Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

25-январда Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Жаныбек Абиров Ленинград блокадасы курчоодон бошотулганынын 75 жылдыгына карата эскерүү-митингине катышты жана Анна Алексеевна Кутановага Бишкек шаардык кеңештин “Патриот” төш-белгисин тапшырды.

1943-жылдын 18-январында Ленинград блокадасы курчоодон бошотулган. Курчоодо калган Ленинград шаарынан 16 миӊден ашык адам, анын ичинен 3,5 бала Кыргызстанга эвакуацияланган.

Иш-чарага Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, Ленинградда курчоодо калгандар, туугандары жана жакындары, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Андрей Крутько, шаардын вице-мэри Асель Куламбаева, Октябрь районунун башчысы Ренат Айтымбетов, Бишкек шаардын тургундары жана мектеп окуучулары катышты.

Гүлчамбар коюу аземинен кийин Ленинградды бошотуу убагында каза болгондорду бир мүнөттүк унчукпай эскерүү болду.

Жаныбек Абиров сөзүнүн соңунда Анна Кутанованы туулган күнү менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалоо менен бирге Бишкек шаардык кенештин “Патрион” төш белгисин тапшырды.

Бүгүнкү күндө Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун 148 ардагери жашайт, анын ичинде 11-и Ленинградда курчоодо калгандар.