Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Прокуратура кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешти. Бул ведомствонун түзүлгөн күнүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын көзөмөлдөө органынын кызматкерлери чогулган Бишкек шаардык прокуратурасынын имаратында өттү.

Иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов, Регламент, этика, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бактыбек Абдиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов, Бишкек шаарынын прокурору Бекмаматов Темирбек, ИИББсынын начальниги жана башка чакырылгандар катышты.

Көзөмөлдөө ведомствонун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шаардык парламенттин сыйлыктарын тапшырды. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө, прокуратуранын иши татыктуу сыйга, авторитетке, ыраазычылык билдирүүгө ээ экендигин жана мыйзамдын ишенимдүү сакчыларынын мындан аркы ардактуу наамы аларга жаңы күч берүүсүн белгиледи.