Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Отурумда комиссиянын мүчөлөрү, Бишкек шаардык кеӊештин, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын көзөмөлүндө турган токтомдордун аткарылышы тууралу маселени карашты.

Депутаттар Бишкек шаардык кеӊештин “Бишкек шаарынын 2019-жылдын бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү” боюнча токтомунун долбоорун карашты.
Жогорудагы маселе боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда  Бишкек шаарынын финансы башкармалыгынын начальниги Аманбаев У.М. кеңири маалымат берди.
Жүргүзүлгөн талкуунун натыйжасында комиссиянын мүчөлөрү жогорудагы маселени шаардык кеӊештин сессиясына киргизүү ой-пикирине келишти.
Комиссия мүчөлөрү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилген Бишкек шаарынын 2020-жылга бюджетинин долбоорун кароо боюнча иш графигин бекитишти.
Депутаттар жарандардын кайрылууларын жана каттарды кароонун жыйынтыгында бир нече тапшырмалар жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.