Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2018-жылдын 22-декабрында К.Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинде кош салтанаттуу мааракелери өттү.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана депутат Бактыбек Абдиев муниципалдык аймактык башкармалыктарды 10-жылдык юбилейлик датасы менен куттукташты. Алар, жергиликтүү өз-алдынча бийликтеги МАБдардын аткарган маанилүү ролун өзгөчө айтып кетишти. Бул маараке менен бирге, №16 муниципалдык аймактык башкармалыгы жана ушул эле аймактын тургундары тарабынан уюштурулган “Ыр-Кесе” музыкалык конкурсу болуп өттү.

Иш-чаранын багыты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, каада-салтын, үрп-адаттарын, маданиятын өркүндөтүү максатында, улуттар аралык достукту бекемдɵɵ болуп саналат.