Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбековдун жетекчилиги астында шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун, комиссиянын мүчөлөрү Базарбек Абдраевдин, Сайдахмат Исмаиловдун, Бактыбек Абдиевдин жана Сиябек Абдурахмановдун катышуусу менен болду.

Комиссиянын ишине борбордун вице-мэрлери жана борбордук муниципалитеттин тийиштүү кызматтарынын жетекчилери чакырылды.

Отурумдун жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү «Энесай» жана «Дордой» конуштарынын канализациялык тармактары боюнча маселелерди карашты.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча депутаттар бийликтин аткаруу органына «Энесай» конушуна борбордук канализациянын курулушу үчүн каражат табуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Бишкекглавархитектурага жана Свердлов райондук администрацияга «Дордой» конушунда канализациялык соргуч станция үчүн орун аныктоону тапшырды.