Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Күн тартибине 6 негизги маселе кирди.

Туруктуу комиссияда Бишкек шаардык кеңештин кабыл алынган токтомдордун аткарылышы угулду жана токтомдордун долбоорлору талкууланды. Жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясына жана тийиштүү шаардык кызматтарга тапшырмалар берилип, «Ипподром Ак-Кула» МИге баруу пландалды. Чокморов көчөсүндө жайгашкан МАК «Бишкек эт-упаковка» комбинатынын бала-бакчасы боюнча маалымат берилди. Муниципалдык менчик Башкармалыгы, азыркы убакта менчик укугун каттоо боюнча иш-чаралары жүрүп жана келечекте бул имарат Ленин районунун билим берүү Башкармалыгына өткөрүлүп берилерин билдирди.

Ал эми, Нарвская,74 дарегинде жайгашкан бала бакчанын имараты, Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп бериле элек деп, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик Башкармалыгы маалымат берди.

Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, Бишкек шаарынын мэриясына БШКнын «Жер тилкелерди унаа тейлөө түйүндөрүн салууга берүүгө тыюу салынган мөөнөттү узартуу» боюнча Токтомгдун долбооруна өзгөчө маани берип, Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстарын башкаруу Башкармалыгына, Бишкекбашкыархитектурага Бишкек шаардык кеңеш тарабынан чечим кабыл алынмайынча, жер тилкелерин берүү боюнча маселени кароодон четтетүү сунушталды.