Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

«Бардыгы лыжага – 2019» аттуу кышкы майрамга Бишкек шаардык кеңештин депутаттары катышты

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Адиса Имангазиева майрамга келген катышуучуларга куттуктоосун айтып, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына иш-чараны уюштурууда жасаган иштерине ыраазычылыгын билдирип кетти.

«Бардык спорттун түрлөрүнөн лыжа спорту кышкы кар мезгили, таза аба жана кышкы жаратылыш менен жалпыланат! Кыргызстан биздин өлкөгө келген туристтердин жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт. Ага себеп: биздин таза аба, ак калпак кийген бийик тоолорубуз жана жаратылышыбыз.

Көпчүлүк өспүрүмдөрүбүз өз убакыттарын компьютердик жана оюн клубдарында өткөрүп жаткан заманда, мындай спорт иш-чараларын жакшы альтернатива деп эсептейм. Бул, шаар тургундарын спортко болгон умтулуусун бекемдетүүдө сөзсүз өткөрүлүүчү иш-чаралардын бири. Жылдан-жылга спортко болгон кызыгуу өсүп жаткандыгы мени абдан кубандырат», - деп өз сөзүндө депутат белгилеп кетти.

Бул кышкы спорт майрамы, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан, кыштын акыркы айында жыл сайын 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул иш-чарага реабилитациялоо борборлордон, балдар үйлөрдөн жана аз камсыз үй-бүлөлөрдөн келген 400дөй балдар чакырылган.

Ошондой эле, майрамга Кыргызстандын атактуу лыжа боюнча спортчулары атайын катышып берген. Алар кичинекей бөбөктөргө лыжа кийгенди үйрөтүп, спортко болгон биринчи кадамдарын тыштаганга жардам беришити.

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан спорт майрамына келген өспүрүмдөргө белектер ыйгарылган ыр-бийлери, «Эң сулуу Кар-киши», «Чебер аткыч» конкурстары жана бардык катышуучуларга ысык тамак уюштурулган.