Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, Бишкек шаарынын өнүгүүсү үчүн жашоочулар жана бийлик өкүлдөрү биргеликте иштөөсү керек экендигине терен ишенет.

Социалдык тармактардагы (Facebook, Instagramm) өз баракчаларында Жаныбек Абиров шаар тургундарын Бишкек шаардык кеңеш менен кызматташууга чакырды. Көрсөтүлгөн шилтемеде шаар тургундары шаардагын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү боюнча өз сунуштарын Бишкек шаардык кеңешке жөнөтүшсө болот.

Анын кайрылуусунда, «Сиз күн сайын шаардын көйгөйлөрү менен кездешсеңиз жана алардын чечүү жолдорун билсеңиз,"Бишкек шаарынын көйгөйлөрү жана сиздин сунушуңуз" атуу электрондук кайрылуу пилоттук долбооруна чыгарамын.», деп айтылган.

Бул долбоорго сунушуңузду жөнөтсөңүз, биргеликте ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болот. Электрондук кайрылууларды кабыл алуу 2019-жылдын 1-февралында аяктайт.