Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов Бишкек шаарынын Свердлов районунун N26, N27 и N28 кварталдарында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөттү.

Бардыгы болуп депутаттын өз каражатынан “Бакай-Ата” жаңы конушунда жана эски автобекеттин районунда жашаган 100 үй-бүлөгө азык-түлүк пакеттери даректүү түрдө жеткирилип берилди.