Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Отурумда кийинки суроолор каралып чыкты:

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2018-жылында жүргүзгөн иштери тууралуу жана 2019-жылга болгон перспективалар жөнүндө маалыматы. Маалыматты Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кулуев Мадияр айтып берди. Кылмыштардын ачылышы, Кылмыштардын алдын алуу чаралары боюнча маалыматты окууду.

РИИБнин өздүк курамы тууралуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин деңгээлин жогорулатуу боюнча жана туруктуу окутуу иштери болуп жатканы айтылды. Мындан тышкары, каражаттардын жетишсиздигиге байланыштуу  отурган жерлерин ремонт кылуу, жарыктандыруу, конвой үчүн автомашина алуу РИИБнин ишинде актуалдуу көйгөйлөрүн аныктады.

Бишкек шаарындагы жол тилкелериндеги жөөлөр учүн чийиндерди жана жол белгилерин орнотуу боюнча Бишкек шаарынын БИИБине кайрылуу каты. Бул маселе боюнча комиссиянын отурумунда Бишкек шаарынын БИИБ ЖКККББ жол көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Чалыбаев Мирлан болду. Шаар ичиндеги жол кыймылын жөнгө салуу үчүн Бишкек шаардык БИИБ шаардын кээ бир жол тилкелериндеги жөөлөр учүн чийиндерди жана жол белгилерин орнотуу боюнча Бишкек шаардык кеңештен көмөктөшүүнү сурайт.

Комиссиянын отурумунда жаш өспүрүмдөрдү коргоо үчүн комиссия мүчөсү Валентина Лисниченко тарабынан оюн клубдарынын ишмердүүлүгүн кароо жана БИИМ өкүлдөрү менен биргеликте комиссиянын көчмө отурумун уюштуруу сунушталган.