Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү, коомдук тартипти камсыздоодо укук коргоо системасын өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын кылмыш-аткаруу укугу жана криминология кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, эс алуудагы милициянын полковниги Сабырбек Турусбеков, Кыргыз Республикасынын ИИМнын ИИБсынын тергөө кызматынын улуг тергөөчүсү Нурсултан Акуналиев жана “Патроиот” белгиси менен борбордун Свердлов районунун №7 МШБсынын начальниги, милициянын капитаны Жакшылык Алиев сыйланышты.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров сыйлангандарды куттуктап, аларга чың ден соолук, ачык маанай каалады.