Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.

Мугалим бул кесип эмес, мугалим шык, милдет. Балдар сүйгөн инсан болуу, мектеп партасында отурганда абдан кунт коюп угуу, урмат-сый, ыраазычылык менен эскере турган адам болуу мүмкүнчүлүгү ар бир эле адамга бериле бербейт.

Сиздер балдарды илимге гана үйрөтпөстөн, руханий жана адеп-ахлактык башталышын алып жүрүүчүлөрсүздөр. Сиздер өлкөнүн келечеги болгон жаш муундарды тарбиялап өзгөчө жарандык миссияны аткарып жатасыздар.

Мектеп окуучуларын тарбиялоодо, алардын инсан катары калыптанышына, турмуштук принциптерин жана көз караштарын, адамдык сапаттарын калыптандырууда кошкон салымыңызды баалоо кыйын.

Сиздин эмгегиңиздер мүмкүн болушунча көбүрөөк кубаныч алып келсин жана татыктуу баалансын.

Сиздердин чексиз чыдамкайлыгыңар, кесибиңерге болгон сүйүүңүздөр окуучуларыңыздын жүрөгүндө жаңырып, өсүп келе жаткан муунга татыктуу үлгү болоруна терең ишенем.

Жогорку кесипкөйлүк, ак ниет эмгек, ишке болгон берилгендик үчүн ыраазычылык билдирем.

Урматтуу мугалимдер, сиздерге асыл ишиңиздерге ийгиликтерди, акылдуу жана зээндүү окуучуларды каалайм, сиздерди өздөрүнүн жогорку жетишкендиктери жана ийгиликтери менен кубантсын, чың ден соолук, бакубат жашоо, иштериңизге ийгилик каалайм.

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясынын күнүн жана убактысын 2023-жылдын 5-октябрына саат 09-00 го белгиледи.

Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында Президиумдун отуруму өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары катышты.

Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.