Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Депутаттар тапшырмалардын өз убагында аткарылбагандыгын, маселелер боюнча толук эмес маалымат берилип жаткандыгын, ошондой эле, депутаттык суроо-талаптар, кайрылуу каттар жана тапшырмалар боюнча аткаруучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

Андан ары, “Бишкекнаабайкана” МИсинин директору Марат Жумабаевдин наабайкананын иши, нан сатуудагы көйгөйлөр жана ишкананын кирешелүүлүгү (рентабелдүүлүгү) жөнүндө маалыматы угулду.

Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча, депутаттар тарабынан муниципалдык ишкананын өнүгүү жолдорун иштеп чыгуу жана туруктуу комиссиянын кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди. Кылдаттык менен изилдөө жана наабайкананын иши менен таанышуу максатында, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жакын арада “Бишкекнаабайкана” МИсине баруу сунушталды.

Ар түрдүү маселелер бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМинин ЖКККББсынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Осмонкул/Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жолчырак (светофор) орнотуу маселеси боюнча жашоочулардын кайрылуу каты каралып, бир жумалык мөөнөттө көрсөтүлгөн аймакка барып, жолчырак (светофор) орнотуу зарылдыгын иликтөө маселеси тапшырылды.