Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Мелдеш, Бишкек шаардык кеңеш тарабынан, Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган.

Бул иш чаранын катышуучулары бир максатты көздөп келет - кызматташтыкты чыңдоо жана спортко көңүл буруу.

Ош шаардык кеңештен келген делегация менен жолугушуунун расмий бөлүгү, Бишкек шаардык кеңеште башталды. 

Катышуучулар конструктивдүү атмосферада эки шаар аралык кызматташтыктын бекемдөө жолдорун талкуулашты. Бишкек жана Ош ири шаарларынын өсүп-өнүгүшүн өрчүтүү жана алардагы стабилдүүлүктү сактоо механизмдерин ишке ашыруу боюнча ой-пикирлер  менен алмашышты. Бири-бирине белектерди тартуулап, салт боюнча, ОШКнын төрагасы БШКнын каалоо-тилек китебине өзүнүн каалоо-тилектерин калтырды.

Андан соң, «Газпром - балдарга» дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде күтүлгөн достук беттеши өтту. Мелдештин катышуучулары жана күйөрмандары кызыктуу оюнга күбө болушту. Эки шаардык кеңештин курама командалары оюндун акыркы секундасына чейин женишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.

Беттеш Бишкек шаардык кеңештин пайдасына бүттү.