Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, И. Абдраимов атындагы авиация институтунда Советтер союзунун батыры, учкуч Пасько Евдокия Борисовнанын 100 жылдык юбилейине карата өткөрүлгөн эскерүү митингде катышты.

Були иш-чара авиация институтунун курсанттары жана кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, иш-чарага Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери, Бишкек шаары боюнча куралдуу күчтөрдүн, ички иштер органдарынын ардагерлеринин жана эмгекчилдердин советинин төрагасы Эсенаман Тойгонбаев катышты.

“Тынчтык үчүн жанын аябай, эрдик кылган ардагерлерибизди, биз ар дайым эскерип, эч качан унутпашыбыз керек! Мен ишенем, биздин баатырларыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт!
Мамлекетибиздин тарыхын, жеңишин чоң-ата, чоң- апаларыбыздын эрдигин келечек муунга жеткирүү биздин милдетибиз”.