Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бардыгыңыздарды Орозо айынын башталышы менен Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм.

Орозо айы диний тазалануунун, тынчтыкты, эл аралык достукту жана тилектештикти сактоого өбөлгө түзө турган ыйык айлардын бири. Бардык мусулмандарга, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын ден-соолук, бакубат жашоо жана аманчылык каалайм.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндөрдө биздин өлкө, жалпы дүйнө жүзүндөй быйылкы Орозо айын өзгөчө кырдаал учуруна тосуп жатат. Ошол себептен, жамаатты Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сунуштарын аткарууга, илдетке каршы күрөштө биримдик менен жоопкерчилик көрсөтүүгө чакырам.

Ыйык Орозо айы жалпыбызды мээримдүүлүккө, боорукерликке, жана кайрымдуулукка чакырып келет.

Биргеликте, бири бирибизге колдоо көрсөтүү менен бул кыйынчылыктарды жеңебиз.