Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын депутаты Наталья Кулматованын атына А. Торунлу жаранынын атынан түшкөн арызынын негизинде комиссиялык көчмө жыйын уюштурулган.

Арызда А. Торунлу, ОсОО “Памир строй” курулуш компаниясы салып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуштун жүрүүсүндө келип чыккан бузуулар жөнүндө айтып, айтылган бузууларга чара көрүүнү суранган.

Көчмө жыйын Наталья Кулматованын, Бишкек шаарынын вице-мэри Улан Абылгазиевдин, “Бишкекбашкыархитектра” МИнин, Бишкек шаардындагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Биринчи май районунун административдик башкармалыгынын, ОсОО “Памир строй” курулуш компаниясынын өкүлдөрүнүн жана арыз ээсинин катышуусу менен өттү. Айта кетсек, келген кызматтардын өкүлдөрүнүн колунда тийиштүү маалымат документтер болгон эмес.

Жыйындын жүрүшүндө, төмөнкүлөр:
- ОсОО “Памир строй” тарабынан курулуш иштерин жүргүзүүдө А. Торунлунун дубалын бузуп салгандыгы;
- көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери А. Торунлунун жер участкасы менен чектелип, арыз ээсинин макулдугу жок салынып башталгандыгы;
- өрт пайда болгон учурларга, өрт өчүрүүчү автоунаалары өтө турган жолдору каралаган эместиги белгиленди.

Комиссиялык жыйындын негизинде, тийиштүү кызматтарга жана вице-мэр Улан Абылгазиевге курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун мыйзамдуулугун карап чыгуу жана шаар куруу, архитектуралык нормаларынын канчалык деңгээлде сакталып жаткандыгы жөнүндө маалымат берүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.