Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, Чынгыз Жумалиевдин төрагалыгы алдында жана БШКнын төрагасы Жаныбек Абировдун катышуусу менен өткөн Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Октябрь районундагы бүтпөй калган оңдоп-түзөө жумуштары жөнүндө маалымат угулду.

Отурумга Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дюшембиев, «Бишкекасфальткызмат» МИнин башчысы Мирлан Амантуров, шаар кызматтардын башчылары жана «Чу-Прокси» ЖЧКнын, «Империя групп», «Жамалгай» ККнын подряддык уюмдардын жетекчилери чакырылган.

Биринчи маселеде Бишкек шаарында жайгашкан кооперативдик гараждар жана карьерлер жөнүндө маалымат угулду. Талкуулоодо 11-и жана 12-кичирайондордун ортосундагы аймакта жайгашкан карьер боюнча маселе көтөрүлдү.

Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дюшембиевге айтылган карьерди мындан ары эксплуатациялоо боюнча маселени изилдеп көрүү жана ижарага алуу мөөнөтүн узартпоо боюнча протоколдук тапшырмасы берилди.

Экинчи маселеде, «Бишкекасфальтсерви» МИнин башчысы Мирлан Амантуровдун маалыматы угулду. Ал берген маалымат боюнча, 2018-жылы муниципалдык ишканананын аткарган жумушунун жыйынтыгында прокуратура органдарынын жардамы менен жол курууда куруу нормаларын жана эрежелерин бузган подрядчы уюмдардан жергиликтүү бюджетке 5-6 млн.сом кайтарылган.

Чынгыз Жумалиев райондук администрациялардын башчыларына жол куруу иштеринин сезону башталгыча иретсиз соода жүргүзгөн жарандар менен алдын ала иштерин алып барууну сунуштады.

Бишкек шаардык кенештин депутаты Эльмирбек Досалиев бүгүнкү күндө подряддык уюмдарды тандап алуу иштери өткөрүлө электигин жана келечекте подряддык уюмдар тарабынан кытайлык грант боюнча жол куруу иштерин ишке ашырууда талап менен коюлган мөөнөттөрдү сактоосун контролго алуу жөнүндө баса белгилеп кетти.

Ɵз учурунда, Мирлан Амантуров комиссия мүчөлөрүнө 2019-жылдын 1-июнуна чейин жол куруу боюнча болгон бузууларды жойоруна убада берди.