Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

“Китеп-билим булагы” долбоорунун жеңүүчүлөрүн даярдаган мугалимдер Алмата шаарына эки күнгө экскурсияга барып келишти.

Бул долбоор Ленин районундагы мектептердин окуучулары арасында өткөрүлүп, анын жеңүүчүлөрү баалуу белектерге ээ болушкан. Мындан тышкары, жеңүүчүлөрдү даярдаган мугалимдерге дагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты-Аскарбек Күрүчбеков Алмата шаарына жолдомо тартуулаган.

Мугалимдер “Китеп-билим булагы” долбоорунун демилгечиси Аскарбек Күрүчбековго терең ыраазычылык билдиришти. Депутат менен болгон жолугушууда экскурсиядагы эскерүүлөрү менен бөлүшүшүп, депутатка эстеликке белек тартуулашты.

Мугалимдер Алмата шаарында эки күн жүрүшүп, Алматадагы чоң зоопаркта, М.Горький атындагы сейил бакта, Нурлы–Тау айнек шаарчасында (стеклянный город), Көк-Дөбө понарамалык дөбөдө болуп, сүрөткө түшүп, күн көңүлдүү өттү. Мындан сырткары Алмата шаарынын борборуна барып, сейилдеп, “Белка” арт эстелигин көрштү. Кечки тамактан кийин конок үйүндө отуруп ыр кесе уюштурулуп, жаңы жылдык куттуктоолор болду.

Мындан тышкары “Биринчи Президенттин саябагына” барып, андан кийин Медеого, фуникулер менен “Шымбулак” курорттук жайына,  Борбордук мечитке барышты. Мугалимдер бири-бири менен жакындан таанышып, баарлашып, эс алууларын көңүлдүү өткөрүп келишти.