Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2017-жылы жана 2018-жылдын 9 айы үчүн Бишкек шаарынын саламаттык сактоо тутумун камсыздоо башкармалыгынын, борбордук муниципалитеттин Капиталдык курулуш башкармалыгынын отчеттору, ошондой эле Элебесов көчөсүндөгү жана «Ак-Тилек», «Дордой», «Энесай» конуштарында борбордук канализациянын курулушу боюнча жасаган иш жөнүндө отчету угулган Бишкек шаардык кеңештин «КСДП» фракциясынын отуруму болду.

Мэриянын тийиштүү кызматтарынын, Свердлов райондук администрациянын өкүлдөрү фракцияга борбордун конуштарындагы борбордук канализациянын курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматты беришти.

Элебесов көчөсүндөгү магистралдык тармактын жалпы узундугу — 2,1 км. Курулуш иштери аяктагандан кийин 456га жакын үй борбордук канализациялык тармакка кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Конуштар боюнча, азыркы убакта канализациялык тармакты куруу маселеси иштелип жатат. Курулуш иштери аяктагандан кийин 900гө жакын үй «Ак-Тилек» конушу жана «Энесай» конушунун 570 үйү борбордук канализациялык тармакка кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.