Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Төрага Канатбек Музуралиев баштаган Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын тобу “Жал” кичирайонунда жайгашкан орто билим берүүчү  кытай тилин окуткан жаңы мектептин курулушу менен таанышып келишти.

Билим берүү мекемесинин долбоордук кубаттуулугу 660 орунду түзөт. Мектептин имараты үч блоктон турат: эки эки кабаттуу жана бир үч кабаттуу. Имараттын жалпы аянты 6000 квадрат метрди түзөт. Мектепте 200 орундук жыйындар залы, 751 квадрат метрлик спорттук зал, техника менен жабдылган 2 компьютердик зал, ашкана жана заманбап класстар бар. Таза абада машыгуу үчүн футбол аянты каралган.

Орто мектепти куруу үчүн 2,44 га аянтындагы жер участогу бөлүнгөн.

Мектеп биринчи окуучуларын жаңы окуу жылында кабыл алаары пландалууда.

Жалпы билим берүүчү орто мектеп 546 млн. сом өлчөмүндөгү кытай гратынын каражатына салынган, анын 7 млн. сому шаардык бюджеттен бөлүнгөн.