Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2019 - жылдын 1-ноябрында Бактыбек Абдиевдин төрагалыгында Бишкек шаардык кеңештин регламент, этика, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп отту.

Комиссиянын отурумунда Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал, абанын булганышы, полиэтилен пакеттер боюнча маалыматы угулду.

Бул маалыматты Бишкек ш. мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын бышчысы Керимбай Чойбеков берди. Ал, инспекциянын Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси менен ылайык чон жумушун белгиледи. Комиссия  Санитардык-экологиялык инспекциясынына Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү өтүнгөн.  Комиссия тарабынан бул суроону шаардык кеңештин кезектеги сессиясында кароо тууралуу чечим кабыл алынган.

Ошондой эле, Бишкек ш. мэриясынын “Бишкексвет” МИсинин 2018-жылда аткарылган иштер тууралуу отчету угулган. “Бишкексвет” МИсинин башчысы ишкананын 2018-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу жана келерки жылга карата пландар жөнүндө отчет берди.