Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартип боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Адиса Имангазиева борбордун ИИББсынын жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкерлерин куттуктады.

Шаардык кеңештин депутаты бул кесиптин керектүүлүгүн жана маанилүүлүгүн белгиледи.

«Адам өмүрүн сактап калуудан, аларга жардам көрсөтүүдөн жана жашоонун кыйын учурунда колдоодон артык жакшы иш жок. Тынчтык убакта кылмыштуулук жана укуктук бузуулар мененкүрөшүүдө биз алдыңкы катардабыз” –деди Адиса Имангазиева.

Башкармалыктын бир топ кызматкерлери Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарын алышты.