Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаӊы жылдын келишине 5 эле күн калды. Ошого жараша Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары кичинекей шаар тургундарына жана ата-энелерине майрамдык маанай тартуулап, белектерди берүүнү токтото элек.

Бүгүн, БШК депутаты Сиябек Абдрахманов Октябрь районунун «Кара-Жыгач», «Алтын-Ордо», «Кок-Жар» жаны конуштарынын жана «Тунгуч» кичи районунун балдарына майрамдык маанай тартуулады.

«Таберик» балдар театрынын жаӊы жылдык программасынан улам кичинекей балдар майрамдык маанайга бөлөнүштү.
Сиябек Абдрахманов кичинекей конокторду кирип келе жаткан жаӊы жыл менен куттуктап, ар бирине белектерди берүү менен алардын үй-бүлөсүнө ден соолук, бакубат жашоо жана бакыт-таалай каалады.