Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2018-ж. 21-декабрында, Бишкек шаарынын ЖЭБдин кызматкерлерин Бишкек шаардык кеңештин атынан депутат Лев Васильев куттуктады.

Депутат үчүн бул майрам өзгөчө. Себеби, ал өзү кесиби боюнча энергетик жана ЖЭБдин түптөлүшүнүн башында туруп, дээрлик 30 жылдан ашык иштеген.

Лев Васильев өзгөчө жылуулук менен энергетиктери куттуктап, алардын кылган ишине ыраазычылыгын билдирди. «Бүгүнкү күнүмдүк турмушта электр энегиясыз жашоонуу элестетүүгө болбойт. Күндө эртең менен туруп, биз жошоообузга сиңип калган электр жарыгын жандырабыз, ондогон башка аспаптарды күйгүзөбүз. Ошол үчүн, энергетиктердин бул тармактагы кошкон салымы зор, аны биз баалап бүтө албайбыз».

Сөзүнүн аягында, Лев Васильев Бишкек ш. ЖЭБдин айрым кызматкерлерине Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарды тапшырып берди.