся в муниципальной собственности города Бишкек» от 22 мая 2002 года № 127 следующие изменения:

по всему тексту Положения о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости, находящиеся в муниципальной собственности города Бишкек калибровочный коэффициент – К4 исключить.

 

4. Мэрии города Бишкек разработать в двухмесячный срок положение о порядке предоставления ограниченных вещных прав на объекты недвижимости, находящиеся в муниципальной собственности города Бишкек и внести в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики, на рассмотрение сессии Бишкекского городского кенеша.

 

5. Зарегистрировать настоящее постановление и направить в Министерство юстиции Кыргызской Республики для включения в Государственный реестр нормативных правовых актов Кыргызской Республики.

 

6. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на постоянную комиссию по муниципальной собственности, земельным вопросам, градостроительству и архитектуре Бишкекского городского кенеша (Конгантиев К. К.) и первого вице-мэра города Бишкек             Макенова Р. К.

 

 

Исполняющая обязанности

председателя Бишкекского

городского кенеша                                                    В. М. Лисниченко

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөpтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

 

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому мамлекеттик тилдеги тексти менен толукталсын (1-тиркеме).

 

2. 2002 жылдын 22-майындагы № 127 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобосу мамлекеттик тилдеги тексти менен толукталсын (2-тиркеме).

 

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобонун бардык тексти боюнча К4-калибровкалык коэффициенти алынып салынсын.

 

4. Бишкек шаарынын мэриясы  эки айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону  иштеп чыксын жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.

 

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасынын милдетин

аткаруучу                                                                        В. М. Лисниченко

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

2017-жылдын “___” __________ № ___

токтомуна 1-тиркеме

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө

 

(Бишкек шаардык кеңешинин 2006-жылдын 11-июлундагы № 221,      2009-жылдын 2-декабрындагы № 107, 2012-жылдын 24-октябрындагы      № 335 токтомдорунун редакциясында)

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартибин тартипке салуу жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө тиркелүүчү жобо бекитилсин.

2. Кыймылсыз мүлк бирдиги катары түзүлгөн бош (курулушу жок) жер участокторуна жана коомдук транспорт аялдамаларын кошпогондо, жалпы пайдалануудагы жерлерге чектелген буюм укуктарын берүү тартибин жөнгө салуучу Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобонун ченемдери Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 120 “Бишкек шаарындагы жер участокторун ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө” токтомунун иштөө мөөнөтү бүткөндө же күчүн жоготту деп таанылгандан тартып ишке киргизилет.

3. Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана  анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди пайдалануу, чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу же ижарага берүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары мындан ары Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобонун ченемдерине аларды ылайык келтиргенге чейин, ага каршы келбей турган бөлүктөрү колдонулат.

4. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүүнүн жаңы тартибине ырааттуу өтүүнү камсыздоо максатында төмөнкүлөр белгиленсин:

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо ал ишке киргизилгенден кийин пайда болгон укуктук мамилелерге гана жайылтылат;

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата мөөнөттүү колдонуу же ижара келишимдерине негизделген, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо ишке киргизилгенге чейин түзүлгөн укуктук мамилелерге карата, акыркысы мөөнөттүү колдонуу же ижаралоо келишимдеринде көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткөнгө чейин колдонулат;

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо, мөөнөтсүз пайдалануу же башка негиздерде пайдалануу келишими боюнча  ушул токтомдун 3-пунктунун 2-абзацында каралбаган, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерине карата мындай кыймылсыз объекттер киргизилген тийиштүү тизме Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин колдонула баштайт.

5. Бишкек шаарынын мэриясы (А. П. Слизовский):

2002-жылдын 1-августуна чейин Бишкек шаарынын мэриясынын ченемдик укуктук актылары Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык келтирсин;

2002-жылдын 1-августуна чейин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобого Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган жана бекитилген ченемдик укуктук актыларды  ылайык келтирүү жөнүндө сунуштар даярдасын жана киргизсин;

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык 2002-жылдын 1-ноябрына чейин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укуктарын берүү тартиби жөнүндө эреженин долбоорун иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешке берсин;

2003-жылдын 1-февралына чейин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону ишке киргизүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат Бишкек шаардык кеңешке берсин.

6. Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча комитети                               (К. Нурмуканбетов):

2002-жылдын 1-августуна чейин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобого № 1 Тизменин, № 2.1 Тизменин, № 1 Тизмектин, № 2.1 Тизмектин долбоорлорун ылайык келтирүүлөрдү иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешке берсин;

2002-жылдын 1-октябрына чейин Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясына № 2.2 Тизмектин долбоорун берсин;

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктөрдү пайдалануучуларга жана ижарачыларга Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобосу менен белгиленген, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүүнүн жаңы тартибине өтүү эрежесин түшүндүрсүн;

(Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 токтомуна ылайык алынып салынды)

(Бишкек шаардык кеңешинин 2006-жылдын 11-июлундагы № 221, 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 токтомдорунун редакциясында)

7. Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясы  2002-жылдын 1-декабрына чейин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобосуна № 2.2 Тизменин, № 2.2 Тизмектин, № 3 Тизмектин жана № 4 Тизмектин долбоорлорун ылайык келтирсин жана Бишкек шаардык кеңешине берсин.

8. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жайгаштырылсын.

9. Ушул токтомду контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А. П. Слизовскийге жана Экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. К. Камчыбековго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасы                                                                                     З. Кыдыралиев

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчисинин милдетин

убактылуу аткаруучу                                                        М. Т. Чекирова

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

2017-жылдын “___” __________

№ ___ токтомуна 2-тиркеме

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 токтомуна ылайык кыймылсыз мүлк бирдиги катары түзүлгөн бош (курулбаган) жер участокторуна жана коомдук транспорт аялдамаларынан тышкары, жалпы пайдалануудагы жерлерге чектелген буюм укуктарын берүү тартибин жөнгө салуучу ченемдер бөлүгү

ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

 

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

(Бишкек шаардык кеңешинин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186,              2006-жылдын 11-июлундагы № 221, 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434, 2009-жылдын 4-февралындагы № 40, 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 67, 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107, 2010-жылдын 27-майындагы № 189, 2010-жылдын 3-декабрындагы № 201, 2011-жылдын 13-октябрындагы № 276, 2012-жылдын 24-октябрындагы № 335 токтомдорунун редакциясында)

 

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1. Ушул Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык, Жер кодекстерине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу, мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануу же ижаралоо укуктарын берүү тартибин жана шарттарын белгилейт.

2. Ушул жобонун иштөөсү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттарга, курулмаларга же жайларга жана жер участокторуна, кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары түзүлгөн, аларга бекитилген бош (курулбаган) жер участокторго, унаа туруктарга жана жалпы пайдалануу жерлерине (коомдук транспорт аялдамалары, жолдор, тротуарлар, аянттар, гул бакчалар, көчөлөр, өтмөктөр, бак көчөлөр, токой сейил бактар, көлмөлөр ж.б.) (мындан ары - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттер) таркатылат. Кыймылсыз мүлк бирдиги катары түзүлгөн жер участогу болуп өзүнчө (өзүнчө белгиленген чеги бар) жана жарандык укуктардын объекти катары аныкталган жер участогу саналат, ал ушул жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ижарага берилиши мүмкүн.

Ушул жобо Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак имараттарга, курулмаларга же жайларга жана мамлекеттик же жеке менчикте турган имараттардын, курулмалардын же жайлардын алдында жайгашкан жер участокторуна колдонулбайт.

3. Ушул жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар, аларга бекитилген жер участокторуна карата укуктардан бөлүнгүс. Мындай жер участокторуна укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

II. Чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу жана мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануу укуктары

 

4. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттер чарба жүргүзүү укугуна муниципалдык ишканаларга, ал эми ыкчам башкаруу укугуна муниципалдык мекемелерге бекитилет.

5. Муниципалдык ишканалардын чарба жүргүзүүсүнө же муниципалдык мекемелердин ыкчам башкаруусуна Бишкек шаарынын жашоосун камсыздоо функцияларын же Бишкек шаардык бюджеттен толук же жарым-жартылай каржылана турган башка функцияларды камсыздоо үчүн пайдаланылуучу Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар берилет.

6. Мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:

а)    Бишкек шаардык бюджеттен толук же жарым-жартылай каржылана турган жана Бишкек шаарынын жашоосун камсыздоо функцияларын камсыздаган, ошондой эле калкка Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары милдеттүү катары аныкталган кызматтарды көрсөткөн муниципалдык ишкана же мекеме болуп саналбаган ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге;

б)    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар менен бекер негизде милдеттүү түрдө камсыздаган ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге.

7. Мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдаланууга Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар берилет.

8. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга берилген ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин Тизмесинин долбоору (мындан ары - № 1 Тизме) Муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары - Башкармалык) тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

9. № 1 Тизменин долбооруна ага киргизилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектти (мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга берүү сунушталган ар бир ишкана, уюм жана мекеме үчүн чектелген буюм укугу көрсөтүлөт.

10. № 1 Тизмени түзүү менен бир эле убакта Башкармалык № 1 Тизменин долбоорунда көрсөтүлгөн ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө ыкчам башкарууга бериле турган Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын Тизмегинин долбоорун (мындан ары-№ 1 Тизмек) түзөт.

11. № 1 Тизмектин долбоору № 1 Тизмеден кайсы чектелген буюм укугунда (мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануу, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу) кайсы ишканага, уюмга же мекемеге алар берилип жаткандыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен берилип жаткан имараттардын, курулмалардын же жайлардын тиби, жайгашкан орду жана аянты жөнүндө маалыматты камтуусу керек.

Муниципалдык имарат же курулма мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга өзү жайгашкан жер участогунан өзүнчө берилиши мүмкүн эмес. Ушуну менен, кыймылсыз мүлктөгү жер участогу кыймылсыз мүлк үчүн бекитилип берилген муниципалдык менчик укугунун объекти катары Бишкек шаарынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик башкармалыгында тиешелүү тартипте түзүлүшү жана катталышы керек. Жер участогунун аймактык чектери мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануу, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугуна ээ болгон жакка, жер участогунун ээлерине (жергиликтүү өз алдынча башкаруу) берилүүчү документтердин негизинде аныкталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурда имаратка же курулмага бекитилген жер участогуна мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануу, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан жол-жоболоштурулат.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

12. № 1 Тизмектин долбооруна киргизилген ага бекитилген турак эмес жайлардын, курулмалардын же жайлардын жана жер участогунун курамы жана аянты ишкананын, уюмдун жана мекеменин № 1 Тизмеге киргендигине байланыштуу, Бишкек шаарынын жашоосун камсыздоо функцияларын камсыздоо, ошондой эле, калкка тигил кызматтарды көрсөтүү үчүн керектүү курамдан жана аянттан ашпоосу керек.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

13. № 1 Тизменин жана № 1 Тизмектин долбоорлору, ошондой эле № 1 Тизмеге жана № 1 Тизмекке өзгөртүүлөр жана толуктоолор Башкармалыктын сунуштамасы боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан каралат жана бекитилет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

14. Бекитилген № 1 Тизмек Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттеринин реестринин өзүнчө бөлүмү болуп саналат.

15. № 1 Тизменин жана № 1 Тизмектин, ошондой эле, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануунун, чарба жүргүзүүнүн же ыкчам башкаруунун типтүү келишимдеринин негизинде № 1 Тизмеде аталган ишканалар, уюмдар жана мекемелер менен № 1 Тизмекте көрсөтүлгөн турак эмес жайларды, курулмаларды же жайларды мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануунун, чарба жүргүзүүнүн же ыкчам башкаруунун тийиштүү келишимин түзөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчиктин ээлери чарба жүргүзүүдө турган мүлктү пайдалануудан кирешенин бөлүгүн алууга укуктуу. Бул учурда алынган каражаттар Бишкек шаардык бюджетине эсептелинет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

16. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануу келишими бир жылга чейинки мөөнөткө профили жана каржылоо булагы, пайдалануучунун иши өзгөрбөгөн шарттарда келишим түзүлгөн учурга түзүлөт. Башка учурларда, Башкармалык мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууну же пайдалануучу менен макулдашуу боюнча анын иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин анын шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга укуктуу.

17. Пайдалануучу мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануу келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин бул келишим менен ага берилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды пайдаланууну улантса, ал эми Башкармалык буга каршылык кылбаса, мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануу келишими ушундай эле шарттарда ушундай эле жаңы мөөнөткө жаңыртылды деп эсептелинет.

18. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар толук же жарым - жартылай пайдаланылбаган же бошотулган жана мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга берилген учурда, аларды мындан ары пайдалануу тартиби, анын ичинде аларды бир тизмектен башка тизмекке которуу, Башкармалык тарабынан аныкталат жана анын сунуштамасы боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

19. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган имараттарды, курулмаларды же жайларды мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануунун, чарба жүргүзүүнүн же ыкчам башкаруунун типтүү келишимдери Башкармалык тарабынан иштелип чыгат жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет. Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу жана мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдалануу укугуна ээ болгон уюмдар, мекемелер жана ишканалар менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу жок ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен ага бекитилген мүлктү тескөөгө укугу жок. Чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга жана мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдаланууга өткөрүлүп берилген мүлк муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө карата мындай укук алган уюм, мекеме же ишкана банкротко учураганда ээлигинен ажыратылбайт жана ушул мүлккө карата менчик укугун сактап калган менчик ээсине кайтарылууга жатат.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында).

 

III. ИЖАРА

 

20. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттери № 1 Тизмеге кирбеген жеке жана юридикалык жактарга төмөнкүдөй шарттар менен берилиши мүмкүн:

1) жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага;

2) рыноктук  ижара акысы менен ижарага;

3) узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага.

 

1-бап

Жеңилдетилген ижара акысы менен ижаралоо

 

1. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага алуу укугу бар жактар жана мындай ижарага берилүүчү объекттер.

 

21. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:

1) Бишкек шаарынын бюджетинен толук же жарым-жартылай каржылануучу жана № 1 Тизмеге киргизилбеген, бирок калкка Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу тарабынан социалдык жактан маанилүү саналган кызматтарды көрсөткөн ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге;

2) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдетилген негизде турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар менен камсыз кылуучу ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге;

3) коомдук маанилүү социалдык ишине байланыштуу коммерциялык эмес уюмдарга жана жеке жактарга.

(Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 24-октябрындагы № 335 токтомунун редакциясында)

Кароо:

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 140 “Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү Бишкек шаарынын менчигинде турган ээлеген турак эмес муниципалдык жайлар үчүн ижара акысынан бошотулган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин тизмелерин бекитүү жөнүндө” токтому.

22. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар берилет.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган бош (курулбаган) жер участоктору, унаа туруктары жана жалпы пайдалануу үчүн жерлер, коомдук транспорттук аялдамалар жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилбейт.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

23. Ушул жобонун 21-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларына ылайык (мындан ары - № 2.1 Тизме) ар бирине берилүүчү, сунушталган жеңилдиктердин өлчөмүн (пайызда) көрсөтүү менен жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугуна ээ болгон ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин Тизмесинин долбоору Башкармалык тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт.

24. № 2.1 Тизменин долбоорун түзүү менен бир убакытта Башкармалык № 2.1 Тизмеде көрсөтүлгөн ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү (мындан ары - № 2.1 Тизмек) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын Тизмегинин долбоорун түзөт.

25. № 2.1 Тизмектин долбоору ушул жобонун ишке кирүүсүнө чейин ишканаларда бекер пайдаланууда же ижарада турган турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын, № 2.1 Тизменин долбоорунда көрсөтүлгөн уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган башка турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын санынан түзүлөт.

26. № 2.1 Тизмектин долбоору жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын түрү, орду жана аянты жөнүндө маалыматты камтышы керек.

Муниципалдык имарат жана курулма жер участогунан ажыратылып, өзүнчө жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилбейт. Ушуну менен кыймылсыз мүлктүн жер участогу тийиштүү тартипте Бишкек шаарынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик башкармалыгында кыймылсыз мүлккө бекитилген муниципалдык менчик укугундагы объект катары түзүлүшү жана катталышы керек. Жер участогунун аймактык чектери жер участогунун менчик ээси (жергиликтүү өз алдынча башкаруу) тарабынан жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага укугу бар адамга берилген документтердин негизинде аныкталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда имаратка же курулмага бекитилген жер участогуна болгон жеңилдетилген ижара акысы менен ижара тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жол-жоболоштурулат.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында).

27. № 2.1 Тизмектин долбооруна киргизилген турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын курамы жана аянты тигил социалдык маанилүү кызматтарды калкка көрсөтүү үчүн № 2.1 Тизмесинин долбооруна киргизилген ишкана, уюмдар жана мекемелер менен байланышкан керектүү курамдан жана аянттан ашпоосу керек.

28. № 2.1 Тизменин жана № 2.1 Тизмектин долбоорлору, ошондой эле № 2.1 Тизменин жана № 2.1 Тизмектин долбоорлоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор Башкармалыктын сунуштамасы боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралат жана бекитилет.

29. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугуна ээ болгон коммерциялык эмес уюмдардын жана жеке жактардын Тизмесинин долбоору ушул жобонун 21-пунктунун 3-пунктчасына ылайык (мындан ары - № 2.2 Тизме) ар бирине берилүүчү, сунушталган жеңилдиктердин өлчөмүн (пайызда) көрсөтүү менен Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөpүнүн катышуусу менен Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк боюнча Комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан түзүлөт.

30. № 2.2 Тизменин долбоору ушул жобонун 21-пунктунун 3- пунктчасында саналган коммерциялык эмес жана жеке жактардын арыз ээсине керектүү турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын жана ага бекитилген жер участогунун тиби, жалпы аянты жана пландуу пайдалануунун максаты көрсөтүлүшү керек болгон Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө арыздарынын негизинде түзүлөт.

(Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 24-октябрындагы № 335 токтомуна ылайык 2-абзац алып салынган)

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун, 2012-жылдын 24-октябрындагы № 335 токтомунун редакциясында)

31. Ушул жобонун 21-пунктунун 3-пунктчасында саналган коммерциялык эмес уюмдардан жана жеке жактардан Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө арыздарын кабыл алуу тууралуу маалымат Башкармалык тарабынан коомдук жерлерде илиниши керек жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек.

32. Коммерциялык эмес уюмдардын жана жеке жактардын Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө арыздары Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жана арызды кабыл алуу датасын, катталган катар номерин көрсөтүү менен ушундай ижарага укугу бар адамдарды кезекке коюу жөнүндө арыздарды каттоо журналына каттоочу Башкармалыкка берилет. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө арызды кабыл алуу жана каттоо тууралуу арыз ээсине Башкармалык тарабынан жазуу жүзүндөгү бышыктоо берилет.

33. Башкармалык жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө арыздарды берген бардык коммерциялык эмес уюмдардын жана жеке жактардын тизмесин түзөт жана комиссияга берет, анын негизинде комиссия № 2.2 Тизменин долбоорун түзөт.

34. № 2.2 Тизменин долбоору жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө арыздарды, ижара акысы боюнча жеңилдиктерди берүү же мындан баш тартуу жөнүндө Комиссиянын сунуштамаларын, ошондой эле ар бир арыз ээси боюнча ижара акысы боюнча жеңилдиктердин сунушталган өлчөмүн берген бардык коммерциялык эмес уюмдардын жана жеке жактардын тизмесин камтышы керек.

35. № 2.2 Тизменин долбоору, ошондой эле № 2.2 Тизменин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор Башкармалыктын сунуштамасы боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралат жана бекитилет.

36. Бекитилген № 2.2 Тизмеси Башкармалык Комиссияга Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө арыздарды берген коммерциялык эмес уюмдардын жана жеке жактардын акыркы тизмесин өткөрүп бергенден кийин, коммерциялык эмес уюмдардан жана жеке жактардан келип түшкөн Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө арыздарынын негизинде жыл сайын жаңыртылып турушу керек.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434, 2009-жылдын 4-февралындагы № 40 токтомдорунун редакциясында)

37. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, № 2.2 Тизмесинде көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдарга жана жеке жактарга Жеңилдетилген ижара акысы менөн ижарага бериле турган (мындан ары - № 2.2 Тизмек) турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын Тизмегинин долбоору Башкармалык тарабынан түзүлөт жана Комиссияга макулдашуу үчүн көрсөтүлөт.

38. № 2.2 Тизмектин долбоорун түзүүдө жана № 2.2 Тизмекке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүүдө Башкармалык төмөнкү эрежелерди жетекчиликке алуусу зарыл:

а) № 2.2 Тизмекке Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, эң баалуу болуп саналбаган жана алар рыноктук ижара акысы менен ижарага берилген учурда олуттуу киреше алып келбеген турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар киргизилүүгө тийиш;

б) № 2.2 Тизмекке киргизилген турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын саны аларды максималдуу натыйжалуу жана минималдуу токтоп калуу менен пайдаланууну камсыздоо максатында керектүү минимумга туура келиши керек.

39. Макулдашылган № 2.2 Тизмектин долбоору, ошондой эле № 2.2 Тизмегине өзгөртүүлөр жана толуктоолор Бишкек шаарынын мэриясынын сунуштамасы боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралат жана бекитилет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

40. (Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 24-октябрындагы № 335 токтомуна ылайык алып салынды)

41. Бекитилген № 2.1 Тизме жана № 2.2 Тизме № 2 Тизмени түзүшөт, ал эми бекитилген № 2.1 Тизмек жана № 2.2 Тизмек Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестринин өзүнчө бөлүмү болуп саналган № 2 Тизмекти түзүшөт.

42. Коммерциялык эмес уюмдардын жана жеке жактардын Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө арыздары белгиленген тартипте Башкармалыкта сакталат.

 

2. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугун берүү тартиби

 

43. № 2.1 Тизмеде көрсөтүлгөн ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара № 2.1 Тизмегинде көрсөтүлгөн турак эмес имараттарга, курулмаларга, жайларга же № 2.1 Тизмегинде көрсөтүлгөн башка турак эмес имараттарга, курулмаларга, жайларга берилет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 24-октябрындагы №335 токтомунун редакциясында)

44. № 2.2 Тизмеде аталган коммерциялык эмес уюмдарга жана жеке жактарга Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугу кезек принциби жана ижарачылар тарабынан аларды бошотуу чени боюнча, № 2.2 Тизмегинде көрсөтүлгөн турак эмес имараттарга, курулмаларга, жайларга берилет.

45. Турак эмес имаратты, курулманы, жайды ижарага берүү жана сунушталган турак эмес имараттын, курулманын, жайдын ижарасынан баш тартуу жөнүндө ар бир сунушту коммерциялык эмес уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү же жеке жак Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жана ушундай ижарага укугу бар адамдарды кезекке коюу жөнүндө арыздарды каттоо журналына кол коюу менен ырастоосу керек.

46. Коммерциялык эмес уюмдардын же жеке жактардын Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө берген арыздарына өлчөмү дал келген, ар кандай турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын ижарасынан үчүнчү ирет баш тарткан учурда, Комиссия аларды Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага укугу бар адамдардын кезегинен алып салат.

Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага укугу бар жактардын кезегинен алынып салынган коммерциялык эмес уюмдар жана жеке жактар          Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө кайра жазылган арызды аларды көрсөтүлгөн кезектен алып салган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин гана берүүгө укуктуу.

47. № 2 Тизмекте көрсөтүлгөн турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар бул турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар менен пайдалануу жөнүндө келишимдин колдонуудагы мөөнөтү аяктаган күндөн баштап эки айдын ичинде Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүгө тийиш.

48. № 2 Тизмеде көрсөтүлгөн ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана жеке жактардын № 2 Тизмекте каралган турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарасынан баш тарткан учурда, Комиссия ушундай баш тартууну акыркы жолу алган күндөн баштап, 30 күн ичинде ушул турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды № 2 Тизмектен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, рыноктук ижара акысы менеи ижарага берилүүчү (мындан ары - № 3 Тизмек) кыймылсыз объекттердин Тизмегине, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, көп мөөнөттүү инвестициялык ижарага берилүүчү (мындан ары - № 4 Тизмек) кыймылсыз объекттердин Тизмегине өткөрүүнү же Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин менчиктештирүү программасына киргизүүнү сунуштоого милдеттүү.

49. Жеңилдетилген ижара акысы менеи ижара берүү жөнүндө арыздарын берген жана ушундай ижаранын кезегинде катталган коммерциялык эмес уюмдар жана жеке жактар рыноктук ижара акысы менен ижара алууга конкурстарда катышууга укуктуу. Ушуну менен бирге алар Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарадагы кезегинен ажыратылбайт.

50. Башкармалык № 2 Тизмеде аталган ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге жана жеке жактарга ижарага алынган турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды пайдалануунун убагы жана (же) аянты боюнча бөлүнгөн, № 2 Тизмекте көрсөтүлгөн ошол эле турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды бир нече жактарга Жеңилдетилген ижара акысы менен биргелешкен (жалпы) ижараны сунуштоого укуктуу.

Жеңилдетилген ижара акысы менен биргелешкен (жалпы) ижарада ижара акысы ижарачылар арасында ар бир ижарачы тарабынан турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын ижарасынын убагына жана (же) аянтына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

51. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижаранын келишими боюнча ижара акысынын чогулушун жана түшүшүн контролдоо Башкармалык тарабынан жүргүзүлөт.

 

3. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими

 

52. № 2 Тизмеде аталган ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жеке жактар, № 2 Тизменин жана № 2 Тизмектин негизинде, № 2 Тизмени жана        № 2 Тизмекти бекитүү күнүнөн тартып он күндүн ичинде, № 2 Тизмекте көрсөтүлгөн тийиштүү турак эмес имараттарга, курулмаларга же жайларга карата Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимин Башкармалык менен түзөт.

Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимине кол коюудан баш тарткан учурда белгиленген мөөнөттө Комиссия бул ишкананы, уюмду, мекемени же жеке жакты № 2 Тизмеден алып салуу жөнүндө маселени Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизүүгө укуктуу.

(Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 токтомунун редакциясында)

53. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими бир жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.

Муниципалдык менчикте турган турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды майыптарга жана майыптар коомуна берүү учурунда Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими Бишкек шаардык кеңештин чечими боюнча эки жылга чейинки мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишиминин мөөнөтүнүн аякташы менен, комиссиянын чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими боюнча анын шарттарына ылайык, ижарачы өз милдеттенмелерин аткарган учурда, аны менен Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими жаңы мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

(Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 27-майындагы № 186 токтомунун редакциясында)

54. (Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 40 токтомуна ылайык алып салынды)

55. (Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 27-майындагы № 186 токтомуна ылайык алып салынды)

56. (Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 27-майындагы № 186 токтомуна ылайык алып салынды)

57. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын Жеңилдетилген ижара акысы менен ижаранын типтүү келишими Башкармалык тарабынан иштелип чыгат жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.

58. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын жеңилдетилген ижара акысы менен ижаранын типтүү келишиминде төмөнкү шарттар каралышы керек:

а) жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими бир жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.

Муниципалдык менчикте турган турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды майыптарга жана майыптар коомуна берүү учурунда жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими Бишкек шаардык кеңештин чечими боюнча эки жылга чейинки мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишиминин мөөнөтүнүн аякташы менен, комиссиянын чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими боюнча анын шарттарына ылайык, ижарачы өз милдеттенмелерин аткарган учурда, аны менен жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими жаңы мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн;

б) жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимин жаңы мөөнөткө түзүү учурунда инфляциянын пайызына ижара акысынын коюмдарын индексациялоо жүргүзүлөт;

в) жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими менен аныкталган мөөнөттө ижара акысы төлөнбөгөн учурда, ижарачы мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими аныкталган өлчөмдө жана тартипте бышмана (неустойка) жана айып пул төлөөгө милдеттүү, ушуну менен бышмана (неустойка) жана айып пул ижара акысы боюнча бересенин жалпы суммасынан 25 пайыздан жогору болбошу керек;

г) ижарачы тарабынан ижара акысын төлөө мөөнөтү олуттуу бузулган учурда, ижара берүүчү андан алар белгилеген мөөнөттө, бирок катары менен эки айдан көп эмес ижара акысын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу;

д) ижара акысы келишимде белгиленген төлөө мөөнөтү аякташы боюнча катары менен эки жолудан көп эмес төлөнбөгөн учурда, Башкармалыктын талабы боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимде каралган тартипте, жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими мөөнөтүнөн мурда сот тарабынан бузулууга тийиш;

е) (Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомуна ылайык алып салынды)

ж) ижарага алынган муниципалдык мүлктү пайдалануу менен байланышкан башка чыгымдарды ижарачы төлөйт.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186, 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107, 2010-жылдын 27-майындагы № 186 токтомдорунун редакциясында).

 

4. Жеңилдетилген ижара акысынын коюмдары

 

59. № 2 Тизмекте аталган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн жеңилдетилген ижара акысынын баштапкы коюму Башкармалык тарабынан иштелип чыгуучу жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилүүчү, жеңилдетилген ижара акысын эсептөөнүн убактылуу усулунун негизинде Башкармалык тарабынан эсептелет.

60. Тизмекте аталган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн жеңилдетилген ижара акысынын баштапкы коюму алардын теңдемдик наркы жана оңдолгон коэффициентинин негизинде эсептелет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

61. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими боюнча ар бир ижарачы үчүн жеңилдетилген ижара акысынын акыркы коюму жеңилдетилген ижара акысынын баштапкы коюмунун ижарага берилген турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан белгиленген энчилүү пайыздык жеңилдиктин негизинде аныкталат.

 

2-бап

Рыноктук ижара акысы менен ижара

 

1. Рыноктук ижара акысы менен ижарага укугу бар адамдар жана ушундай ижарага берилүүчү кыймылсыз объекттер

 

62. Рыноктук ижара акысы менен ижара жеке жана юридикалык жактарга төмөнкүлөр үчүн берилет:

а) турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар;

б) коомдук транспорттун аялдамаларды кошкондо коомдук пайдалануудагы жерлер;

в) унаа туруктары;

г) курулуштарды, курулмаларды же жеңилдетилген типтеги жайларды куруу үчүн кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары түзүлгөн бош (курулбаган) жер участоктор;

д) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдаланууга, жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага, көп мөөнөттүү инвестициялык ижарага берилген же Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин менчиктештирүү программасына киргизүү үчүн арналгандарды кошпогондо, башка кыймылсыз объекттер.

63. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, рыноктук ижара акысы менен ижарага берилүүчү (№ 3 Тизмек) кыймылсыз объекттердин Тизмегинин долбоору Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен Башкармалык тарабынан түзүлөт жана Комиссияга макулдашуу үчүн көрсөтүлөт.

64. № 3 Тизмектин макулдашылган долбоору, ошондой эле № 3 Тизмекке өзгөртүүлөр жана толуктоолор Комиссиянын сунуштамасы боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан каралат жана бекитилет.

Комиссия № 3 Тизмекке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштаманы Башкармалыктын сунуштарынын негизинде киргизет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

65. Бекитилген № 3 Тизмек Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттер реестринин өзүнчө бөлүмү болуп саналат.

 

2. Рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү тартиби

 

66. № 3 Тизмекте аталган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугу ачык формада конкурс өткөрүү жолу менен берилет.

Аялдама комплекстери жана адамдар өтүүчү жер алдындагы жол Комиссиянын чечими менен тооруктарды өткөрүүсүз ижарага берилиши мүмкүн.

(Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 67 токтомунун редакциясында)

67. Конкурстун предмети болуп рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүү укугу саналат.

68. № 3 Тизмекте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү Комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

69. Рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү боюнча конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана шарттары ушул жобо, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү тартиби жөнүндө эрежелер (1-тиркеме) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

№ 3 Тизмекте аталган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү боюнча конкурсту техникалык даярдоону жана өткөрүүнү Комиссия Башкармалыкка же адистештирилген жеке же юридикалык жактарга тапшырууга укуктуу.

70. № 3 Тизмекте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү боюнча конкурс ага чейинки келишимдин токтотулган же бул объектке пайдалануу күнүнөн баштап үч айдан кеч эмес өткөрүлөт.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

71. № 3 Тизмекте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү боюнча конкурсту өткөрүү жана табыштамаларды кабыл алуу жөнүндө кабарлама конкурс өткөргөнгө чейин 30 күн мурун Башкармалык тарабынан коомдук жерлерде илинет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

72. Кабарлама Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү тартиби жөнүндө эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн маалыматтарды камтышы керек.

73. № 3 Тизмекте аталган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүүдө уруксат берилүүчү пайдалануулардын топтому көрсөтүлөт. Бул кыймылсыз объекттердин максаттуу арналышын белгилөөгө коомдук транспорттун аялдамаларын кошо коомдук пайдалануудагы жерлерди жана унаа туруктарын алып салуу менен, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун иш-милдеттеринин аткарылышын камсыздоо үчүн бул кыймылсыз объекттерди максаттуу пайдалануу керек учурда жол берилбейт.

74. Конкурстун катышуучуларынын табыштамалары конкурс өткөрүлүп жаткан убакта жана жеринде айкын ачылуучу чапталган конверттерде берилет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

75. Рыноктук ижара акысы менен ижара укугу эң көп рыноктук ижара акысын сунуштаган жана бул келишим үчүн белгиленген шарттарга канааттанган жактарга берилет.

76. Конкурсту жеңип алган адамдын атын (аталышын), рыноктук ижара акысы менен ижара келишими боюнча бааларды, шарттарды жана четтөөлөрдү кошуу менен конкурстун жыйынтыгы жөнүндө Башкармалык анын коомдук-жеткиликтүү жерлеринде жайгаштырат жана бул маалыматты Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине киргизет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

77. Конкурс өтүү учурунда сатып алуучулар жок болсо, Башкармалык конкурс өткөргөн күндөн тартып, бир жуманын ичинде конкурс өтүү учурунда сатып алуучулар жоктугунун себебине талдоо жүргүзөт, ошол үчүн Башкармалык керектүү адистерди тартууга укуктуу.

78. Өткөрүлбөй калган конкурстун себептерин талдоонун жыйынтыгы боюнча Башкармалык рыноктук ижара акысы менен ижаранын шарттарын өзгөртүүгө, анын ичинде минималдуу баштапкы ижара акысын азайтууга укуктуу жана алгачкы конкурсту өткөргөн күндөн тартып, эки айдын ичинде кайрадан конкурс өткөргөнгө милдеттүү.

79. Конкурс өтүү учурунда сатып алуучулар жок болгондугуна байланыштуу кайрадан өткөрүлбөй калган конкурс жарыяланган учурда, Башкармалык бир ай ичинде конкурсту кайрадан өткөрүү күнүнөн тартып, Комиссияга бул кыймылсыз объектти № 3 Тизмектен алып салуу жана № 4 Тизмекке аны которуу же аны Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө сунуш киргизет.

80. Кыймылсыз объектти № 3 Тизмектен алып салуу жана аны башкага которуу же Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө сунушту негиздүү иштеп чыгуу үчүн Башкармалык кыймылсыз мүлккө көз карандысыз баалоочуларды же риэлтерлерди тартууга укуктуу.

81. Башкармалыктын кыймылсыз объектти № 3 Тизмектен алып салуу жана аны башка тизмекке которуу же Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө сунуш түшкөн күндөн тартып, бир ай ичинде Комиссия аны кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарынын мэриясына тийиштүү сунуштама киргизүүгө милдеттүү. Өзгөчө учурларда Комиссия конкурсту үчүнчү жолу өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

 

3. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишими

 

82. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишими Башкармалык жана конкурсту утуп алган адам ортосунда түзүлөт.

Рыноктук ижара акысы менен ижара келишими Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттин рыноктук ижара акысы менен ижарасынын типтүү келишиминин негизинде, ушул жободо каралган тартипте, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү тартиби жөнүндө эрежелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен түзүлөт.

83. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишими үч жылдык мөөнөткө түзүлөт. Ижарачынын каалоосу боюнча рыноктук ижара акысы менен ижара келишими беш жылдан аз мөөнөткө түзүлөт.

Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими менен келишимдер каалоосун билдирген жана келишимдин шарттарын бузбаган ижарачы тарабынан ушундай мезгилге узартылышы мүмкүн.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186, 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 токтомдорунун редакциясында)

84. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүү учурунда ижарачы Башкармалык тарабынан депозитте кармалган күрөө суммасы катары ижара акысынын үч жолку айлык өлчөмүндөгү сумманы Башкармалыкка төлөйт. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганда ижарачы он күндүк мөөнөттө ижара келишимин узартуу үчүн чараларды көрөт же ижарага алынган кыймылсыз объектти бошотот жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Башкармалыкка берет. Өз убагында бошотпогон учурда ижарачы мөөнөтүнөн өткөн ар бир күн үчүн ижара акысынын айлык суммасынан 5 пайыз өлчөмүндө Башкармалыкка бышмана (неустойка) төлөйт. Ошону менен бирге, күрөө суммасы ижарага алынган кыймылсыз объектти бошоткондон кийин, ижара акысы боюнча бересе, кыймылсыз объектти өз убагында бошотпогондугу үчүн бышмана (неустойка) же аны чегинен ашык пайдаланган өлчөмдө рыноктук ижара акысы менен ижарага берилген объектти оңдоо наркы сыяктуу ижарачынын айынан келтирилген материалдык залалды жоюу боюнча сумманы эсептен чыгаруу менен келишимдин мөөнөтү аяктаганда ижарачыга кайтарылып берилет. Бошотулган кыймылсыз объект рыноктук ижара акысы менен ижарага берүү үчүн конкурска кайра коюлат.

(Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 токтомуна ылайык 2-абзац алып салынды)

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186, 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434, 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 токтомдорунун редакциясында)

85. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттин рыноктук ижара акысы менен ижарасынын типтүү келишими Башкармалык тарабынан иштелип чыгат жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.

86. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттин рыноктук ижара акысы менен ижарасынын типтүү келишиминде төмөнкү шарттар каралышы керек:

а) Башкармалыктын депозиттик курсунун суммасын төлөө боюнча ижарачынын милдеттенмеси;

б) рыноктук ижара акысы менен ижара келишими менен аныкталган мөөнөттө ижара акысы төлөнбөгөн учурда, ижарачы мөөнөтү бүткөн ар бир күн үчүн рыноктук ижара акысы менен ижара келишими менен аныкталган өлчөмдө жана тартипте бышмана (неустойка) жана айып пул төлөөгө милдеттүү, ушуну менен бышмана (неустойка) жана айып пул ижара акысы боюнча бересенин жалпы суммасынан 25 пайыздан жогору болбошу керек;

в) келишимде белгиленген ижара акысын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин эки жолудан ашык катары менен төлөнбөсө, рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин бузуу жөнүндө Башкармалыктын жазуу жүзүндөгү кабарламасы боюнча ижарачы бул кабарламаны алган убакыттан баштап он күндүн ичинде ээлеген кыймылсыз мүлктү бошотушу керек жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Башкармалыкка өткөрүүгө милдеттүү. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимине кол коюуда ижарачы келишимдин эки айдан ашык ижара акысы боюнча бересенин пайда болушуна байланыштуу ижарачы сотко чейинки тартипте ижара келишимин бузуу учурунда Башкармалык рыноктук ижара акысы менен ижара келишимди бузуу жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылууга укугу бар деген шарттарын кабыл алат. Башкармалык сотко кайрылган учурда ижарачы бышмананын жана айып пул суммасына кошулуп эсептелген бересенин негиздүү суммасын, ошондой эле сотко кайрылууда Башкармалык кетирген бардык соттук коромжуларды (издержки) моюнга алып, төлөөгө милдеттүү.

г) ижарага алынган муниципалдык мүлктү пайдалануу менен байланышкан башка чыгымдарды ижарачы төлөйт.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186, 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434, 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107, 2012-жылдын 24-октябрындагы № 335 токтомдорунун редакциясында)

 

4. Рыноктук ижара акынын коюмдары

 

87. № 3 Тизмекте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттер үчүн рыноктук ижара акысынын баштапкы айлык коюму Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү эрежелеринде каралган тартипте эсептелет (1-тиркеме).

88. Конкурсту сатып алуучулар жок болгон үчүн кайрадан өткөрүүдө  рыноктук ижара акысынын жаңы баштапкы коюму Бишкек шаарында жайгашкан ижаранын салыштырмалуу шарттарында салыштырма кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара бааларын талдоо менен аныкталат. Мында, рыноктук ижара акысынын жаңы баштапкы коюму рыноктук ижара акысынын күтүлүүчү коюмунан 30% га азаят.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

 

3-бап

Узак мөөнөттүү инвестициялык ижара

 

1. Узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага укугу бар адамдар жана ушундай ижарага берилүүчү кыймылсыз объекттер

 

89. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, олуттуу жана узак мөөнөттүү инвестицияларды талап кылган кыймылсыз объекттерге узак мөөнөттүү инвестициялык ижара жеке жана юридикалык жактарга берилет.

90. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берилүүчү кыймылсыз объекттерди кароочу № 4 Тизмектин долбоору Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу, ошол эле убакта № 3 Тизмектин долбоорун түзүү менен Башкармалык тарабынан түзүлөт жана Комиссияга макулдашуу үчүн көрсөтүлөт.

91. № 4 Тизмектин долбоору №№ 1-3 Тизмектерге жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги объекттерди менчиктештирүү программасына кирбей калган, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин санынан түзүлөт.

Кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары түзүлгөн жана капиталдык курулушка арналган жер участоктору алардын курулушу милдеттүү социалдык шарттарды аткаруу менен коштолгон өзгөчө учурларда № 4 Тизмекке кошулат.

92. № 4 Тизмектин макулдашылган долбоору, ошондой эле № 4 Тизмекке өзгөртүүлөр жана толуктоолор Комиссиянын сунуштамасы боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралат жана бекитилет.

№ 4 Тизмекке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштама Комиссия тарабынан Башкармалыктын сунуштарынын негизинде киргизилет.

 

2. Узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү тартиби

 

93. № 4 Тизмекте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерге узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугу конкурс өткөрүү жолу менен берилет.

94. Конкурстун предмети болуп узак мөөнөттүү инвестициялык ижара келишимин түзүү укугу саналат.

95. Конкурс ачык же жабык болушу мүмкүн. Ачык конкурска бардык жеке же юридикалык жактар катыша алат. Жабык конкурска атайын бул максат үчүн чакырылган гана жактар катышат.

96. № 4 Тизмекте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерге узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү Комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү боюнча конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө ушул жобо, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү тартиби жөнүндө эрежелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

№ 4 Тизмекте аталган кыймылсыз объекттерге узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү боюнча конкурсту техникалык даярдоону жана өткөрүүнү Комиссия Башкармалыкка же адистештирилген жеке же юридикалык жактарга тапшырууга укуктуу.

97. Конкурска кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары белгиленген тартипте түзүлгөн кыймылсыз объекттер коюлушу мүмкүн. Ал эми коюлбаган учурда, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын тапшырмасы боюнча Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү тартиби жөнүндө эрежелерине ылайык даярдоо иштерин жүргүзөт.

98. Ижара мөөнөтү кошулган узак мөөнөттүү инвестициялык ижаранын инвестициялык шарттары № 4 Тизмекте саналган ар бир кыймылсыз объект боюнча жекече белгиленет. Мында инвестициялык шарттарда ижара мөөнөтү катуу белгиленбестен, кыймылсыз объектке жана инвестициянын көлөмүнө көз каранды 15тен 50 жылга чейинки интервалда сунушталып калышы мүмкүн.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

99. № 4 Тизмекте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерге узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү боюнча конкурсту өткөрүү жана табыштамаларды кабыл алуу жөнүндө кабарлама конкурс өткөргөнгө чейин 60 күндөн кеч эмес Башкармалык тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана коомдук жерлерде илинет.

100. Кабарлама Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү тартиби жөнүндө эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн маалыматтарды камтышы керек.

101. № 4 Тизмекте аталган кыймылсыз объекттерге узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүүдө уруксат берилүүчү пайдалануулардын топтому көрсөтүлөт. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун иш-милдеттеринин аткарылышын камсыздоо үчүн керектүү болгон бул кыймылсыз объектти максаттуу пайдалануу учурун алып салуу менен бул кыймылсыз объекттердин максаттуу арналышын белгилөөө жол берилбейт.

102. Конкурстун катышуучуларынын табыштамалары конкурс   өткөрүлүп жаткан убакта жана жерде, айкын ачылуучу чапталган конверттерде берилет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

103. Узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугу Бишкек шаары үчүн эң кызыктырган инвестициялык долбоорду сунуштаган адамга берилет.

104. Конкурсту жеңип алган адамдын атын (аталышын), узак мөөнөттүү инвестициялык ижара келишими боюнча бааларды, шарттарды жана четтөөлөрдү кошуу менен конкурстун жыйынтыгы жөнүндө Башкармалык коомго коомдук жерлерде жайгаштырылуучу жазуу жүзүндөгү кабарлама жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине бул маалыматты киргизүү аркылуу билдириши керек.

105. Узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага коюлган кыймылсыз объект боюнча конкурстук сунуштар жок учурда, Башкармалык конкурс өткөргөн күндөн тартып, бир ай ичинде конкурстун катышуучуларынын жоктугунун себебине талдоо жүргүзөт, ошол үчүн Башкармалык керектүү адистерди тартууга укуктуу.

106. Өткөрүлбөй калган алгачкы конкурстун себептерин талдоонун жыйынтыгы боюнча Башкармалык инвестициялык шарттарды өзгөртүүгө укуктуу жана алгачкы конкурсту өткөргөн күндөн баштап, төрт айдын ичинде кайрадан экинчи конкурсту өткөрүүгө милдеттүү.

107. Катышуучулардын кайрадан жок болгондугуна байланыштуу экинчи ирет өткөрүлбөй калган конкурс жарыяланган учурда, Башкармалык конкурсту экинчи ирет өткөрүү күнүнөн баштап бир ай ичинде, Комиссияга бул кыймылсыз объектти № 4 Тизмектен алып салуу жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө сунуш киргизет.

108. Кыймылсыз объектти № 4 Тизмектен алып салуу жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө сунушту негиздүү иштеп чыгуу үчүн Башкармалык кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочуларды же риэлтерлерди тартууга укуктуу.

109. Башкармалыктын кыймылсыз объектти № 4 Тизмектен алып салуу жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө сунушу түшкөн күндөн тартып, бир ай ичинде Комиссия аны кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча Бишкек шаардык кеңешке тийиштүү сунуштама киргизүүгө милдеттүү.

110. Өзгөчө учурларда Комиссия бул кыймылсыз объектке узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү боюнча конкурсту үчүнчү жолу өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

111. Узак мөөнөттүү инвестициялык ижара келишиминин инвестициялык шарттарын сактоону контролдоо Башкармалык тарабынан жүргүзүлөт.

112. Конкурстук сунуштар, Комиссиянын протоколдору жана № 4 Тизмекте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерге узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүүгө байланыштуу башка документтер белгиленген тартипте Башкармалыкта сакталат.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

 

3. Сынактык узак мөөнөттүү инвестициялык ижара келишими

 

113. Узак мөөнөттүү инвестициялык ижара келишими Башкармалык жана конкурсту утуп алган адам ортосунда түзүлөт.

Узак мөөнөттүү инвестициялык ижара келишими Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттин Узак мөөнөттүү инвестициялык ижарасынын типтүү келишиминин негизинде, ушул жободо каралган тартипте, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин узак мөөнөттүү инвестициялык ижара укугун берүү тартиби жөнүндө эрежелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен түзүлөт.

114. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттин узак мөөнөттүү инвестициялык ижарасынын типтүү келишими Башкармалык тарабынан иштелип чыгат жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.

 

4-бап

Субижара

 

115. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин рыноктук ижара акысы менен ижарасы, узак мөөнөттүү инвестициялык ижарасы менен пайдалануучулар жана ижарачылар Башкармалыктын макулдугу менен ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерди субижарага толугу менен же жарым-жартылай берүүгө укуктуу.

Рыноктук ижара акысы менен ижарага, узак мөөнөттүү инвестициялык ижарага берилген муниципалдык менчиктин объекттери Башкармалыктын макулдашуусу боюнча гана ижарага бериле алат.

Чарба жүргүзүү жана ыкчам башкаруу укугунда бекитилген муниципалдык менчиктин объекттери Башкармалык аркылуу конкурстук негизде, билим берүү мекемелериндеги ашканаларды кошпогондо субижарага өткөрүлүп бериле алат.

Ушуну менен конкурс Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү эрежелеринде каралган тартипке жана шарттарга ылайык өткөрүлөт     (1-тиркеме).

Келишимге пайдалануучу (же рыноктук ижара акысы менен ижарасы, узак мөөнөттүү инвестициялык ижарасы менен ижарачы) жана субижарачынын ортосунда, пайдалануучу карамагында турган ведомствонун, Башкармалыктын жана уюмдун макулдашуусу алдында кол коюлат.

Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча Башкармалык пайдалануучуларда рыноктук ижара акысы менен ижарага берүү үчүн аныкталган бош турган жайларды конкурска коюуга укугу бар.

(Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 201 токтомунун редакциясында)

116. Субижаранын келишими пайдалануунун келишиминин же рыноктук ижара акысы менен ижаранын, узак мөөнөттүү инвестициялык ижаранын мөөнөтүнөн ашып кеткен мөөнөткө түзүлөт.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

117. Пайдалануучулар тарабынан субижарага берилген объекттердин ижара акысынан Бишкек шаардык бюджетке чегерилген пайызы төмөнкүлөрдү түзөт:

социалдык ифратүзүмдүн объекттери үчүн - 50%;

чарба жүргүзүүчү субъекттердин объекттери үчүн - 70%.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

118. Рыноктук ижара акысы менен ижара жана узак мөөнөттүү инвестициялык ижарадагы субижарадан түшкөн кирешелер ижарачынын менчиги болуп саналат.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин субижарасынын типтүү келишими Башкармалык тарабынан иштелип чыгат жана Комиссия тарабынан бекитилет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

 

IV. Чыгымдарды жабуу жана сыйлоо чаралары

 

119. Ушул жобону ишке ашырууга, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди кароого жана аларды натыйжалуу башкарууну өбөлгөлөөгө байланыштуу чыгымдарды төлөө Бишкек шаардык бюджеттин “Өзгөчө каражаттарынын” алкагында түзүлгөн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги объекттерди башкаруунун атайын фондунан (мындан ары - Башкаруу фонду) жүргүзүлөт.

120. Башкаруу фонду Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин ижарасынан жана сатылышынан түшкөн каражаттардан төмөнкү өлчөмдө түзүлөт:

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин ижарасынын бардык түрлөрү боюнча түшкөн ижара акы суммасынан 2 %;

юридикалык жана жеке жактардын менчигине Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди сатуу суммасынан 2%;

юридикалык жана жеке жактардын менчигине Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун сатуу суммасынан 2 %.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

121. Башкаруу фондунун каражаттары төмөнкү максаттарга сарпталат:

1) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди, аларды бошотуу, керектүү оңдоо иштерин жүргүзүү жана алар боюнча документтерди даярдоо, ошондой эле муниципалдык менчикти коргоо боюнча соттук коромжулар (издержки) менен кошо ижарага же менчикке берүү үчүн даярдоо;

2) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге укук берүү боюнча, маркетинг чыгымдарын, кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочулардын эмгек акысын, риэлтерлерди жана башка адистештирилген жеке жана юридикалык жактарды кошуу менен конкурстарды даярдоо жана өткөрүү;

3) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди материалдык сыйлоо жолу менен натыйжалуу башкарууну өбөлгөлөө;

4) муниципалдык мүлктүн эсебин жөнгө салуу жана өркүндөтүү (кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, эмгекти автоматташтыруу жана программалык камсыздоону сатып алуу жолу менен);

5) Бишкек шаарынын кыймылсыз мүлкүнө муниципалдык менчик укугун “ММ” Тизмесине жана ага болгон толуктоолорго ылайык мамлекеттик каттоо.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186, 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомдорунун редакциясында)

122. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди натыйжалуу башкарууну өбөлгөлөөгө багытталган чыгымдар материалдык сыйлоо жолу менен Башкаруу фондунун өлчөмүнөн 10 % ашпашы керек.

123. Башкаруу фондунун каражаттарын бөлүштүрүү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди башкарууга катышкан Бишкек шаарынын мэриясынын, Башкармалыктын жана Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн сунуштамаларынын негизинде Комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана Бишкек шаардык бюджетти аларга бекитүү алкагында Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.

124. Башкаруу фондунун каражаттарын бөлүштүрүү тартиби Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги объекттерди башкаруу фонду жөнүндө” жобосуна ылайык жүргүзүлөт.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

125. Берилүүчү сыйлыктын өлчөмүн көрсөтүү менен энчилүү тизме Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек шаардык кеңешке көрсөтүлүүчү Бишкек шаарынын муниципалдык менчиги боюнча жылдык отчётко киргизилет.

 

V. Маалыматтын айкындуулугу жана ачыктыгы. Контролдоо

чаралары

 

126. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү ушул жобого ылайык айкындуу, ачык жана Бишкек шаардык кеңештин контролу алдында жүргүзүлөт.

127. Башкармалык төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) кызыкдар адамдарды Башкарманын жумуш убагы ичинде ушул жобо, жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө арыздарын каттоо журналы жана ушундай ижарага укугу бар жактарды кезекке коюу жөнүндө, ушул жободо каралган типтүү келишимдер жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюмдук укук берүү тартибин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар менен жеткиликтүү тааныштырууну камсыздоого;

б) коомдук жерде жалпы сереп үчүн №№ 1-2 Тизмелерин жана №№ 1-4 Тизмектерин, аларды бекитүү күнүнөн тартып, эки жумадан кеч эмес илүүгө.

128. Башкармалык Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүүнүн жыйынтыктарын эсепке алууга жана талдоого милдеттүү.

129. Башкармалык жана Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде Бишкек шаарынын мэриясы календардык жылдын башында жыл сайын Бишкек шаардык кеңешке Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө өткөн жылдын отчётун берет жана ал бекитилгенден кийин бардык каалоочулар үчүн таанышуу жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо үчүн жеткиликтүү болушу керек.

130. Бишкек шаардык кеңеши ушул жободо белгиленген эрежелердин сакталышына жана ага байланыштуу документтерге, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүүнүн жыйынтыктарына текшерүү (аудит) белгилөөгө жана өткөрүүгө же аны жүргүзүүнү көз карандысыз эксперттерге тапшырууга укуктуу.

 

VI. Өтмө жоболор жана мөөнөттөр

 

131. Ушул жобо күчүнө киргенге чейин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды бекер пайдалануу шарттарында пайдаланган № 2.1 Тизмеде көрсөтүлгөн ишканалар, уюмдар жана мекемелер ушул жобого ылайык, бул кыймылсыз объектке жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими түзүлгөн учурда, арыздардын негизинде Башкармалык тарабынан жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимин колдонуунун биринчи алты айы үчүн жеңилдетилген ижара акысын төлөөдөн бошотулат.

132. № 3 Тизмекке киргизилген пайдаланууда же ижарада кыймылсыз объекти бар жеке жана юридикалык жактар ушул жобо күчүнө киргенге чейин түзүлгөн пайдалануу же ижара келишими боюнча, анын мөөнөтү аяктагандан кийин көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерди бошотууга жана аны өткөрүү акты боюнча Башкармалыкка өткөрүүгө милдеттүү.

Көрсөтүлгөн пайдалануу же ижара келишимин колдонуу мөөнөтү бул жобо күчүнө киргенге чейинки күндөн тартып 3 айдан эрте бүтүп калган учурларда, пайдалануучулар жана ижарачылар объекттерди мурунку шарттарда ушул жобо күчүнө кирген күндөн баштап 3 ай өткөнчө калган мөөнөткө келишим түзүү жолу менен ээлегенге укуктуу жана мөөнөтү аяктаган соң көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерди бошотууга жана аны өткөрүүдө акты боюнча Башкармалыкка өткөрүүгө милдеттүү.

133. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясы № 3 Тизмекти бекиткен жана Бишкек шаардык кеңеши № 4 Тизмекти бекиткен учурдан баштап эки жума ичинде бул жөнүндө № 3 Тизмекте же № 4 Тизмекте көрсөтүлгөн пайдаланууда же ижарада кыймылсыз объекттери бар жеке жана юридикалык жактарга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 токтомунун редакциясында)

 

VII. Бишкек шаарынын мүлкүнө муниципалдык менчик укугун

мамлекеттик каттоо

 

(Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434
токтомунун редакциясындагы бөлүм)

 

134. Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, муниципалдык менчикке укуктар, ошондой эле бул укуктар боюнча чектөөлөр, алардын пайда болушу, өткөрүлүп берилиши, токтошу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү аймактын мамлекеттик каттоо органдарында катталат.

Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органы менчик ээси катары көрсөтүлөт.

Эгер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жеке же юридикалык жакка муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугун берген учурда каттоо карточкасынын тийиштүү бөлүмдөрүндө пайдалануу укугун кармоочунун аты көрсөтүлөт, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик ээси катары катталат.

Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү документтер болуп мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары, соттун чечимдери, келишимдер жана башка бүтүмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлккө муниципалдык менчик укугун белгилеген башка актылар эсептелет.

Муниципалдык мүлккө катталган менчик укугу соттук тартипте гана талашка алынышы мүмкүн.

135. Мүлккө муниципалдык менчик укугун каттоо Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн артыкчылыктуу милдет болуп саналат жана этап боюнча жергиликтүү бюджеттен жана башка түшүүлөрдөн бөлүнгөн каражаттар алкагында жүргүзүлөт.

136. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган же өткөрүлгөн кыймылсыз мүлктүн тизмеси (мындан ары - “ММ” Тизмеси) Муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары - Башкармалык) тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар болгон башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясына бекитүү үчүн киргизилет.

137. Кайрадан сатылып алынган мүлк “ММ” Тизмесине кошумча пункт болуп киргизилет жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясына бекитүү үчүн берилет.

138. Бишкек шаардык кеңеш “ММ” Тизмесин бекитип, бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен бөлүнгүөн каражаттардын алкагында же “Башкаруу фонду” беренеси, Башкармалыктын акча каражаттарынын эсебинен, Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо органдарында Бишкек шаарынын бекитилген муниципалдык мүлкүн мамлекеттик каттоо жүргүзүүнү Башкармалыкка тапшырат.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестри “ММ” Тизмелеринен жана андан кийинки “ММ” тизмесинин кабыл алынган толуктоолорунан турат.

Реестр төмөнкү негизги маалыматтарды камтышы керек:

объекттердин сыпаттамасы;

объекттердин турган ордун көрсөтүү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык, жеке жактар ээ болгон муниципалдык менчик объекттерине таандык болгондугун тастыктаган документтер;

объекттерди пайдаланууга чектөөлөрдүн тизмеги;

объекттердин баланстык наркы;

конкурсту утуп алган адамдын атын (аталышын), рыноктук ижара акысы менен ижара келишими боюнча башка шарттарды жана четтөөлөрдү кошуу менен конкурстун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар;

мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин өзгөчөлүгүнө жана аны пайдаланууга байланыштуу башка маалыматтар.

Башкармалык жыл сайын:

10-январдан кеч эмес 1-4 Тизмелерди жана Тизмектерди Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизет;

10-февралдан кеч эмес муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрин Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизет;

реестр бекитилгенге чейин Башкармалык өткөн жыл үчүн реестр боюнча Бишкек шаардык кеңешке отчет берет.

Реестр эки нускада бекитилет. Бир нускасы Бишкек шаардык кеңеште, экинчиси - Башкармалыкта болот.

Жылына бир жолудан кем Башкармалык Бишкек шаардык кеңешке Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоодо мамлекеттик каттоо өткөн кыймылсыз мүлктүн тизмеги жөнүндө отчет берет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 276 токтомунун редакциясында)

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                                К. Адыранов

 

 

1-тиркеме

 

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз
объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү

эрежелери

 

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186,
2006-жылдын 11-июлундагы № 221, 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434,
2009-жылдын 4-февралындагы № 40, 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 67,
2009-жылдын 2-декабрындагы № 107, 2012-жылдын 24-октябрындагы                № 335 токтомдорунун редакциясында)

 

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү эрежелери (мындан ары - Эреже) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү тартибин карайт.

 

1. Жалпы жоболор

 

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү бардык жеке жана юридикалык жактар катыша алган, ачык формадагы конкурс өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.

Конкурстун предмети болуп Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүү укугу саналат.

№ 3 Тизмекте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясы (мындан ары- Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.

Конкурсту техникалык даярдоону жана өткөрүүнү Комиссия Башкармалыкка же адистештирилген жеке же юридикалык жактарга тапшырууга укуктуу.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, рыноктук ижара акысы менен ижарага берүүгө мүмкүн болгон кыймылсыз объекттердин тизмеги (№ 3 Тизмек) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте түзүлөт жана бекитилет.

Комиссия тарабынан өткөрүлүүчү конкурс жөнүндө кабарлама жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана коомдук жерлерде конкурс өтө турган күнгө чейин 30 (отуз) күндөн кеч эмес илинет.

Конкурсту өткөрүү жөнүндө кабарлама төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

конкурсту өткөрүү убагы, орду, предмети жана тартиби;

чапталган конверттерде бааларды сунуштоо менен табыштамаларды кабыл алуу убагы, орду жана мөөнөтү;

рыноктук ижара акысы менен ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлктүн аталышы жана сыпаттамасы (жайгашкан орду, тиби, ижарага берилүүчү аянты);

ар бир кыймылсыз мүлк боюнча ижара берүү укугуна белгиленген шарттар жана чектөөлөр, эгерде ушундайлар болсо;

пайдаланууга уруксат берилген объекттин тизмеси;

ижара мөөнөтү жана айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы өлчөмү;

кыймылсыз объектти алдын-ала кароо жана конкурстун катышуучуларынын рыноктук ижара акысы менен ижара келишиминин долбоору менен таанышуу мөөнөтү, орду жана тартиби;

шертпулду төлөө суммасы жана мөөнөтү, ошондой эле ал которула турган алыш-бериш эсеби;

рыноктук ижара акысы менен ижара келишиминин иштөөсүнүн башталышы жана кол коюу мөөнөтү;

байланыш телефонунун номери.

Жарыялануучу маалыматтын аныктыгына жана кабарлама ушул эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши үчүн Комиссия жоопкерчилик тартат.

 

2. Комиссиянын жана конкурстун катышуучуларынын укуктары жана

милдеттери

 

Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

баштапкы айлык рыноктук ижара акысынын өлчөмүнөн ашпай турган шертпулдун өлчөмүн аныктоого;

конкурска катышуудан түшүндүрбөстөн баш тартууга, аны өткөрүүнү кийинкиге жылдырууга же сынак өткөрүү күнү жарыяланганга чейин 30 (отуз) күндөн кем эмес убакытта кайсыл бир объектти конкурстан чыгарып салууга. Конкурстун уюштуруучусу көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен конкурсту өткөрүүдөн баш тартса, конкурстун катышуучуларына алар учураган чыныгы чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү;

ижара жана субижара келишимин 5 жылга чейинки мөөнөткө узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга.

Комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:

жалпыга маалымдоо каражаттарына конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүүлөрдү конкурс өткөнгө чейин 30 (отуз) күн мурда жарыялоого жана коомдук жайларда маалыматтарды кечиктирбестен илүүгө;

табыштамаларды каттоо журналына конкурска катышуу табыштамаларын кабыл алууга жана каттоо жүргүзүүгө;

ушул эрежелерге, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкурс өткөрүүгө;

конкурска катышууну каалагандарга, рыноктук ижара акысы менен ижарага бериле турган кыймылсыз объекттерди кароо мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга;

конкурс өткөрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн конкурстун же башка мөөнөттүн жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлгандан тартып 10 күн ичинде, конкурсту жеңген жак менен рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүүгө.

Конкурска катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү боюнча жеке өзү же өкүлү аркылуу конкурска катышууга - ушул Эрежелер менен таанышууга;

рыноктук ижара акысы менен ижарага берилүүчү кыймылсыз объекттерди белгиленген тартипте карап чыгууга;

ал боюнча керектүү маалыматтарды жана кеңештерди алууга, ошондой эле зарыл учурларда - тийиштүү адистерди өз эсебинен тартууга;

конкурска катышуудан баш тартуу жана алар берген табыштаманы кайтарып берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берүү жолу менен конкурс башталганга чейин 3 (үч) күндөн кем эмес убакта конкурска катышуудан баш тартууга;

ушул Эрежелерде каралган башка аракеттерди жасоого.

Конкурска катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар, конкурс өткөрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечикпей шертпул төлөөгө, ал эми конкурста жеңип алган учурда - конкурс өткөрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн конкурстун жыйынтыгы же башка мөөнөтү жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде келишим түзүүгө милдеттүү.

Конкурсту утуп алган адамдан башка конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жарыяланбоого тийиш.

(Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 24-октябрындагы № 335 токтомунун редакциясында)

 

3. Баштапкы айлык рыноктук ижара акысын аныктоо тартиби

 

Баштапкы айлык рыноктук ижара акысы Муниципалдык менчик башкармалыгынын сунушунун негизинде Комиссия тарабынан бекитилет.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын баштапкы айлык рыноктук ижара акысы боюнча сунушу баштапкы айлык рыноктук ижара акысын эсептөөнүн Убактылуу усулунун негизинде киргизилет.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн Муниципалдык менчик башкармалыгы сунуш кылган баштапкы айлык рыноктук ижара акысы баштапкы айлык рыноктук ижара акысынын (сом/чарчы метр/айына) жана ижарага берилген аянттын (чарчы.м) өлчөмүнө баштапкы коюмду жүргүзүү менен эсептелет.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн баштапкы айлык рыноктук ижара акысы, Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан ушул кыймылсыз объекттердин орточо теңдемдик наркынын (кв.м эсебинде) жана рыноктук ижара акысы менен ижарага берилүүчү турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын тибин, жайгашкан ордун жана техникалык абалын, ошондой эле Бишкек шаарындагы турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын ижарасынын рыноктук бааларынын жалпы деңгээлин эске алган, оңдолгон коэффициенттердин негизинде эсептелет.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде өзүнчө турган турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды тооруктарга коюу учурунда, айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы коюмуна объектти тейлөө үчүн зарыл болгон, белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган, жанаша жайгашкан жер участогуна ижара акысы да киргизилет. Ушуну менен жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысы Бишкек шаардык кеңештин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 токтому менен бекитилген, Бишкек шаарында ижара шарттарында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык эсептелет.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы коюму төмөнкү формула боюнча эсептелет:

(Айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы коюму) =

= (Кыймылсыз объекттердин орточо тецдемдик наркы) х К х

х К1 х К2 х КЗ, мында:

 

Кыймылсыз объекттердин орточо тецдемдик наркы - 10,5 сом/чарчы метр/айына туура келет жана конкурска коюлуучу кыймылсыз объекттердин курамындагы өзгөртүүлөргө жана алардын теңдемдик наркынын амортизациясына байланыштуу жылына бир жолу кайра каралышы мүмкүн;

К - турак эмес жайлардын долбоорунда каралган, ашканаларды ижаралоочу субижарачылар үчүн гана колдонулуучу коэффициент, 0,5ге барабар;

К1 - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттардын, курулмалардын же жайлардын түрүн эске алган коэффициент, жана төмөнкүлөргө барабар:

3,0 - өзүнчө турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн;

2,5 - 1-кабаттагы турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн;

2,0 - жарым жертөлө (жертөлөлүү) турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн;

1,5 - жертөлөлүү турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн;

К2 - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттин жайгашкан ордун эске алган коэффициент, жана төмөнкүлөргө барабар:

3,0 - Киев, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев, Горький, Манас, Ахунбаев, Бейшеналиева, Байтик Баатыр - Ж. Абдрахманов, Ибраимов, Шабдан Баатыр - Курманжан Датка көчөлөрүндө; Чүй, Тынчтык, Жибек-Жолу проспекттеринде; Жаш Гвардия, Эркиндик бак көчөлөрүндө жайгашкан Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн;

2,7 - жогоруда аталган көчөлөрдүн квадраттарынын ичинде жайгашкан жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн;

2,5 - 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12 жана “Асанбай, “Жал”, “Аламүдүн-1” кичирайондорунда жайгашкан, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттер үчүн;

2,2 - “Тунгуч” кичирайонунда, ошондой эле Чоң-Арык кыштагында жайгашкан объекттерди кошуу менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган калган бардык кыймылсыз объекттер үчүн;

КЗ - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди техникалык түзүүнүн коэффициенти жана төмөнкүлөргө барабар:

1,5 - суу түтүк, каналдаштыруу, ысык суу, борбордук жылытуу;

1,4 - суу түтүк, каналдаштыруу, борбордук жылытуу;

1,3 - суу түтүк, каналдаштыруу, ысык суу;

1,2 - борбордук жылытуу;

1,2- суу түтүк, каналдаштыруу;

1,0 - техникалык түзүлүш жок.

Муниципалдык менчик башкармалыгы Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объектгерди рыноктук ижара акысы менен ижарага берүүдө баштапкы жана аяккы ижара акысына талдоо жана салыштыруу жүргүзөт жана айлык рыноктук ижара акысынын конкурстук коюмдары жөнүндө топтолгон маалыматтарга жараша формулаларда коэффициенттерди түздөйт.

Рыноктук ижара акысы менен ижарага берилген ар бир кыймылсыз объект боюнча баштапкы айлык рыноктук ижара акысын баалоо үчүн пайдалануучу материалдар, белгиленген тартипте Муниципалдык менчик башкармалыгында сакталат.

(Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 токтомуна ылайык 31 -абзацы алып салынды)

Ижарага берилүүчү унаа туруктары үчүн ижара акысынын эсеби, Бишкек шаардык кенештин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 токтому менен бекитилген, Бишкек шаарында ижара шарттарында жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык эсептелет.

Белгиленген коэффициенттер (коомдук транспорт аялдамалары, таяныч мамылар, монументтик куруулар, казан морлору ж.б.) колдонулбаган Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги башка объекттерди ижарага берүүдө, муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими менен келишимдин негизинде ижара акысы белгиленет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186,  2006-жылдын 11-июлундагы № 221, 2009-жылдын 4-февралындагы № 40, 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 67, 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107, токтомдорунун редакциясында).

 

4. Конкурсту өткөрүү тартиби

 

Конкурска катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар, чапталган конвертте лоттун номерин көрсөтүп, баасын сунуштоо менен табыштамаларды берүүгө жана анын инсандыгын, ыйгарым укуктарын ырастоочу документтерди (паспорт, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү, ишеним кат же мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган алардын көчүрмөлөру) жана алар төлөгөн шертпулду тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү.

Комиссия табыштамалар чапталган конверттерди кабыл алат жана аларды табыштамаларды каттоо журналына каттайт.

Табыштамада айлык ижара акысынын сунушталган өлчөмү (айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы өлчөмүнө КНС суммасын киргизүүдөн көз каранды бул КНСтин суммасы кирген же кирбегендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен) жана сунушталган пайдалануучу объект көрсөтүлөт.

Шертпул конкурс башталганга чейин 3 (үч) күндөн кем эмес убакта төлөнөт. Бир катар кыймылсыз объекттер боюнча конкурска катышууну каалаган жеке жана юридикалык жак, ар бир кыймылсыз объект боюнча шертпул төлөөгө милдеттүү.

Төлөнгөн шертпул 10 күндүн ичинде, эгер конкурс өткөрүлбөй калган болсо, же конкурска катышкан адам андан утпай калган учурда кайтарылып берилет.

Конкурс Комиссиянын терагасын жана анын орун басарын кошкондо Комиссиянын 5 (беш) мүчөсүнөн кем эмеси катышкан учурда өткөрүлөт.

Табыштамалары менен чапталган конверттер Комиссиянын ачык отурумунда конкурсту өткөрүү убагында жана ордунда, конкурстун катышуучуларынын отурумда катышкандыгына же катышпагандыгына карабастан айкын ачылат.

Рыноктук ижара акысы менен ижара укугу айлык рыноктук ижара акысын көбүрөөк сунуштаган жакка берилет.

Комиссия мүчөлөрүнүн ортосундагы конкурс өткөрүүгө байланышкан талаштар ачык добуш аркылуу чечилет, ал эми бирдей сандагы добуш берилсе, тераганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.

Конкурсту жеңген катышуучу жана конкурсту уюштуруучу, келишим күчүнө ээ болгон конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюшат. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада түзүлөт.

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө   протоколго кол коюуда конкурсту утуп алган адам конкурстун уюштуруучусуна кол коюуга укуктуулугун далилдеген документтерди көргөзүүгө милдеттүү.

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдо: конкурсту өткөрүү датасы, убактысы жана орду, Комиссиянын курамы, лоттун номери, айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы жана аяккы өлчөмү, акы төлөнүүчү алыш-бериш эсептин номери жана ижара келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери көрсөтүлөт.

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсү конкурсту уткан адамга берилет.

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан конкурстун катышуучусу, ал кошкон шертпулдан айрылат жана конкурстун жеңүүчүсү укугунан ажырайт. Бул учурда Комиссия, конкурстун жыйынтыгы боюнча экинчи турган адамды жеңүүчү деп жарыялоого укуктуу.

Бир гана катышуучу катышкан конкурс өткөрүлгөн жок деп эсептелет.

Комиссиянын күнөөсү боюнча туура эмес маалымат берилген учурда, конкурсту утуп алган адам конкурстун предметин алуудан баш тартууга жана ал төлөгөн шертпулдун суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында).

 

5. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүү тартиби

 

Конкурсту утуп алган адам жана Муниципалдык менчик башкармалыгы конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде 10 (он) күндүн ичинде конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол койгон күндөн же конкурс өткөрүү жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн башка мөөнөттөн тартып рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзөт.

Конкурсту утуп алган адам белгиленген мөөнөттө рыноктук ижара акысы менен ижара келишимине кол коюудан баш тарткан учурда төлөгөн шертпулдан айрылат, ал эми Башкармалык муниципалдык мүлктү колдонуу укугунан баш тартуу катары кабыл алат. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимине кол коюудан баш тарткан конкурстун уюштуруучусу шертпулдун өлчөмүн эки эсеге көп кайтарууга, ошондой эле конкурстун жеңүүчүсүнүн конкурска катышууда кетирген чыгымдарынын шертпулдун суммасынан ашыкча ордун толтурууга милдеттүү.

Конкурсту утуп алган адам менен рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүүдө, анын төлөгөн шертпул суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине эсептелет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 токтомунун редакциясында)

 

6. Корутунду жоболор

 

Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө, конкурсту утуп алган адамдын атын (аталышын), рыноктук ижара акысы менен ижара келишими боюнча бааларды, шарттарды жана чектөөлөрдү кошуу менен, Башкармалык коомдук жайларда жайгаштырылуучу жазуу жүзүндөгү кабарлама аркылуу коомчулукка билдирүүгө жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги объекттердин реестрине бул маалыматтарды конкурс өткөрүү күнүнөн тартып 15 күн ичинде киргизүүгө милдеттүү.

Конкурсту өткөрүү тартибине жана жыйынтыктарына, анын ичинде аларды жараксыз деп табылышына байланышкан талаштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сот тартибинде чечилет.

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                                К. Адыранов

 

2-тиркеме

 

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчёттун мазмунуна карата

ТАЛАПТАР

 

(Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 17-мартындагы № 186 токтомунун редакциясында)

 

Отчетто, өткөн жылдагы Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттер кандай укук менен, кимге жана кандай финансылык натыйжалары менен берилгени жөнүндө иш жүзүндөгү толук жана статистикалык маалымат көрсөтүлөт. Отчет төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин № 1 Тизмесине толугу менен киргизилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга же мөөнөттүү бекер пайдаланууга төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен берилет:

№ 1 Тизмедеги аларга чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга же мөөнөттүү бекер пайдаланууга берилген кыймылсыз объекттердин жайгашкан ордун көрсөтүү жана сыпаттоо;

чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга же мөөнөттүү бекер пайдаланууга берүү келишимдеринин жылдын аягына чейин иштеп жаткан саны.

2. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин № 2 Тизмесине толугу менен киргизилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар жеңилдетилген ижара акысы менен пайдаланууга төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен берилет:

ал адамдардын ар бири үчүн пайыздык жеңилдиктердин өлчөмүн;

№ 2 Тизмедеги жеңилдетилген ижара акысы менен пайдаланууга берилген кыймылсыз мүлк объекттеринин жайгашкан ордун жана сыпатталышын;

жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимдеринин жылдын аягына чейин иштеп жаткан санын;

жеңилдетилген ижара акысы менен ижара берүү жөнүндө канааттандырылбаган арыздардын санын;

№ 2 Тизмедеги кыймылсыз мүлк объекттерин ишке киргизүүнүн жылдык орточо көрсөткүчтөрүн;

эсептелген жана жыйналган ижара акысы тууралуу маалыматтарды.

3. № 3 Тизмек толугу менен ар бир кыймылсыз объектти сыпаттоо жана төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен:

рыноктук ижара акысы менен ижара келишимдеринин жылдын аягына чейин иштеп жаткан санын;

рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүү боюнча жыл ичинде конкурска коюлган кыймылсыз объекттердин санын;

биринчи жана экинчи конкурста рыноктук ижара акысы менен ижарага коюлган жана ижарага берилбеген кыймылсыз объекттердин санын;

№ 3 Тизмедеги кыймылсыз мүлк объекттерин ишке киргизүүнүн жылдык орточо көрсөткүчтөрүн;

эсептелген жана жыйналган ижара акысы тууралуу маалыматтарды.

4. № 4 Тизмек толугу менен ар бир объектти сыпаттоо жана төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен:

конкурстук узак мөөнөттүү инвестициялык ижара келишимдеринин жылдын аягына чейин иштеп жаткан санын;

мындай ижарага берилген узак мөөнөттүү инвестициялык ижараны аларга берүү үчүн жыл ичинде конкурска коюлган кыймылсыз объекттердин санын;

№ 4 Тизмектеги кыймылсыз объекттерден өткөн жыл ичинде шаар тарабынан алынган ижара төлөмдөрү жана башка финансылык, экономикалык, социалдык пайдалар боюнча жыйынтыктоочу маалыматтарды.

5. 1-4 Тизмекке тигил же бул себептер боюнча кирбей калган Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеси.

6. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген укуктарды берүү менен байланышкан кирешелер жана чыгашалар боюнча жыйынтыктоочу маалыматтар.

7. Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин башкаруунун атайын фондундагы кирешелер жана чыгашалар боюнча жыйынтыктоочу маалыматтар, киреше булактарын беренелер боюнча көрсөтүү менен (атап айтканда, ижара типтери боюнча) жана чыгашаларды беренелер боюнча бөлүштүрүү менен (атап айтканда, объектти ижарага жана сатууга даярдоого, конкурстарды даярдоо жана өткөрүүгө жана материалдык жактан өбөлгөлөөгө). Сый акылардын өлчөмүн көрсөтүү менен аларды алган адамдардын аты-жөнү көрсөтүлгөн тизме.

8. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди берүүгө байланыштуу Комиссия, Башкармалык жана башка Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдөрү өткөн жылы дуушар болгон көйгөйлөр.

Жыл ичиндеги отчет түзүүнүн натыйжасы боюнча, иштин абалын толугу менен чагылдыруу үчүн кийинки жылдарга карата анын түзүлүшү такталышы мүмкүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                                К. Адыранов                                  

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчисинин милдетин

убактылуу аткаруучу                                                        М. Т. Чекирова