Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бул иш чаранын максаты Кыргыз Республикасындагы жашылдандырууну коргоо, сактоо жана өркүндөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун жана аларды сактап калуунун актуалдуулугу болуп саналат. Бул демилгени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсулуу Мамашева көтөрүп чыкты.

Иш чарага БШКнын экс-депутаты, профессор, эколог Эмиль Шукуров, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишкансынын башчысы Эльнура Джолдошева, юрист Гульнара Каликова жана башкалар чакырылган.

Тегерек столдун биринчи жарымында, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чейчебаев, Гидрометрология боюнча агенттигинин адиси Людмила Нишанбаева жана «МувГрин» коомдук уюмунун өкүлү Мария Колесникова жашылдандыруунун экологиялык коопсуздукка жана элдин ден-соолугуна берген таасири жөнүндө маалымат тартуулашты.

Тегерек столдун экинчи бөлүгүндө, азыркы убакытта өлкөбүздүн жарандарынын ден-соолугун жана жашыл аймактарды сактап калууда, тийиштүү мыйзамдын иштелип чыгуусунун актуалдуулугу жөнүндө талкуу жүрдү. Бул маселе боюнча жыйынга келген эксперттер, юристтер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү өз ойлору менен бөлүшүштү.

Тегерек столдун жыйынтыгында Кыргызстандагы жашылдандырууну коргоо жана сактоо жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик группанын курамы түзүлдү.