Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2018-жылдын 5-декабрында Кыргыз-Түрк Манас университетинин маданий борборунда, Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн 3 айлыктын жыйынтыгы боюнча “Ɵткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз” аттуу салтанаттуу мааракеге Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов катышты.

Бул салтанаттуу мааракеге Бишкек шаарынын вице мэри А. Куламбаева, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы С. Мейрманова, КТУ “Манастын” биринчи проректору, профессор А. Кулмырзаев, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана кароо-сынактын жеңүүчүлөрү катышты.

Салтанат майрамдык маанайда өтүп, анда Ч.Айтматовдун чыгармалары чагылдырылган көргөзмө дагы уюштурулган. Тапшыруу аземинде кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө белектер ыйгарылды.

Мектеп окуучулар тарабынан улуттук аспаптары менен музыкалдык номерлер жана Ч. Айтматовдун чыгармаларынын үзүндүлөрүнөн театраштырылган постановкалар көргөзүлдү. 

Салтанаттуу аземде Кыргыз эл артисти Гульнур Сатылганова жана Гульжигит Калыков мыкты ырларын элге тартуулашты.