Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Улуу Ата-Мекендик согушундагы Жеңиш күнүнө  - 75 жыл!

Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Жаныбек Абиров жана төраганын орун басары Руслан Жакышов Ленинград блокада коомунун төрайымы Кутанова Анна Алексеевнаны Жеӊиш күнү менен куттуктап жоолугуп келишти.

Постсоветтик өлкөлөрдө жылда өткөрүлүүчү Жеӊиш күнүнө арналган майрамы, быйыл биринчи жолу таажывирус илдетине байланыштуу чектөөлөрдөн улам өткөн жок.

Анна Кутанова согуш тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, өсүп келе жаткан жаш муунга даректелген каалоо-тилектери менен бөлүштү.

Ошондой эле, шаардык кеңештин төрагасы жана депутаттары Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен биргеликте Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон баатырлардын жасаган эрдиктерин эскеришти.