Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Канат Музуралиевдин демилгеси менен инвесторлор жана аткаруучу бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда төмөндөгү суроолор талкууланды:

Биринчиси, көчөдөгү чырактарга күн энергиясын колдонгон панелдерди  орнотуу. Бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн, көчөлөрдүн бир тарабына панелдерди коюу боюнча сунуш киргизилди.

Экинчиси, таштандыларды кайра иштетип чыгуу заводун куруу боюнча маселе талкууланды. Катуу калдыктарды сорттоп, кийин кайра био-дизельге айландыруу үчүн, таштандыларды кайра иштетип чыгаруучу заводун куруу боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуу Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Канат Музуралиевдин, Лондондон келген эксперт Арлан Койчиевдин, Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуровдун жана «Бишкексвет» МИнин башчысы Алимбек Абдылдаевдин катышуусунда өттү.