Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жумабек Салымбеков, БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана депутаттар Лев Васильев, Сиябек Абдурахманов менен Бишкек ш. ЖЭБинде көчмө отурумун өткөрдү.

Бул маселе акыркы убакта Бишкек шаарын калың каптаган түтүн жана анын тургундарга терс таасирин тийгизүүсү боюнча эл арасында чоң талкууга айлангандыгынан пайда болду. 
Комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбеков кышка болгон даярдыктар боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча суроолорду берди. Отурумда Бишкек ш. ЖЭБдин директору Андрей Воропаевдин жана Бишкек шаарынын тийиштүү вице мэрдин отчеттору угулду. 
КР Ɵкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги, Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын өкүлдөрү өз сунуштарын айтышты.
Андрей Воропаевдин айтымы боюнча, модернизациялоодо ЖЭБде типтүү газдарды тазалоодо эки тепкичтүү системалары орнотулган. Типтүү газдарды тазалоо системасы бир нече комплекстерден турат. ЖЭБдин от казандарын жагууда бөлүнүп чыккан катуу бөлүкчөлөрдүн 80% камераларда калып, бөлүнгөн газдар эки камерлүү 5 (беш) тепкичтүү электрфильтрларга жөнөтүлөт. Тазалоо эффектүүлүгү 99,9 % түзөт.
Түтүн 150 метрлик түтүктөн чыгат. Түтүн түтүгүн жогорулаткандан бери жерге жакын катмардагы зыяндуулуктун концентрациясы ылдыйлады.
Бишкек шаарынын ЖЭБинин модернизацияланган бөлүгүндө абадагы зыяндуулукту, анын курамын жана сапатын мониторинг кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Ал эми эски станциясында ЖЭБдин директору Андрей Воропаевдин айтуусу боюнча казан агрегаттарында фильтр орнотулган. Бул фильтрлердин түтүндөгү күлдү тазалоо деӊгээли 97-97% тузөт. Электр фильтрлеринин орточо ПАКы 2017-жылда 93% түздү.

2019-жылдын январында ЖЭБдин ишмердигинин кесепетинен абаны булгап жаткан заттарды баамдоо үчүн экологиялык экспертизаны өткөзүү боюнча шаардын ЖЭБи пландаштырып жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча Бишкек ЖЭБинин зыяндуулук үлүшү 14% түзөт. Абага болгон зыяндуулугу норманын чегинде.
Комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбеков абага болгон зыяндуулуктун 14% гана шаардын ЖЭБи бөлүп чыгарын белгиледи. Абага болгон зыяндуулуктун негизги бөлүгү эксплуатациялык убактысы өткөн авто транспорттон, сапатсыз КММ, жеке сектор жана ирээтсиз салынган турак-жайдын кесепетинен чыгат. Көйгөй бүгүн эле пайда болгон жок жана бул маселени мамлекеттик органдардын катышуусу менен гана комплекстүү чечүү керек. Бул жерде авто транспорттун техникалык акыбалын көзөмөлдөө жана үй шартында таштандыларды өртөбөө сыяктуу шаардыктардын жардамы жана катышуусу керек.
Жумабек Салымбеков ошондой эле бул маселени чечүүнүн реалдуу жолу — от катары газды колдонуу экенин белгиледи. Газдын күйүшүнөн абага болгон зыяндуулук кыйла эсе аз болгондуктан, газ менен иштөөгө өтүүнү сунуштап, жыйынтыктады.