Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2014-жылдын 15-январында Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз IXсессиясы  болуп өттү. Күн тартибине борбор калаанын мэрин шайлоо маселеси коюлган.

Талапкер болуп Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясы тарабынан сунушталган жана көпчүлүк коалициясы тарабынан колдоого ээ болгон  Кубанычбек Кулматов чыкты. 

Кыргыз Республикасынын “Борбор калаанын макамы жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесинин 4,5-пункттарына ылайык шайлоо жабык өтөт. Шайлоого Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси катышышы шарт. Жеңген болуп Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын жартысынан көбүн топтогон талапкер эсептелет.

Мэрликке талапкер  Кубанычбек Кулматов депутаттардын алдында өз программасы жөнүндө атйып берип, алардын сороолоруна жооп берди. Андан соң жабык добуш берүү жүргүзүлүп, ага 43 депутат катышты.   43 депутаттын ичинен 41инин добушу - Кулматов үчүн берилип, эки бюллетень Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жараксыз деп табылды.

Жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэри болуп Кубанычбек Кулматов шайланды.

Кошумчалай кетсек, шайлоону ачык жана мыйзамдуу өткөрүү максатында Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз  IX сессиясы интернеттен Бишкек шаардык кеңешинин www//gorkenesh.kgсайтында түз берилип турду.