Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

«КМШ мамлекеттеринин өнүгүшүнө туруктуу салым кошкону үчүн» Борбор жана ири шаарлар эл аралык ассамблеясынын эстелик төш белгиси менен сыйлоо аземи болуп өттү.

БШК төрагасы Жаныбек Абиров Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен биргеликте Бишкек шаарынын экс-мэри Медетбек Керимкуловго, Иса Өмүркуловго, Аскар Салымбековго, ошондой эле шаардын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери Апас Жумагуловго, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Марат Аманкуловго, БШК депутаты Лев Васильевге, Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Лариса Губинага төш белгилерин тапшырышты.

Бул инсандарды сыйлыктары менен куттуктап жатып, БШК төрагасы Жаныбек Абиров алардын эмгегине, кошкон салымына ыраазычылыгын билдирип, келе жаткан жаӊы жыл менен куттуктап өттү.

Борбор жана ири шаарлардын эл аралык ассамблеясы КМШ мамлекеттеринин борбор жана ири шаарларын гана бириктирген бирден бир уюм болуп эсептелет. Бишкек шаарынын мэриясы аталган уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири жана коммерциялык эмес коомдук бирикме — Борбор жана ири шаарлардын эл аралык ассамблеясынын 1998-жылдын 3-сентябрынан бери мүчөсү. Азыркы тапта БААнын мүчө жана байкоочулары КМШнын жети борбор жана 87 ири шаарлары кирет.