Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коммерциялык эмес уюмдарына, саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын (мындан ары – УШК) курамы беш жылга түзүлөт.

Ушуга байланыштуу, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – АШК) УШКлардын курамына жана резервине саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. Мыйзамга ылайык УШК саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт.

УШК шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыздаган коллегиялык орган болуп саналат. УШК курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.

Ошол себептен, УШК курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын ишке даярдык деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышкан иш тажрыйбасын эске алуу зарыл. Талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш.

Жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.

Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Аймактык  шайлоо комиссиясына саясий партиянын региондогу бөлүмүнүн төрагасынын жана чогулуштун катчысынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү документ тапшырылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:

- УШК курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

- паспортунун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);

-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  22-беренесине ылайык төмөнкүлөр УШК мүчөсү боло албайт:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.;

- шайлоо комиссиясы мүчөсүнүн милдеттеринен терс негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан участоктук шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 16-мартын кошо алганда саат 18-00гө чейин Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынат.

 Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 16-мартын кошо алганда саат 18-00гө чейин Бишкек АШКда кабыл алынат.

 

Маалымат алуу телефону:

Бишкек шаардык кеңеши - 0 312 61 37 33; 61 36 62; 61 58 17.

Бишкек АШК - 0 312 38 24 26