Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык кеӊештин депутаты Павел Десятников тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи май районунун балдарына жаӊы жылдык көрсөтүү тартууланды.

Жаӊы жылдык көрсөтүүгө 600дөн ашык бала чакырылган. Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында кичинекей шаардыктар үчүн “Белоснежка и жети гном” аттуу жомок тартууланып, ар бир балага белектер берилди.

Павел Десятников куттуктоо сөзүндө үй-бүлөдө баланы туура тарбиялоо маанилүү экенин айтып, балдар жана ата-энелерине үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалады.