Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2020-жылдын 14-январында Бишкек шаардык кеңештин кезектеги XXVIII сессиясынын жумушун улантып, анын жүрүшүндө бардыгы болуп 26 маселе каралып, бир нече токтомдор кабыл алынды.

Алар:

- Бишкек шаарынын борбордук аймагын деталдык пландаштыруу долбоорун бекитүү жөнүндө;

- биринчи жолу, Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинде бекитилген мөөнөткө ылайык, Бишкек шаарынын 2020-жылга болгон бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу бекитилди;

- Бишкек шаардык кеңештин 1995-жылдан 2019-жылга чейин кабыл алынган токтомдору боюнча инвентаризация иштери жүргүзүлүп, Бишкек шаардык кеңештин кээ бир токтомдорун күчүн жоготуу деп табуу жөнүндө бир нече токтомдор кабыл алынды;

- Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы бекитилди;

- автобустарды сатып алууну жактыруу жөнүндө токтом кабыл алынды;

- жер маселелерин жөнгө салуу боюнча жоболорду бекитүү боюнча бир нече токтомдор кабыл алынды (жер участокторунун чек араларын (конфигурациясын) алмаштыруунун тартиби жөнүндө, кошумча жер участокторун берүү тартиби жөнүндө, көп батирлүү турак үйлөрдү куруу үчүн мурда ижарага берилген жер участокторуна менчик укуктарын сатуу жөнүндө, жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө макулдук берүү тартиби жөнүндө, жер участокторун мөөнөттүү пайдаланууга берүү )