Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Эки шаардык парламентарий кызматташтыкты чыңдоодо

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана депутат Сергей Шин менен чогуу өз кабинетинде Новосибирск шаардык кеңешинин төрагасы Дмитрий Асанцевди, Новосибирск шаардык кеңешинин депутаттары Александр Бестужев жана Ольга Кондратенкону тосуп алды.

Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Наталья Никитенконун колдоосу астында жана Бишкек шаарында өтүп жаткан “Парламенттердин ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуудагы мониторинг жана баа берүү” аттуу регионалдык парламенттер аралык форумдун алкагында өттү.

Жолугушууда эки шаардык парламенттин өкүлдөрү парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдетүү жөнүндө конструктивдүү маек жүргүзүп, ой-пикирлери менен алмашышты.