Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Төрага Жаныбек Абиров баш болгон Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ош шаарында

Ош шаардык кеңеш Бишкектеги коллегаларын футбол боюнча жолдоштук беттешке чакырышкан.

Борбордон барган делегациянын тосуп алуунун расмий бөлүгү Ош шаардык кеңешинин имаратында өттү. Конокторду Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов башында турган депутаттар тобу тосуп алышты. Жолугушууда депутаттар кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү. Салт боюнча Жаныбек Абиров Ош шаардык кеңешинин “Каалоо тилектер китебинде” өз каалоолорун калтырды. 

Андан соң, Ош шаарынын эң негизги сыймыгы болгон “Сулайман Тоо” музей комплексине баруу уюштурулду.

Музей комплексинин директору Султан Абдрахманов Бишкек шаардык кеңешинин депуттарын жылуу тосуп алып, аларга музейдин тарыхын жана Сулайман Тоо жөнүндө кызыктуу фактыларды айтып берүү менен, экскурсия өткөрдү.