Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы  №2 токтому тарабынан бекитилген.

 
Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын “28” декабрынын №2  токтомуна тиркеме
 
Бишкек шаардык кеңештин
РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Бул Регламентте колдонулуучу терминдер
2-глава. Жалпы жоболор
3-глава. Шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы
4-глава. Шаардык кеңештин жетекчилиги
    § 1. Шаардык кеңештин төрагасы
    § 2. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары
5-глава. Шаардык кеңештин туруктуу, убактылуу жана жумушчу   комиссиялары
6-глава. Шаардык кеңештин президиуму
II БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ФРАКЦИЯЛАРЫ
7-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
8-глава. Депутаттык фракциянын иши
9-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилелери
III БӨЛҮК.ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
10-глава. Шаардык кеңештин сессиясын даярдоо жана өткөрүү тартиби
11-глава. Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби
        § 1. Добуш берүү жол-жобосу боюнча жалпы жоболор
        § 2. Ачык добуш берүү
       § 3. Жашыруун добуш берүү
        § 4. Атын атап добуш берүү
12-глава. Шаардык кеңештин жыйындарына катышкандардын тартиби жана этикасы
 
IV БӨЛҮК.ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШ-АРАКЕТИ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН КИРГИЗҮҮ, КАРОО ЖАНА КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ.
13-глава. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
    § 1. Ченем жаратуу иш-аракеттин жалпы принциптери
   § 2. Токтомдун текстине жана жол-жоболоштурулушуна карата жалпы талаптар
    § 3. Токтомдун түзүмдүк элементтери
    § 4. Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана анын күчүн жоготту деп табуу тартиби
14- глава. Шаардык кеңешке токтомдордун долбоорлорун киргизүү
15-глава. Шаардык кеңештин токтомдорун кабыл алуу
16-глава. Кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштуруу тартиби
17-глава. Үстүбүздөгү жылга Бишкек шаарынын бюджетин кароо жана кабыл алуу жана анын аткарылышы жөнүндө отчётун угуу өзгөчөлүгү
    § 1. Бишкек шаарынын бюджетин киргизүү жана бекитүү тартиби
18-глава. Токтомдордун аткарылышына контроль
19-глава. Шаардык кеңештин сессияларынын, президиумунун жана башка органдарынын жыйындарынын протоколу
 
V БӨЛҮК.ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ ТАРТИБИ
20- глава. Шаардык кеңештин ишин пландоо.
21-глава. Депутаттык угууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби
22- глава. Мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу тартиби
23-глава. Бишкек шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө тартиби
24-глава. Шаардык кеңеш тарабынан контролдук ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби. Контролдук депутаттык ыйгарым укуктар
25- глава. Депутаттын жардамчылары
26- глава. Эл аралык кызматташуу
 
 
VI БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АППАРАТЫ
27-глава. Шаардык кеңештин аппаратынын иши
28-глава. Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси
29- глава. Шаардык кеңештин аппаратынын иши
30-глава. Шаардык кеңештин регламентин сактоого контролду жүзөгө
         ашыруу тартиби жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралар
  Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарынын, жергиликтүү кеңештердин иш-аракетин, иш-кагаздарды жүргүзүүнү уюштуруу, муниципалдык кызматта болууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан.
I Бөлүк. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШ-АРАКЕТИНИН НЕГИЗДЕРИ.
1- глава. Бул регламентте колдонулуучу терминдер.
 
1.     Бул Регламенттеги төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниге ээ:
  шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын базасы – шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана катталган ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдордун жыйнагы;
  компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы;
  кызыкчылыктардын кагылышуусу - аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктарынын коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар менен каршы келген кырдаал;
  ченемдик укуктук актынын долбоорунун лингвистикалык экспертизасы - юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстинин заманбап кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине ылайыктуулугун баалоо жана грамматикалык, синтаксистик, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталыктарды жана терминдерди колдонуудагы каталыктарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү;
  ченемдик укуктук акт - шаардык кеңештин компетенциясынын чегинде укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ;
  ченем жаратуу иш-аракети - токтомдорду даярдоо, экспертизалоо, кабыл алуу (чыгаруу), өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө, алардын колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери;
 ченем жаратуу техникасы - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо эрежелеринин системасы;
ыйгарым укуктар - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди аткарууга багытталган белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;
жыйындын протоколу – жыйындын жүрүүсүндө жүргүзүлгөн жазуулардын, берилген баяндамалардын, чыгып сүйлөөлөрдүн, маалымкаттардын тезистерин, чечимдердин долбоорлорунун негизинде түзүлгөн документ;
протоколдук чечим, тапшырма – сессиянын, Президиумдун жыйындарын алып баруусунун жүрүшүндө ал боюнча токтом кабыл алынбоочу шаардык кеңештин чечими, тапшырмасы;
фракция – депутаттык фракция – бир саясий партиядан тизме боюнча шайланган шаардык кеңештин депутаттарынын бирикмеси;
 экспертиза - эксперттердин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын колдонулуучу мыйзамдарынын талаптарына ылайыктыгын талдоо жана баалоо жүргүзүү боюнча иш-аракети.
  Бул Регламентте колдонулуучу, бирок бул главада камтылбаган терминдер, алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык колдонулат.
  2- глава. Жалпы жоболор
 
2.        Бишкек шаардык кеңеш – мыйзам тарабынан белгиленген тартипте шаардык жамаат тарабынан түздөн-түз шайлануучу жана өз иш-аракетин коллегиалдуу негизде жүзөгө ашыруучу, шаардык өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органы.
 Пропорционалдык системасы боюнча 4 жылдык мөөнөткө шайлануучу 45 депутаттан турат.
3.    Шаардык кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счёту, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, өзүнүн атынан сатып ала алат жана мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.         Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамына кирген анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, алардын аткарылышына контролду жүргүзөт.
4.    Шаардык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды шаардык кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун анын ишин уюштурууну аныктайт.
5.    Сессия – шаардык кеңештин жогорку органы болуп саналат. Шаардык кеңештин сессиясы 1-сентябрдан 1-июлга чейин өткөрүлөт. 1-июлдан 1-сентябрга чейинки мезгил депутаттык каникул болуп жарыяланат. Сессиянын чечими боюнча депутаттык каникул жокко чыгарылышы мүмкүн.
6.    Сессиянын, Президиумдун, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, шаардык кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар шаардык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
7.    Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, саясий көп түрдүүлүк, көп партиялуулук, объективдүүлүк, маселелерди эркин талдоо жана депутаттар тарабынан чечимдерди кабыл алуу принциптерине негизделет.
  Сессияга катышуу үчүн сессияга киргизилген маселелерди кароого кызыккан жактар чакырылат.
  Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт.
8.    Депутаттардын ыйгарым укуктары төмөнкү кызматтар менен айкалыштырууга болбойт:
а) мэр жана вице-мэр, айыл өкмөттүн башчысы жана орун басары;
б) муниципалдык кызматкер;
в) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (мындан ары – Жогорку Кенеш);
г) Өкмөттүн мүчөсү же мамлекеттик кызматкер.
9.     Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердикке байланышпаган максаттарда пайдалана албайт.
10.   Шаардык кеңештин депутаты менчиктин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин, уюмдун администрациясынын демилгеси боюнча (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурлардан тышкары) иштен бошотулбайт, ошондой эле шаардык кеңеш менен алдын- ала макулдашпастан, тартип жазасы катары төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулбайт.
3-глава. Шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы
11.   Өткөн чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштагы биринчи сессиясы ачылган же шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурдан тартып токтотулат.
12.   Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы өткөн чакырылыштагы кеңештин төрагасы тарабынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кеч эмес чакырылат.
Шаардык кеңештин биринчи сессиясын жашы боюнча улуу депутат ачат жана шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин алып барат.
13. Биринчи сессияны даярдоону шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт.
14.   Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо, фракцияларды каттоо жана алардын лидерлерин аныктоо, туруктуу комиссиялардын тизмегин, алардын курамын жана төрагаларын бекитүү жөнүндө жана башка кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет.
15.   Төрага шайлангандыгы жөнүндө токтомго сессияда төрагалык кылуучусу кол коёт.
Мындан ары бардык кабыл алынган токтомго жана протоколго жаңы шайланган төрага кол коёт.
4-глава. Шаардык кеңештин жетекчилиги
§ 1. Шаардык кеңештин төрагасы.
 
16.   Шаардык кеңештин төрагасы сессияда шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын депутаттарынын ичинен жашыруун добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.
17.   Шаардык кеңештин төрагасы кызматына талапкер шаардык кеңештин депутаттарынын алдында өзүнүн программасы менен чыгып сүйлөйт жана алардын суроолоруна жооп берет.
Ага чыгып сүйлөөгө 7 минутага чейин, суроолорго жооп берүүгө 12 минутага чейин жана жыйынтыктап чыгып сүйлөөгө 3 минутага чейин убакыт берилет.
18.   Шаардык кеңештин төрагалык кызмат ордуна талапкерди жактап же ага каршы чыгып сүйлөөгө 3 минутага чейин убакыт берилет.
19.   Шаардык кеңештин төрагалык кызматына талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге анын талапкерлигин киргизгенге чейин баш тарта алат. Баш тартуу добуш берүүсүз кабыл алынат.
20.   Талкуулоо токтогондон кийин эсептик комиссия шаардык кеңештин төрагалык кызматына талапкерлердин фамилиясын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
21.   Эгерде талапкер депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш ала албаса, жаңы көрсөтүү жүргүзүлөт.
22.    Бюллетенге добуш берүү үчүн киргизилген жана депутаттардын жалпы санынан добуштун тийиштүү көпчүлүгүн ала албаган депутаттар, бул сессиядагы шайлоого талапкерлигин кайта көрсөтүүгө жол берилбейт.
23.   Шаардык кеңештин төрагасынын шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
24.   Шаардык кеңештин төрагасы туруктуу негизде саясий муниципалдык кызматты ээлейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишмердиктен тышкары, башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укугу жок.
25.    Шаардык кеңештин төрагасы:
·   шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана алып барат;
·  шаардык кеңештин сессиясын даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилүүчү маселелердин даярдыгын контролдойт;
·  шаардык кеңештин токтомдоруна кол коёт жана алардын аткарылышына контролду ишке ашырат;
·  шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
·  шаардык кеңештин аппаратынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
·  шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагалары тарабынан алардын кызматтык милдеттеринин аткарылышын контролдойт;
·  фракцияларга (депутаттарга) өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, жарандарды кабыл алууда, шайлоочулар алдында отчёт берүүдө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарынын жана милдеттерин ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди карайт;
·  шаардык кеңештин жана анын органдарынын иши жөнүндө айкындуулукту камсыз кылат;
·  шаардык кеңешти мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз ара башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мамиледе көрсөтөт;
·  шаардык кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүүсүн уюштурат;
·  шаардык кеңештин аппараты, бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
·  шаардык кеңештин депутаттарынын жана аппарат кызматкерлеринин иш сапарлары тууралуу, сессиянын кароосуна материалдарды даярдоо үчүн жумушчу топторду жана комиссияларды түзүү маселелери боюнча жана ошондой эле өз компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат;
·  Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык, шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин көрсөтүүсү боюнча шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
·  шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдар сметасына ылайык шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;
·  шаардык кеңештин жана анын органдарынын, депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин аброюн жана кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт;
·  шаардык кеңештин карамагында турган жайларды, курулмаларды, жабдууларды, транспортту жана ошондой эле аймактарды пайдаланууну контролдойт;
·  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылат.
§ 2. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары
26.   Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.
Шаардык кеңештин фракциялары шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кызматына талапкерди көрсөтүү укугуна ээ.
27. Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына талапкер депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосун ала албаса, анда жаңы талкуулоо жана добуш берүү жүргүзүлө турган жаңы талапкерди көрсөтүү жүргүзүлөт.
28. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу негизде саясий муниципалдык кызматты ээлейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишмердиктен тышкары башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укугу жок.
29. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
30. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары:
·   Төрага жок болгон учурда анын функцияларын аткарат;
·      фракциялар, туруктуу комиссиялар менен өз ара аракеттенишүүнү жүзөгө ашырат;
·      шаардык кеңештин эл аралык уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенишүүсүн жүзөгө ашырат;
·       төраганын тапшырмасы боюнча шаардык кеңештин сессиясын алып барат;
·       шаардык кеңештин төрагасынын башка тапшырмаларын аткарат.
31. Шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын суранычы боюнча, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга мүмкүн болбогон жагдайларга байланыштуу, шаардык кеңеш тарабынан шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. 
Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынат.
32. Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда, шаардык кеңештин төрагасы же шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары тарабынан белгиленген мөөнөттө өз ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
33. Шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары жашыруун добуш берүү менен өз кызматтарынан чакырылып алынышы мүмкүн. Аларды чакырып алуу жөнүндө маселени депутаттардын үчтөн биринин же фракциянын демилгеси менен киргизилиши мүмкүн.
34. Шаардык кеңештин төрагасын чакырып алуу жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берсе кабыл алынды болуп эсептелинет. Шаардык кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын чакырып алуу боюнча жашыруун добуш берүү бул Регламент тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
35. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын чакырып алуу жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе кабыл алынды болуп эсептелинет. Шаардык кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын чакырып алуу боюнча жашыруун добуш берүү бул Регламент тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5-глава. Шаардык кеңештин туруктуу, убактылуу жана жумушчу комиссиялары
36. Шаардык кеңеш туруктуу, убактылуу жана жумушчукомиссияларды түзөт. Шаардык кеңештин депутаттарынын комиссиялардын ишине катышуусу бул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык фракциялардын тапшырмасы боюнча жүзөгө ашырылат.
37. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү болуп эсептелинет жана шаардык кеңештин токтому менен кезектеги чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктар мөөнөтүнө түзүлөт.
38. Комиссиялардын тизмегин, иш багытын, сандык курамын, түзүлүш тартибин жана ишин шаардык кеңештин сессиясы аныктайт.
Комиссиялардын сандык курамы: ар бир комиссияда ар бир фракциядан депутат катышуусу керек.
Бюджет жана финансы боюнча комиссиядан тышкары, ар бир фракциядан комиссиядагы депутаттардын саны ар бир фракциядан мандаттардын санына пропорционалдуу болуусу тийиш.
Бюджет жана финансы боюнча комиссиянын курамына азчылык фракциясынын, же азчылык коалициясынан, же азчылык фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча 50 пайызы кирет.
Туруктуу комиссиялардын курамы боюнча шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
39. Чакырылыштын ыйгарым укуктар мөөнөтүнүн ичинде, зарыл болгон учурда шаардык кеңеш жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзүүгө жана мурда түзүлгөн комиссияларды жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
40. Шаардык кеңештин депутаты бир эле туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ.
Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире албайт.
41. Убактылуу жана жумушчу комиссияларды түзүүдө, анын курамына фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин каалаган депутаты кире алат.
42. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өз курамынын ичинен комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлашат.
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынан жана төрагасынын орун басарынан башка, туруктуу комиссиялардын төрагасы жана төрагасынын орун басары туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп азчылык фракциядан, же азчылык фракциялар коалициясынан, же талкуулоосуз азчылык фракцияларынын ортосундагы макулдашуу боюнча өкүл шайланат. Төраганын орун басары болуп көпчүлүк коалициядан өкүл шайланат.
Туруктуу комиссиялардын төрагалары жана төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.
43. Шаардык кеңеш тарабынан комиссиянын мүчөсү тарабынан шайлаган комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары бекитилбеген учурда, комиссиянын мүчөлөрү анын талапкерлигин дагы бир жолу кайталап бекитүүгө же шайлоого жана комиссиянын төрагасынын жана төраганын орун басарынын жаңы талапкерлигин бекитүүгө киргизүүгө укуктуу.
44. Комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары өз милдеттерин аткарбаган учурда, комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча кайра шайланышы мүмкүн.
45. Комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, объективдүүлүк, маселелерди эркин талкуулоо жана чечимдерди эркин кабыл алуу принциптерине негизделет.
Комиссиялар, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди жана корутундуларды кабыл алышат.
46.Комиссиялар шаардык кеңештин сессиясынын алдында жооптуу жана төрагага отчёт беришет.
Шаардык кеңеш төрагасы каалаган убакта комиссиянын күндөлүк иши жөнүндө отчёт суроого укуктуу.
Кезектеги жыл аяктаганда комиссия шаардык кеңешке өз иши жөнүндө жазуу түрүндөгү отчёт берет.
47. Шаардык кеңештин комиссиялары өз компетенциясынын чектеринде:
·      шаардын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү менен байланышкан маселелерди даярдоону жана алдын-ала кароону жүзөгө ашырат, тийиштүү корутундусу менен аларды шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
·      шаардын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча сунуштарды шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
·      шаардын аймагынын экономикалык өнүктүрүү планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётторду алдын-ала карашат, алар боюнча өздөрүнүн сунуштарын даярдашат, шаардык бюджеттин долбоорунун тийиштүү бөлүмдөрү боюнча корутундуларды жана сунуштарды берет;
·       өз ишин уюштуруу маселелерин чечет;
·      кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
·      шаардык кеңештин төрагасына каралып жаткан маселени талкуулоо үчүн башка комиссияга берүү тууралуу сунушту киргизет;
·      башка комиссия тарабынан каралып жаткан маселе боюнча өз сунушун берет.
48. Шаардык кеңештин комиссиялары аларга тийиштүү болгон маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдардын, жергиликтүү администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин түрүнө карабастан шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
49. Комиссиялар карап жаткан маселелерди даярдоо үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле адистерден, эксперттерден жана илимпоздордон жумушчу топторду түзүү жөнүндө сунуш киргизе алышат.
Комиссиялар алардын кароосунда болгон маселелер боюнча шаардык кеңештин башка комиссияларынын пикирин сурай алышат.
50. Комиссиялардын жыйындары зарылчылыкка, бирок айына бир жолудан кем эмес жараша чакырылат.
Комиссиянын жыйындарын өткөрүү жөнүндө комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүн жана шаардык кеңештин башка депутаттарын, ошондой эле чакырылган жактарды үч суткадан кеч эмес шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери аркылуу билдирет. Комиссия жашыруун жана көчмө жыйындары өткөрүүсү мүмкүн.
51. Комиссиянын жыйыны, ага комиссиянын курамынын жарымынын көбү катышканда укук ченемдүү. Комиссиянын чечими комиссиянын курамынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
52. Комиссиянын жыйындарына бул комиссиянын мүчөсү болбогон депутаттар кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу. Алар талкууланып жаткан маселе боюнча өз пикирлерин айта алышат.
53. Комиссиялардын жыйындарынын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда комиссиялардын төрагасынын орун басары кол коёт. Өзгөчө учурларда, комиссиянын төрагасы жана анын орун басары жок болгон учурда жыйынга катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
54. Бир канча комиссияларга тийиштүү болгон маселелерди талдоо жана кароо биргелешкен жыйындарда жүргүзүлөт.
55. Биргелешкен жыйындар эгерде ага ар бир комиссиянын курамынан жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү. Комиссиялардын биргелешкен жыйынын бул комиссиялардын төрагалары ич ара макулдашуу боюнча алып барышат.
Биргелешкен жыйында каралуучу маселелер боюнча чечимдер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана бул комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат. Эгерде төрагалардын бирөөсү комиссиялардын чечимине кол коюудан баш тарткан учурда, ал төрага болуп эсептелген комиссиянын мүчөлөрү кол коюу укугун төраганын орун басарына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
56. Комиссиянын төрагасы:
·      комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө маалымдайт;
·      комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын отурумунун иш-планын жана күн тартибинин долбоорун түзөт;
·      комиссиянын жыйынын чакырат жана керектүү документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
·      комиссиянын чечими боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет;
·      комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын иши менен байланышкан материалдар жана документтер менен тааныштырат;
·      комиссиянын мүчөлөрүнө убактылуу жана топтордун ишине катышууну сунуштайт;
·      комиссияны тейлеген шаардык кеңештин аппаратынын кызматкери аркылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду комиссиянын отурумдарына катышуу үчүн чакырат;
·      комиссиянын жыйынында төрагалык кылат;
·      шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен дайыма байланышта болот, аларды комиссиянын жыйынында каралган маселелер, ошондой эле, комиссиянын чечимдерин жана сунуштарын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымдайт;
·       комиссиянын чечимдеринин аткарылышы боюнча ишти уюштурат, комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын аткарылган чечимдери жана анын сунуштарынын каралышы жөнүндө маалымдайт;
·      жыл сайын шаардык кеңештин сессиясында комиссиянын иши жөнүндө отчёт берет.
57. Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрү менен алдын-ала макулдашуусуз маселелер боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссиянын атынан чыгып сүйлөөгө укуксуз.
58. Ар бир депутаттөмөнкүлөргө укуктуу:
а) туруктуу комиссиялардын жыйындарында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
б) маселелерди даярдоого жана талкуулоого катышууга;
в) шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан, шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин текшерүү жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Бул маселелер боюнча отчёттор жана маалыматтар комиссиялардын жыйындарында угулат.
59. Комиссиялардын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
·   сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүүгө:
а) комиссиянын жыйындарынын күн тартиби, талкууланып жаткан маселелердин кароо тартиби жана мааниси боюнча;
б) комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызмат жактарынын маалыматын угуу жөнүндө;
в) комиссиянын чечимдеринин долбооруна:
·    өз сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымкаттарды берүүгө;
·    комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
60. Комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишинде активдүү катышууга, анын кабыл алган чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
61. Комиссиянын мүчөсүнө комиссиянын иши маселеси боюнча туруктуу тапшырмалар берилиши мүмкүн.
Комиссия тарабынан каралуучу бардык маселелерди чечүүдө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарттар камсыз кылынат жана керектүү материалдар берилет.
62. Комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын тапшырмасы боюнча комиссияга тийиштүү маселелерди жеринде талдап чыгат, комиссияга өз жыйынтыктарын жана сунуштарын билдирет. 
Комиссиянын мүчөсү комиссиянын колдоосуна ээ болбогон сунушту шаардык кеңештин сессиясына бул маселени талкуулоодо аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизе алат.
63. Жаңы комиссияларды түзүү, мурда түзүлгөндөрдү жоюу же кайра түзүү жөнүндө шаардык кеңештин тийиштүү токтому кабыл алынат.
Комиссияны жоюу жөнүндө шаардык кеңештин токтомун кабыл алуу менен бир эле убакта бул комиссиянын төрагасынын, анын орун басарынын тийиштүү ыйгарым укуктары токтотулат. Бул учурда шаардык кеңештин комиссиясынын төрагасын кайра чакырып алуу жөнүндө өзүнчө токтом кабыл алынбайт.
Шаардык кеңештин жаңы комиссияларын түзүү же мурда түзүлгөндөрдү кайра түзүү же жоюу маселелери боюнча чечим шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
6-глава. Шаардык кеңештин президиуму.
 
64. Шаардык кеңештин Президиуму (мындан ары - Президиум) шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзүү, шаардык кеңештин иш-планын бекитүү үчүн, ошондой эле шаардык кеңештин ишинин кечиктирилгис маселелерин чечүү үчүн түзүлөт.
65. Президиумдун курамы бул чакырылыштын ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шаардык кеңештин сессиясы бекитилет.
66. Президиум өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бул Регламентке ылайык жүзөгө ашырат.
67. Президиумдун курамына шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, фракциялардын лидерлери жана туруктуу комиссиялардын төрагалары кирет.
Президиумду шаардык кеңештин төрагасы жетектейт.
68. Президиум:
·   шаардык кеңештин иш-планын бекитет;
·   шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
·      шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоо боюнча кызматтык жактардын маалыматтарын жана отчётторун угат;
·       шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитүү үчүн шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды пландаштырат;
·      шаардык кеңештин кезектеги жана кезексиз сессияларын чакыруу, ошондой эле депутаттык угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет;
·      шаардык кеңештин ишин жакшыртуу боюнча ишин уюштурат жана координациялайт;
·      шаардык кеңештин кечиктирилгис маселелерин карайт;
·   алдын-ала төмөнкү сунуштарды карайт:
а) шаардык кеңештин аппаратынын штаттык саны боюнча;
б) шаардык кеңештин депутаттарынын иш сапарлары боюнча.
69. Президиум зарылчылыкка жараша, үч айда бир жолудан кем эмес чакырылат жана президиумдун мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү болгондо укук ченемдүү.
Президиумду шаардык кеңештин төрагасы, ал жок болгон учурда төраганын орун басары чакырат жана алып барат.
Фракциялардын лидерлери жана туруктуу комиссиялардын төрагалары негиздүү себептер менен жок болгон учурда, алардын орун басарларынын катышуусу укук ченемдүү.
70. Президиумдун жыйындарына шаардык кеңештин ар бир депутаты катышууга укуктуу.
Шаардык кеңештин төрагасынын чакыруусу боюнча президиумдун жыйындарында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.
71. Президиумдун мүчөлөрүнө жана анын жыйынына катышуучу жактарга президиумдун кароосуна киргизилген маселелер жөнүндө күн мурун кабарланат. Алар боюнча керектүү материалдар берилет.
72. Сессиянын өтүү күнү жана сессиянын күн тартибин түзүлүшү жөнүндө президиумдун токтому анын жыйынында катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
73. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин депутаттарын президиум тарабынан кабыл алынган протоколдук чечимдер жөнүндө маалымдайт.
74. Президиумдун жыйыны протокол менен жол-жоболоштурулат.
Президиум тарабынан кабыл алынган чечим шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
II БӨЛҮК. ДЕПУТАТТЫК ФРАКЦИЯЛАР.
7-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор.
75. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
76. Депутаттык фракциялар (мындан ары – фракция) партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана Бишкек шаардык кеңеш тарабынан катталууга тийиш.
77. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, тизмелик курамы, лидеринин жана анын орун басарынын аты-жөнү жөнүндө жазуу түрүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
Фракция башка партиядан өткөн депутаттарды өз курамына киргизе албайт.
Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна келген депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болуп калат.
  Депутаттын ал шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
78. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- шаардык кеңеш өзүн-өзү таркатканда.
Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу шаардык кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
 79. Фракцияны алар тарабынан шайлаган лидер жетектейт.
        Фракция лидеринин ыйгарым укуктары:
·   шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат;
·   фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
·   фракциянын чечимдерине кол коёт;
·   фракциянын ичинде тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;
·   фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин органдарына талапкерлерди сунуштайт;
·   фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
·  фракциянын чечими боюнча сессияда талкууланып жаткан маселелер боюнча, ошондой эле фракциянын коалицияга кирүүсү жөнүндө анын саясий көз карашын жарыялайт; 
·  шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү менен жана жергиликтүү башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылат;
·  катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат-шаардык кеңештин сессиясынын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишине, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына фракциялардын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат.
Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат орундарын ээлей албайт.
8-глава. Депутаттык фракциялардын иши.
 
    80. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
·  шаардык кеңеш тарабынан каралуучу маселелер боюнча саясий позициясын билдирүүгө;
·  башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
·  шаардык кеңештин төрагасына шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
·  фракциянын өкүлүн фракциянын атынан арыздар, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирүүлөр жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө өкүлдөөгө;
·  фракциялардын жыйынына кызыккан адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
·  шаардык кеңештин ар жылдык иш-планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
·  шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
·  делегациялардын курамына фракциялардын мүчөлөрүн киргизүү (чакыртып алуу) боюнча сунуш киргизүүгө;
·  шаардык кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон кызмат адамдарын дайындоого макулдук берүү боюнча сунуш киргизүүгө;
·  Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерлик жөнүндө сунуш киргизүүгө;
·  кээ бир маселелерди иликтөө боюнча жумушчу комиссияларды түзүү боюнча сунуш киргизүүгө;
·  тигил же бул маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
·  Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган негиздер боюнча фракция мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
·  шаардык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизүү үчүн айрым талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;
·  фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого, ошондой эле шаардык кеңештин сайтына жайгаштырууга;
·  фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында тийиштүү чараларды көрүүгө.
81. Фракциялардын коалициясы (мындан ары - коалиция) ишин коалициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашыруучу фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат.
Коалицияны коалицияга кирген фракциялардын лидерлери же коалициялык макулдашууда бул аныкталган болсо, коалициянын жетекчиси көрсөтөт.
82. Фракциялар фракциялардын коалициясына биригүүсү мүмкүн. Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына же шаардык кеңештин азчылык коалицицясына биригүү үчүн ниеттенген фракциялар бул жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт, ошондон кийин расмий статус алат.
83. Коалициялык макулдашууда төмөнкүлөр чагылдырылат:
·      коалицияны түзүүнүн негизи болуп калган, макулдашылган саясий позициялар;
·      коалициянын саясий багытталышы;
·      коалициянын иш принциптери;
·      коалиция тарабынан чечимдерди кабыл алуу тартиби;
·      коалициянын ишин токтотуу шарттары;
·      коалиция лидеринин аты-жөнү.
Коалициялык макулдашууга фракциялардын коалицияга кирүү жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алынган жыйындардын протоколдору тиркелет.
84. Коалиция өз ишин төмөнкүлөрдү жарыялаган учурдан тартып токтотот:
·      шаардык кеңештин көпчүлүк статусу жоюлгандын натыйжасында фракция же фракциялар андан өзүнүн чыккандыгы жөнүндө;
·      коалициянын таркатылышы жөнүндө.
9-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
       Шайлоочулардын суроо-талаптары
 
85. Шаардык кеңештин фракциялары социалдык, экономикалык, маданий өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда жана шаардын бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланышты жүзөгө ашырат, алардын кызыкчылыгын жана суроо-талабын билдирет жана эске алат.
86. Шаардык кеңеш тарабынан белгиленген тартипке ылайык шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, шаардык кеңештин фракцияларынын лидерлери, туруктуу комиссияларынын төрагалары шайлоочуларды дайыма кабыл алууну жана жолугушууну өткөрөт.
87. Шаардык кеңештин фракциясы өздөрүнүн шайлоочулары менен дайыма байланышта болот. 
Шайлоочулар фракцияларга, депутаттарга суроо-талап бере алышат. Фракциялар, депутаттар шайлоочулар алдында жооптуу жана аларга отчёт беришет.
88. Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн атына же шаардык кеңештин дарегине келген жарандардын жазуу түрүндөгү кайрылуусун аларга келген сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карай турган фракциялардын, туруктуу комиссиялардын, депутаттардын кароосу үчүн жөнөтүүгө укуктуу жана алардын туура жана өз убагында чечилиши боюнча чара көрөт.
Шаардык кеңеш тарабынан алынган сунуштар, арыздар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аларды кароого жана кароонун жыйынтыгы жөнүндө арыз ээсине, ошондой эле шаардык кеңешке билдирүүгө милдеттүү болгон тийиштүү органдарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтүлөт. 
89. Шаардык кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен, бирок бир жылда бир жолудан кем эмес өз иши жөнүндө отчёт берүүгө милдеттүү.
Фракциялардын отчёту шайлоочулардын жыйналыштарында ар кандай убакта өткөрүлөт.
Фракциялардын отчётун өткөрүү жөнүндө шаардык кеңеш же анын органдары белгиленген тартипте маалымдайт.
90. Бишкек шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциялардын мүчөлөрүнө отчётторду жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн керектүү шарттарды камсыз кылат.
Шаардык кеңеш фракциянын мүчөлөрүн отчёт үчүн керектүү сурап-билүү жана маалыматтык материалдар менен өз убагында камсыз кылат.
Отчёттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга -маалымдоо каражаттары тарабынан чагылдырылат.
91. Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоону, аларды алдын-ала макулдашууну жана шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизүүнү фракциянын жетекчиси жүргүзөт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш- чаралар планынын даярдалган долбоору шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилет.
92. Шаардык кеңештин сессиясы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токтом кабыл алат жана алардын ишке ашырылышы боюнча иш-чаралар планын бекитет.
Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптардын аткарылышынын жөнсүздүгү жөнүндө негиздүү чечим кабыл алууга укуктуу.
93. Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү пландарын жана программаларын, экологиялык программаларын иштеп чыгууда, бюджетти түзүүдө, ошондой эле башка маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
94. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну Бишкек шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү камсыз кылат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышына контролду шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирдикте фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүзөгө ашырат.
95. Шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттө шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыз кылуучу органдар суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө дайыма маалымдайт.
III БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
 
10-глава. Шаардык кеңештин сессиясынын даярдоо жана өткөрүү тартиби
 
96. Сессия – бул маселелерди жамааттык талкуулоону жана аларды чечүү боюнча токтомдорду кабыл алууну камсыз кылуучу, шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруу–укуктук формасы болуп саналат.
Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбү болгондо укук ченемдүү.
97. Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кварталына бир жолудан кем эмесчакырылат.
98. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө маалымат калкка сессияга чейин эки жумушчу күнүнөн кеч эмес кабарланат.
 
99. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу шаардык кеңештин сессияларынан тышкары кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
100. Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт.
101. Шаардык кеңештин сессиясын ачуу жана жабуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин аткаруу менен коштолот.
102. Жарыш которуу милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылуу менен, сессияда чыгып сүйлөгөндөр мамлекеттик же расмий тилде сүйлөйт.
103. Сессияда шаардык кеңешке таандык болгон ар кандай маселелер бул Регламент тарабынан белгиленген тартипте каралат.
104. Сессиянын ишине Бишкек шаарынын мэри, шаардын прокурору, УКМКнын өкүлү, Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгынын начальниги, Бишкек шаарынын вице-мэрлери, каралуучу маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн жетекчилери катышууга укуктуу.
Сессияга бул же тигил маселени кароодо кызыкдар болгон башка жактар чакырылышы мүмкүн.
105. Бул регламентке ылайык, сессиянын кароосуна маселелерди төрага, Президиум, фракция, Бишкек шаарынын мэри жазуу түрүндө киргизет.
Сессиянын кароосуна маселелер демилгечилер тарабынан президиумдун жыйынына чейин он күндөн кеч эмес киргизилет.
106. Шаардык кеңештин сессиясы төмөнкү маселелер боюнча токтомдорду кабыл алат:
·   жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
·   Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун уставын бекитүү;
·   шаардык кеңештин регламентин кабыл алуу;
·      шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келген шаардык кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу, алардын иши жөнүндө маалыматты угуу;
·      шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү жана жоюу;
·      туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
·      комиссиялардын төрагаларын кызматтан бошотуу;
·      шаардык кеңештин түзүмүн бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
·      мыйзам тарабынан белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
·      шаардын мэрин шайлоо;
·      мэрдин иши жөнүндө отчётту угуу;
·      шаардын мэрине ишеним көрсөтпөө;
·      вице-мэрлердин, мэриянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин ишин канааттандыраарлык эмес деп табуу;
·      жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчётун угуу;
·      шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, административдик бирдиктерди атоо жана алардын башкаруу органдарын күтүү;
·      жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
·      шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
·      жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурларда алар боюнча чендерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген шаардык жерлерге салыктын базалык чендеринин чектеринде шаардык жерлерге салыктын дифференциалдуу ченин белгилөө;
·      жергиликтүү бюджеттик валюталык жана бюджеттен тышкаркы валюталык максаттуу фонддорду түзүү жана пайдалануу тартибин аныктоо;
·      жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролду жүзөгө ашыруу;
·      шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнама жана маалымат жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
·      шаардын аймагында үй жаныбарларын күтүү жана мал жаюу эрежелерин бекитүү;
·      жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ата-мекендик жана чет элдик органдары менен кызматташуусу жөнүндө;
·       саламаттык сактоонун, мектеп жана мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн, дене тарбия жана спорттун, социалдык коргоонун муниципалдык системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштуруу;
·      Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын тарыхый жанам маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү;
·       шаардын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана санитардык тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо;
·      социалдык-маданий, турак-жай жана тиричилик муниципалдык объекттерди куруу;
·      муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык катуу тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жоготуу үчүн тарифтерди бекитүү;
·      лифттерди жана лифт жабдууларын күтүүгө жана техникалык жактан тейлөөгө тарифтерди бекитүү;
·      ирригациялык тармактарды, үй жана үй алдындагы участокторду күтүү тартибин белгилөө;
·      жылуулук жабдууну уюштуруу;
·      калкка муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө тарифтик жана жеңилдик саясатын аныктоо;
·      Бишкек шаарына чет жактан транспорттун кирүүсүн уюштуруу жана жеңил машинелердин такси, жүк ташуучу жана атайын транспорттун ишин жөнгө салуу;
·      Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык коммуналдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү тартибин белгилөө;
·      өз чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
·      Бишкек шаарынын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка маселелерди чечүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралбаган маселелерди, жергиликтүү маанидеги жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген маселе катары чечүү.
107. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, шаардык кеңеш жабык сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
108. Шаардык кеңештин жабык сессиялары бул регламент жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлөт.
109. Шаардык кеңештин сессиясына кошумча материалдар шаардык кеңештин төрагасынын кол коюусу болгон учурда таркатылат.
110. Шаардык кеңештин депутаттарынын сессиясына катышкандардын саны табелдик каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
Депутаттардын табелдик каттоосу ар бир сессиянын алдында башталат жана каттоо убакытын көрсөтүү менен анын аягына чейин жүргүзүлөт.
 Депутаттардын табелдик каттоосунун барактары шаардык кеңештин аппаратынын документ менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмүндө сакталат.
111. Эгерде шаардык кеңештин сессиясында катталбаган депутат чыгып сүйлөсө же атын атап добуш берүүдө катышса, ал каттоо табелинде бул жөнүндө белгиси менен катталган болуп саналат.
Депутат өзүнүн каттоосун жокко чыгарууну талап кылууга укуктуу.
112. Сессияда катталган депутаттардын тизмеси сессияда төрагалык кылуучуга берилет.
113. Шаардык кеңештин сессиясында депутаттын жок болуусунун жүйөөлүү себептери болуп – документ менен тастыкталган ооруу, ишсапар, өргүү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамына ылайык жүйөөлүү себеп болуп саналган башка себептер эсептелинет.
Депутат төраганын атына сессияга катыша албай тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды жөнөтөт.
114. Шаардык кеңештин сессиясынын чечими боюнча бир жылдын ичинде экиден ашык сессияга жүйөөсүз себептер менен келбеген депутаттардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат, же алардан депутаттык ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
115. Шаардык кеңештин сессиясы жумушчу органдарды (катчылык, эсептик комиссия, зарыл болгондо башка комиссияларды) түзүү жөнүндө протоколдук чечим кабыл алат.
116. Сессиянын иштөө убакыты 09 саат 00 мүнөттөн 17 саат 00 мүнөткө чейин. Ар бир бир жарым сааттан кийин 20 мүнөткө танапис. Түшкү тамактанууга танапис -1 саат.
Шаардык кеңештин сессиясынын чечими боюнча сессиянын иштөөсүнүн башка убакыты белгилениши мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессиясынын протоколдук чечими менен анын иштөө убакыты узартылышы мүмкүн.
117. Сөз сүйлөөлөрдүн узактыгы:
- баяндамалар жана тең баяндамалар менен         - 15 мүнөткө чейин;
- жарыш сөздөргө                       - 5 мүнөткө чейин;
- күн тартибиндеги “Ар кандай маселелер”
пунктунда     - 3 мүнөткө чейин;
- калган  маселелер боюнча                              -1 мүнөткө чейин;
-   бир эле маселе боюнча чыгып сүйлөө 2
жолудан көп эмес берилет        -1 мүнөткө чейин.
Чыгып сүйлөөчүнүн өтүнүчү боюнча чыгып сүйлөө убактысы (протоколдук чечим менен же каршы болгон депутаттар жок болгондо добуш берүүсүз) көбөйтүлүшү мүмкүн.
118. Убакыттын жалпы лимити:
- баяндамачыга жана тең баяндамачыларга
суроолорго  - 20 мүнөткө чейин;
- жарыш сөздөргө                       - 1 саатка чейин;
- түзөтүүлөрдү кароого             - 30 мүнөткө чейин;
- алып баруу тартиби боюнча айтышуулар
пайда болгон учурда                  - 10 мүнөткө чейин;
добуш берүү жүйөөсү боюнча чыгып сүйлөөгө           - 15 мүнөткө чейин.
119. Сессияда төрагалык кылуучу (добуш берүүсүз), ошондой эле шаардык кеңештин протоколдук чечими менен сессиянын ишинде 30 мүнөткө чейин танапис жарыяланышы мүмкүн.
120. Тартипсиздик пайда болгондо жана аны токтотуу мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу танапис жарыялайт жана өз ордун калтырат.
Сессия бул учурда 30 мүнөткө токтотулду болуп саналат.
Эгерде сессиянын иши кайра жандангандан кийин тартипсиздик уланса, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого укуктуу.
121. Шаардык кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Шаардык кеңештин төрагасы сессияда төрагалык кылуучу болуп саналат. Сессияда ал жок болгондо анын орун басары төрагалык кылат.
Сессияда төрагалык кылуучу ал баяндамачы (тең баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
Шаардык кеңештин төрагасы (төраганын орун басары) шаардык кеңештин төрагасын (төраганын орун басарын) кызматка шайлоо же кызматтан бошотуу жөнүндө маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
122. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
·  чыгып сүйлөөчү эгерде ал бул регламентти бузганда, күн тартиби боюнча сүйлөбөгөндө, кемсинтүү сөздөрүн пайдаланганда сөз сүйлөө укугунан ажыратууга;
·  протоколдук чечимдерди кабыл алууда көпчүлүк анык болгон учурда добуштарды саноого барбоого;
·  депутаттарга жана кызматтык жактарга маалымкаттар үчүн кайрылууга;
·  пландалбаган жарыш сөздөрдү токтотууга;
·  бул регламенттин жоболоруна ылайык депутаттарды тартипке чакырууга, депутатка сөгүш берүүгө;
·  залда өзгөчө кырдаал, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузган учур пайда болгондо, сессияны токтотууга.
      123. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
·     бул регламентти сактоого жана жыйындын бардык катышуучулары тарабынан аны сакталышын камсыз кылууга;
·     сессиянын күн тартибин сактоого;
·      төмөнкүлөрдү камсыз кылууга:
      а) сессияда депутаттардын укуктарынын сакталышын;
      б) сессиянын жыйындар залында тартиптин сакталышын;
      в) сөз сүйлөө убакыт ты сактоосун, белгиленген убакыттын аяктагандыгы жөнүндө сөз сүйлөөчүгө өз убагында эскертүүнү;
·   кезек тартиби боюнча сөз берүүгө;
·     бардык түшкөн сунуштарды белгилөөгө жана аларды түшкөн тартибинде добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
·     сессиянын катышуучуларына сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жеке эскертүүлөрдү жана баяндамаларга баа берүүдөн, чечмелөөдөн өзүн - өзү токтотууга;
·     сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жобосу боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
·     атын атып добуш берүүгө киргизилген маселелердин редакциясын сунуштоого жана атын атап добуш берүү бланктардын туура толтурулушун көзөмөлдөөгө.
      124. Сессияда шаардык кеңештин депутаты төмөнкүлөргө укуктуу:
·     шаардык кеңештин сессиясынын органдарына шайлоого жана шайланууга, талапкерлерге баш тартууну билдирүүгө;
·     шаардык кеңеш тарабынан түзүлүүчү же түзүлгөн органдардын жеке курамы жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык шаардык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызматтык жактардын талапкерлигине пикирин айтууга;
·     жарыш сөздөргө катышууга, баяндамачыга (тең баяндамачыга) суроо берүүгө, добуш берүү жүйөөсү боюнча (добуш берүүгө чейин) чыгып сүйлөөгө;
·     төмөнкүлөр боюнча сунуш киргизүүгө:
      а) сессиянын күн тартибинин маселелери, сессияны алып баруу тартиби боюнча;
      б) шаардык кеңештин сессиясында ар кандай органдын же шаардык кеңештин контролунда турган кызматтык жактын отчётун же маалыматын угуу жөнүндө;
      в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана бул регламент тарабынан каралган учурларда жана тартипте депутаттык комиссияларды түзүү жана текшерүүлөрдү өткөрүү жөнүндө;
      г) шаардык кеңештин колдонуудагы токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
·   төмөнкүлөрдү талап кылууга:
      а) өзүнүн сунушу боюнча добуш берүүнү;
      б) депутаттардын добуштарын эсептөөгө таасир берүүчү добуш берүү эрежелери бузулгандыгы (электрондук тутумдун катачылыгы) белгиленгенде кайталап добуш берүүнү;
·   токтомдордун долбоорлоруна түзөтүүлөрдү киргизүүгө;
·   коомдук мааниси бар кайрылууларды жарыялоого;
·     Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана бул регламент тарабынан ага берилген башка укуктарды пайдаланууга.
      125. Сессияда шаардык кеңештин депутаты төмөнкүлөргө милдеттүү:
·     ар бир сессиянын алдында табелдик каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
·     Регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияда төрагалык кылуучунун жөндүү талаптарын сактоого;
·     кол көтөрүү жолу менен сөз сүйлөөгө суранууга;
·     сессияда төрагалык кылуучунун уруксааты менен гана чыгып сүйлөөгө;
·     жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
·     маселе боюнча чыгып сүйлөөдө жана маселени формулировкалоодо баяндамачыдан (тең баяндамачыдан) жана сессияда төрагалык кылуучудан башка залдагы катышуучуларга өзүнчө кайрылууга жол бербөөгө;
·     сөзүндө катышуучулардын абийирин, намысын жана кадыр-баркына шек келтирүүчү одоно, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көз көрүнөө калп маалыматты пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына жана алардын айткан сөздөрүнө баа бербөөгө, бирөөлөрдүн дарегине негизсиз күнөөлөөгө жол бербөөгө;
·     добуш берүү үчүн карточкасын пульттан алуу менен, төрагалык кылуучунун уруксааты боюнча гана сессиянын столунан жумушчу ордун таштоого (добуш берүүнүн электрондук тутуму орнотулгандан кийин).
      Өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн депутаттар бул регламенттин жоболоруна ылайык жоопкерчилик тартат.
      126. Шаардык кеңештин депутаты өз кызыкчылыгын, тактап айтканда, ал жана анын туугандары үчүн материалдык пайда көздөгөн маселе боюнча добуш бербөөсү керек.
      127. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн төрага өзүнүн демилгеси же президиум, фракциялардын, Бишкек шаарынын мэринин сунушу боюнча шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакырат.
      Шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш кезексиз сессияны чакырууну сунуштап жаткан маселени жазуу жүзүндө көрсөтүү жана аны чакыруу зарылчылыгынын кыска негиздемеси менен берилет.
      Кезексиз сессиялар сунуш түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттөн кеч эмес чакырылат.
      Ченемдик укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кезексиз сессиялар чакырылбайт.
      128. Кезектеги сессияны которуу же кезексиз сессияны белгилөө жөнүндө шаардык кеңештин депутаттарын маалымдоо чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде жүргүзүлөт.
      129. Өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда шаардык кеңештин төрагасы депутаттарды кабарлоо мөөнөттөрүн жана тартибин милдеттүү түрдө сактоосуз кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
      130. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартиби маселелердин аталышын жана аларды кароо тартибин, баяндамачынын жана тең баяндамачынын аты-жөнүн камтыйт.
      131. Сессиянын маселелери боюнча фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын жыйындарынын башталышына чейин эки күндөн кеч эмес шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору жана материалдары депутаттарга таркатылат же электрондук почта боюнча аларга жиберилет.
      132. Чакырылган жактарга шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоору анын башталышынын алдында таркатылат.
      133. Шаардык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, президиуму, фракциялары, туруктуу комиссиялары жана Бишкек шаарынын мэри шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине сунуштарды жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу.
Күн тартибинен маселени алып салууга аны кароо башталганга чейин гана жол берилет.
134. Депутаттарга күн тартиби жана кезексиз сессиянын маселелерин кароо үчүн керектүү материалдар табелдик каттоо өткөрүлүп жатканда таркатылат.
135. Шаардык кеңештин арыздары жана кайрылуулары күн тартибинин “Ар кандай маселелер” пунктунун алкагында каралат.
Шаардык кеңештин сессиясынын же отурумда төрагалык кылуучунун чечими боюнча, арыздар, билдирүүлөр, кайрылуулар жана протоколдук чечимдер үчүн күн тартибинин “Ар кандай маселелер” пунктуна убакыт (30 мүнөткө чейин) бөлүнүшү мүмкүн.      
136. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган өткөн маселелердин бирөөнө кайрылуу, ошондой эле маселелерди кароо кезегин өзгөртүүнү шаардык кеңештин протоколдук чечимине ылайык сессияда төрагалык кылуучу добуш берүүсүз жүзөгө ашырат.
137. Эгерде бул регламентте башка тартип каралбаса, процедуралык маселелер боюнча чечим сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Процедуралык маселелер төмөнкүлөр:
·     жыйында танапис жарыялоо, жыйынды которуу же жабуу жөнүндө;
·     сөз сүйлөө үчүн кошумча убакыт берүү жөнүндө;
·     жыйынга чакырылган жактарга сөз берүү жөнүндө;
·      талкууланып жаткан маселени которуу же жарыш сөздөрдү токтотуу жөнүндө;
·      маселени тийиштүү туруктуу комиссиянын кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө;
·     талкуулоосуз добуш берүү жөнүндө;
·     жабык жыйындарды өткөрүү жөнүндө;
·     сөз сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;
·     кошумча каттоо өткөрүү жөнүндө;
·     эсептик комиссияны жана катчылыкты шайлоо жөнүндө.
  138. Добуштарды кайра эсептөө же кайталап добуш берүү маселелери боюнча чечим сессияда катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
  139. Токтомдун долбоору башында аны негизинен кабыл алуу үчүн добушка коюлат. Негизинен кабыл алынбаган токтомдун долбоору сессиянын күн тартибинен алынып салынат.
  Төрага токтомдун долбооруна сунуштарды же түзөтүүлөрдү жарыялайт жана алардын демилгечисин көрсөтүү менен аны добушка коёт.
  Токтомдун долбоору сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жалпысынан кабыл алынат.
     
11-глава. Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби.
 
§ 1. Добуш берүү жол-жобосу боюнча жалпы жоболор.
 
      140. Бул регламентте добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо үчүн пайдаланылуучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
·   шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны               – 45;
·   жыйында катышып жаткандардын саны - табелдик каттоодон өткөн шаардык кеңештин депутаттарынын саны.                        
      141. Шаардык кеңеш сессияларда ачык, жашыруун жана атын атап добуш берүү жолу менен чечим кабыл алынат.
      Добуш берүү сессиянын эсептик комиссиясы тарабынан добуштарды саноо жолу менен, ошондой эле добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен жүргүзүлөт.
      Кворум жок болгон учурда, сессияда төрагалык кылуучу кворум камсыз болгонго чейин добуш берүүнү которот.
      Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин жыйынынын протоколуна киргизилет.
      142. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн добуш берүү укугун өзү жүзөгө ашырат.
      143. Шаардык кеңештин депутаты бир маселе боюнча чечим кабыл алуу үчүн добуш берүүдө ага “макул” же “каршы” добуш берүү менен же чечим кабыл алуудан калыс болуу менен бир добушка ээ.
      144. Добуш берүү убагында жок болгон шаардык кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өз добушун берүүгө укугу жок.
      Жыйындар залында ал катышып отурган учурда добуш берүүдө депутаттын катышпагандыгы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра кароо үчүн негиз боло албайт.
      145. Добуш берүү башталгандыгы жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
      § 2. Ачык добуш берүү
 
      146. Ачык добуш берүү – бул жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бири боюнча ар бир депутаттын эркин билдирүүсү катталган добуш берүүнүн ыкмасы.
      147. Ачык добуш берүүдө добуштарды эсептөөнү сессиянын эсептик комиссиясы жүргүзөт,  добуштарды эсептөөнүн электрондук тутуму орнотулгандан кийин добуш берүү анын жардамы менен жүргүзүлөт.
      148. Добуштар эсептелип бүткөндөн кийин сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
     
      149. Добуш берүүнүн процедуралык каталары (же электрондук тутумдун ишинде үзгүлтүктөр, электрондук комиссиянын катачылыгы) табылганда, шаардык кеңештин депутаттары кайталап добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
§ 3. Жашыруун добуш берүү
      150. Жашыруун добуш берүү – бул катышуучулардын добуш берүүсү жашырын жүзөгө ашырылган жана жооптун (“макул”, “каршы”, “калыс”) варианттарынын бири боюнча добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсү үчүн контроль болбогон учурда добуш берүүнүн түрү.
      151. Жашыруун добуш берүү маселелери боюнча милдеттүү же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмесинин талабы боюнча жүргүзүлөт.
      152. Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеңештин сессиясы ачык добуш берүү менен эсептик комиссияны шайлайт. Эсептик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болуусу керек.
      Эсептик комиссия өз курамынан төраганы жана катчыны шайлашат. Эсептик комиссия өз чечимдерин анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат жана протокол менен жол-жоболоштурат.
      153. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер ал сунуштаган жана сессиянын чечими менен бекитилген форма боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын санына туура келген санда даярдалат.
      Добуш берүү үчүн бюллетенде жооптун “макул”, “каршы”, “калыс” варианттары каралган.
      Эсептик комиссиянын мүчөлөрү ар бир бюллетендин арт жагына кол коюшат.
      154. Эсептик комиссия атайын жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны коюу менен депутаттардын жашыруун эрк-ниетин билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
      155. Добуш берүүнүн алдында эсептик комиссия шаардык кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда атайын ящикти чаптайт.
      156. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн шаардык кеңештин депутатынын күбөлүгүн көрсөтүп, анын негизинде бир бюллетень алат, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетень алуу ведомостундагы өзүнүн аты-жөнүнүн тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага өтөт.
      Депутат добуш берүүдөн кийин добуш берүү үчүн атайын ящикке бюллетенди таштайт.
      157. Добуш берүү аяктагандан кийин эсептик комиссияда калган бюллетендер депутаттардын катышуусунда эсептик комиссиянын төрагасы тарабынан кайра саналат жана оң жаккы ылдыйкы бурчун кесүү жолу менен жок кылынат.
      158. Депутаттардын добуш берүүсүн саноодо жараксыз болуп белгисиз формадагы, ошондой эле депутаттардын эрк-ниетин аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер эсептелинет. Добуштарды эсептөөдө бюллетенге киргизилген толуктоолор эске алынбайт.
      159. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептик комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлуучу протокол түзүлөт.
      Эсептик комиссиянын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
      Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
      160. Жүргүзүлгөн добуш берүүнүн процедурасында жана техникасында каталар табылган учурда, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин чечими боюнча кайталап добуш берүү жүргүзүлөт.
§ 4. Атын атап добуш берүү
161. Атын атап добуш берүү – бул шаардык кеңештин ар бир депутатынын эрк-ниетин билдирүүсү катталган ачык добуш берүүнүн түрү.
162. Атын атап добуш берүү сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын сессиясынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
Атын атап добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин протоколунда чагылдырылат.
12-глава. Шаардык кеңештин жыйынында катышуучулардын тартиби жана этикасы
163. Шаардык кеңештин жыйынында чыгып сүйлөп жаткандар жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, өз сөздөрүндө орой сөздөрдү, кемсинтүү сөздөрдү пайдаланууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, бирөөнүн дарегине негизсиз күнөөлөрдү коюуга укуксуз.
Бул жоболорду бузган учурда, алар эскертүүсүз сөз сүйлөөдөн ажыратылышы мүмкүн, талкууланып жаткан маселе боюнча аларга кайталап сүйлөө үчүн сөз берилбейт.
Талкуулоо темасынан четтеп кеткенде сессияда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчүнү эскертет. Кайталап эскертүүдөн кийин чыгып сүйлөөчү сөз сүйлөөдөн ажыратылышы мүмкүн.
164. Шаардык кеңештин сессиясынын убагында депутаттар сөз сүйлөөчүлөргө жана катышуучуларга сөз сүйлөөдө оюн айтууга жана түшүндүрүүгө тоскоолдук кылуучу аракеттер менен (кыйкырык, кол чабуулар, тура калуулар ж.б.) жолтоо кылбоосу керек.
Шаардык кеңештин сессиясынын убагында залдагы бардык катышуучулар, депутаттар дагы уюлдук байланыш аппараттарын өчүрүшү керек.
165. Эгерде депутат бул регламенттин талаптарын бузса, сессияда төрагалык кылуучу аны жекече эскертет жана тартипке чакыртат.
166. Шаардык кеңештин сессиясынын жана туруктуу комиссиялардын жыйындарында жүйөөлүү себептерсиз эки же андан көп жок болгон, шаардык кеңештин иш-чараларына катышпаган депутаттар жөнүндө маалымат шаардык кеңештин сессиясында жарыяланат.
167. Депутат төмөнкүлөрдү жасабашы керек:
·    саясий коньюктура максатында жана өз пайдасына конфиденциалдуу маалыматты пайдаланбоосу;
·    шаардык кеңештин сессиясынын, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын жабык жыйындарында ага белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле аны жайып жибербеген шарттарда депутатка ишенгендиктен, шайлоочунун же башка жактын жеке жашоосуна тийиштүү маалыматтарды жарыялабоосу”;
·    өз сөзүндө кылмыш жана жарандык иштерден фактылар, мыйзам күчүнө кире элек чечимдер жөнүндө сүйлөөгө;
·    шаардык кеңештин автотранспортун өз максатына пайдаланууга;
·    жеке жана юридикалык жактардан депутаттык милдеттерин аткаруу менен байланышкан аракет жана аракетсиздик үчүн белек, акча каражат жана кызматтар түрүндө сыйлык алууга.
167. Шаардык кеңештин атайын ыйгарым укуктарына ээ болгон депутаты чет элдик жарандар жана кызматтык жактар, чет элдик мамлекеттердин органдары менен мамиледе өз атынан гана чыга алат.
168. Депутат шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерин өзүнүн депутаттык абалынан пайдаланбастан, депутаттык милдеттерин камсыздоо боюнча иштерди аткаруу үчүн гана ишке тарта алат.
III БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН КИРГИЗҮҮ, КАРОО ЖАНА КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ.
 
13-глава. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
    § 1. Ченем жаратуу ишинин жалпы принциптери
 
169. Шаардык кеңештин ченем жаратуу иши төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы;
мыйзамдуулук;
негиздүүлүк;
максаттуулук;
адилеттүүлүк;
ачыктык.
170. Бишкек шаардык кеңеш өз компетенциясынын чектеринде токтомдорду кабыл алат.
Төрага өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарат.
171. Шаардык кеңештин сессиясынын чечими менен төраганын буйруктары өзгөртүлүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.
172. Бишкек шаардык кеңештин токтомдору Бишкек шаарынын мэриясы, анын түзүмдүк бөлүктөрү, шаардын аймагында жайгашкан менчиктин түрүнө карабастан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызматтык жактар жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
 § 2. Токтомдун текстине жана жол-жоболоштурулушуна карата жалпы талаптар
 
173. Токтомдун тексти жана анын тиркемелери адабий тилдин жана юридикалык терминдердин ченемдерин сактоо менен жазылат. Эскирген жана көп маанилүү сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү, эпитеттерди, метафораларды, кыскартылган сөздөрдү колдонууга жол берилбейт. Пункттун тексти башка пункттарда кайталанып жазылбайт.
174. Токтомдор ичинде макулдашылган, туура түзүлгөн жана ченем жаратуу техникасына ылайык болуу керек.
Токтомдун текстин жазууда биринчи жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор жайгаштырылат. Укук ченемдерин жазууда өтө эле жалпыланган же өтө деталдаштырылган кыска жана так жазуудан алыс болуу керек.
175. Токтомдун аталышы, бөлүктөрү, бөлүмдөрү, кичи бөлүктөрү, главалары жана пункттары кыска, так түзүлүшү жана алардын негизги мазмунун чагылдырышы керек.
 Токтомдун текстинде пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болуусу керек. Укуктук ченемдик актыларда пайдаланылуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарылчылыгы пайда болгондо, анда алардын маанисин түшүндүрүүчү пункт жазылат.
176. Өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор шаардык кеңештин негизги токтомуна гана киргизилет.
177. Шаардык кеңештин токтомунун күчүнө кирүү тартиби корутунду жобо түрүндө жазылат.
178. Шаардык кеңештин токтомунун төмөнкү реквизиттери болуусу тийиш:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби;
актынын түрүн көрсөтүү;
бул ченемдик укуктук актыны жөнгө салууну көрсөтүүчү аталыш;
кабыл алынган орду жана күнү;
каттоо номуру;
токтомго кол коюуга өкүлдөгөн жактын колу;
гербдүү мөөр.
 
    § 3. Токтомдун түзүмдүк элементтери
 
179.Токтомдун түзүмдүк элементтери болуп бөлүктөр, главалар, параграфтар, пункттар, кичи пункттар жана абзацтар саналат.
180. Көлөмү боюнча чоң токтомдор главаларынын мазмуну жакын болуп бириктирилген бөлүктөргө бөлүнөт.
Бөлүктөр рим цифралары менен белгиленет жана беттин ортосунда баш тамгалар менен жазылган аталышы болуусу керек. 
Эгерде токтомдо главалар жок болсо, “бөлүк” түзүмдүк элементин киргизүүгө жол берилбейт.
181. Токтомдордун көлөмү боюнча бир кыйла чоң, мазмуну боюнча жакын пункттар главаларга бириктирилиши мүмкүн.
Главалар араб цифралары менен белгиленет жана беттин ортосунда баш тамгалар менен жазылган аталышы болуусу керек.
Чоң көлөмдөгү токтомдун главалары параграфтарга бөлүнүшү мүмкүн. Параграфта𠓧” белгиси менен белгиленет, араб сандары менен белгиленүүчү катар номуру болот.
     182. Пункттар – бул ченемдик буйрутманы камтуучу, токтомдун түзүмдүк негизги элементтери.
  Пункттардын аталыштары жок, чекиттүү араб цифралары менен белгиленет кичи пункттардан жана (же) абзацтардан, кичи пункттар- абзацтардан турушу мүмкүн.
Кичи пункттар тегерек каша менен жабылган араб цифралары же алфавит тамгалары менен белгиленет.
  183. Абзац – бул мааниси боюнча бир, биринчи сапта бир аз бош жер калтыруу менен бөлүнүүчү жана чоң тамга менен башталган пункттун бөлүгүнүн биринчи абзацынан тышкары, кичине тамга менен башталуучу статьянын, пункттун же кичи пункттун бөлүгү. Абзацтар үтүр чекит менен (акыркы абзацтан башкасы) аяктайт.
  Эгерде пункттун өткөн абзацы точка менен аяктаса жана маанилик жагы абзацтын улануусун талап кылса, анда мындай абзац чоң тамга менен башталат.
  Абзац цифра же тамга менен белгиленбейт.
  184. Токтомдордун бөлүктөрүн, главаларын, пункттарын номурлоо өтмө болуусу керек.
  Өтмө эмес, өз алдынча номурлоо – бул ар бир пункттагы кичи пункттарды, ар бир главадагы параграфтарды жана ар бир бөлүктөгү кичи бөлүктөрдү номурлоо болуп саналат.
  185. Ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизгенде жана ченемдик укуктук актынын түзүмдүк элементтерин күчүн жоготту деп табууда токтомдун бөлүктөрүнүн, главаларынын, пункттарынын номурлары алмаштырылбайт.
  Эгерде токтомдун аягына кошумча киргизилип жатса, бөлүктөрдүн, главалардын, статьялардын, пункттардын болгон номурлары улантылышы керек.
  Эгерде токтом жаңы түзүмдүк элементтер менен толукталса, жаңы түзүмдүк элементтер негизги цифра же тамга белгилеринин үстүнөн батырылыштырылуучу кошумча цифралар менен белгиленет.
  186. Тийиштүү болгон түзүмдүк элементтин текстине эскертүүлөр тикеден-тике киргизилет.
 187. Токтомдордун жоболор, тизмектер, таблицалар, графиктер, тарифтер, карталар, бланктардын, документтердин, чиймелердин ж.б. үлгүлөрү жайгаштырылуучу тиркемелери болушу мүмкүн.
Эгерде бир канча тиркемелер болсо, анда аларга “№” белгисин коюусуз араб цифралары менен номур коюлат. Тиркемелерге таянган учурда, токтомдун текстинде “№” белгиси ошондой эле көрсөтүлбөйт.
188. Токтомдун жана анын тиркемелеринин юридикалык күчү бирдей.
  Тиркемелердин жазылышы токтомдун текстинен кийин барактын оң жагынын жогорку четинде жайгашат.
  Тиркемелердин аталышы барактын ортосунда жайгашат жана жарым карартылган шрифттер менен жазылат.
  
189. Кыскартылган, жалпыланган түшүнүктөрдү пайдалануу, шилтемелерди колдонуу тартиби мыйзам тарабынан аныкталат.  
§ 4. Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана анын күчүн жоготту деп табуу тартиби
190. Эгерде өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун азыркы редакциясына киргизилүүлөрдүн саны токтомдун текстинин (анын түзүмдүк элементинин) жарымынан көбүн түзсө же кээ бир өзгөрүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү баяндоо же кабыл алуу үчүн техникалык татаал болсо, токтомго киргизилүүчү өзгөрүүлөр жана (же) толуктоолор токтомдун (анын түзүмдүк элементинин) жаңы редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат.
Жаңы редакциядагы токтомдун текстин баяндоодо токтомдун аталышында “жаңы редакция” деген сөздөр пайдаланылбайт. Жаңы редакциядагы токтомду кабыл алууда колдонуудагы токтом күчүн жоготту деп табылат.
Башка учурларда токтомдун текстине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор  кээ бир сөздөрдү, сунуштарды, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолдору менен киргизилет.
191. Токтомго өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү токтом кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
192. Токтомдор, анын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп табылууга; сөздөр, цифралар жана сунуштар алып салынууга жатат.
 
193. Түзүмдүк элементтерди күчүн жоготту деп табууда кийинки түзүмдүк элементтерди кайра эсептөө жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон түзүмдүк элемент бул түзүмдүк элементке өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду кийинки киргизүүдө саноодо катышат.
194. Токтом күчүн жоготту деп табылганда бир убакта бардык ченемдик укуктук актылар же бул актыга киргизилген өзгөртүүлөрү жана (же) толуктоолору киргизилген алардын түзүмдүк элементтери да күчүн жоготту болуп саналат.
195. Эгерде ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп табылса, башка ченемдик укуктук акт же акыркы мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп табылгандыгы каралган анын түзүмдүк элементи өз аракетин кайта баштабайт.
196. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган токтомдордун долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген усулга ылайык тез таасир этүүчү анализден өтүүгө тийиш.
197. Тез таасир этүүчү анализ токтомдун иштеп чыгуучулары тарабынан жүзөгө ашырылат жана камсыздалат.
198. Токтомдун долбоору иштеп чыгуучулар тарабынан тез таасир этүүчү анализдин негизинде даярдалган негиздеме берилбегенде четке кагылууга тийиш.
199. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндигин жана милдеттерин камсыздоо; коомдук бирикмелердин укуктук статусу, массалык-маалымат каражаттары; мамлекеттик бюджеттин, салык тутуму; экологиялык коопсуздук; укук бузуучулар менен күрөшүү; ишкерликти жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелери боюнча токтомдун долбоорлору укуктук, укуктук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык жана башка илимий экспертизадан (ченемдик укуктук актынын долбоору жөнөтүлгөн жөнгө салуу укук мамилелерине жараша) өтүүгө тийиш.
200. Илимий экспертизанын милдеттери төмөнкүлөр:
долбоордун сапатынын, негизделүүсүнүн жана өз убагында болуусунун, ченем жаратуу техникасынын талаптарынын долбоордо сакталуусунун баасы;
долбоордун Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайыктуулугун баалоо;
ченемдик укуктук актынын натыйжалуулук мүмкүнчүлүгүн аныктоо;
ченемдик укуктук акты катары долбоорду кабыл алуунун социалдык, экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык жана башка терс кесепеттерин табуу жана баалоо;
илимий экспертизаны жүргүзүүдө коюлган башка милдеттерди кароо.
201. Токтомдордун долбоорлорун көз карандысыз илимий экспертизадан өткөрүү үчүн шаардык кеңеш илимпоздорду жана адистерди чакыра алат.
202. Эксперт катары токтомдун долбоорлорун даярдоодо түздөн - түз катышпаган жактар тартылышы керек.
203. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору сессиянын кароосуна киргизүүнүн алдында милдеттүү түрдө Бишкек шаарынын мэриясынын юридикалык бөлүмү менен, шаардын кирешесин кыскартууну же чыгымдарды көбөйтүүнү караган маселелер боюнча Шаардык финансы башкармалыгы менен, ишкердик субъекттердин ишмердигин жөнгө салууга, кызматтарга тарифтерди жогорулатууга багытталган маселелер боюнча ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен, Бишкек шаарынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү менен, алардын компетенциясына тиешелүү ченемдер токтомдо камтылса, башка органдар менен макулдашуусу керек.
14-глава. Шаардык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү
204. Шаардык кеңештин кароосуна киргизилүүчү документтердин топтому төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
Бишкек шаарынын мэринин колу коюлган коштомо кат;
Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
Бишкек шаарынын тейлеген вице - мэринин колу коюлган маалымкат- негиздемеси;
салыштырма таблица (азыркы токтомго өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же жаңы редакцияда кабыл алуу учурунда);
токтомдун долбоорун макулдашуу жөнүндө маалыматты камтыган документтер (зарыл болгон учурда);
жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар (зарыл болгон учурда).
205. Бишкек шаардык кеңешке токтомдун долбоору бир убакта мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрүндө киргизилет.
206. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын талаптарын жана бул регламентти бузуу менен кароого киргизилген токтомдун долбоору кароосуз кайтарылууга тийиш.
Тартип бузуулар четтетилгенден кийин долбоор белгиленген тартипте киргизилет.
207. Шаардык кеңештин кароосуна киргизилүүчү токтомдун долбоорунун текстинде төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
·    беттин оң жаккы жогорку бурчунда “Долбоор” деген сөз жазылат;
·   “Долбоор” деген сөздүн алдында документ киргизүүнүн демилгечиси, долбоорду киргизүү күнү көрсөтүлөт;
·   ылдый, беттин ортосунда документтин аталышы “БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ”;
·   андан ары - ченемдик укуктук актынын формасына жана түзүмүнө көрсөтүлүүчү талаптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти;
·   долбоордун текстинин алдына документтин бул долбоору боюнча жооптуу аткаруучунун аты-жөнү, анын кызматтык телефонунун номуру көрсөтүлөт жана өзүнүн кол тамгасы.
208. Токтомдо аны ишке ашыруу тартиби белгиленет, тактап айтканда:
·   токтомду ишке киргизүү мөөнөтү конкреттештирилет жана ыкмасы аныкталат;
·   мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызматтык жактарга конкреттүү тапшырмалар берилет, аларды аткаруу үчүн мөөнөттөрү аныкталат.
209. Токтомдун долбоорунун маалымкат- негиздемеси төмөнкү маалыматтарды камтуусу керек:
·   бул токтомду кабыл алуунун натыйжасында болжол менен жетише турган же чечиле турган максаттар жана милдеттер;
·   кабыл алынуучу токтомдун иштөөсүнүн натыйжасында мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык божомолдор;
·   ал өткөрүлгөн учурда коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат;
·   токтомдун долбоорунун мыйзамга ылайык келүүсүнө анализ;
·   аны каржылоо булактарынын болуусу.
210. Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тийиштүү токтомдун долбоорлору, ошондой эле ишкердик ишмердикти жөнгө салуучу токтомдун долбоорлору шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоого жатат.
  Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшүүчү сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпыланат.
  Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүү же киргизбөө себептерин негиздемеси менен түшкөн сунуштар жөнүндө жыйынтыктоо маалыматтарды даярдайт.
  Жыйынтыктоо маалымат ченемдик укуктук актынын долбооруна тиркелүүчү маалымкатта чагылдырылат.
  211. Шаардык кеңештин сайтында токтомдун долбоорунан тышкары кошумча төмөнкү маалыматтар жайгаштырылат:
·   аны кабыл алуунун негиздемеси;
·  иштеп чыгууда катышкан, ошондой эле токтомдун долбоору менен алдын-ала макулдашылган жактардын жана уюмдардын тизмеги;
·  финансылык-экономикалык эсептер, жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундулары;
·  статистикалык маалыматтар;
·  мамлекеттик же мыйзам тарабынан корголуучу башка сырды камтыган маалыматтардан тышкары токтомдун долбоорун негиздөө үчүн керектүү башка маалыматтар.
212. Коомдук талкуулоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
213. Токтомдордун долбоорлорунун коомдук талкуулоолорунун мөөнөтү бир айдан кем аз болбойт.
214. Шаардык кеңештин төрагасы токтомдун долбоорун токтомдун долбоору боюнча корутунду даярдоочу регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын, профилдик комиссиянын жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кароосуна жөнөтөт.
215. Шаардык кеңештин сессиясында токтомдун долбоорун кароого чейин ачык же депутаттык угуулар формасында аны алдын-ала талкуулоо өткөрүлүшү мүмкүн.
15-глава. Шаардык кеңештин токтомдорун кабыл алуу
  216. Токтомдор шаардык кеңеш тарабынан бул регламент тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат.
  Шаардык кенештин токтомдору бул регламент тарабынан каралган учурлардан тышкары сессияда катышкан шаардык кеңештин депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
  Бишкек шаарынын бюджетинен каржылоону ишке ашырууну талап кылган токтомдорду алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кароого жана кабыл алууга мүмкүн эмес.
  217. Шаардык кеңештин сессиясында маселени кароо жол-жобосунун негизги элементтери:
·         баяндамачыга жана тең баяндамачыга (бул регламент тарабынан каралган учурларда) чыгып сүйлөө үчүн сөз берүү;
·         баяндамачыга жана тең баяндамачыга суроо берүү жана аларга жооп алуу укугун депутаттарга берүү;
·         талкууну өткөрүү (жарыш сөздөрдү);
·         жыйынтыктоо сөзү үчүн баяндамачыга жана тең баяндамачыга сөз берүү;
·         добуш берүү мотивдери боюнча сөз сүйлөө;
·        “негизинен” токтомдун долбоорун кабыл алуу үчүн добуш берүү;
·         негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун же анын тиркемелеринин тексти боюнча сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүү;
·         добуш берүү мотивдери боюнча чыгып сүйлөө;
·         токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
  218. Токтомдун долбоорун кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуу зарылчылыгы жөнүндө маселе талкууланат, токтомдун долбоорунун концепциясынын жалпы баасы берилет.
  Талкуулоо токтомдун долбоорунун демилгечисинин баяндамасынан жана шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын тең баяндамасынан башталат.
  Эгерде токтомдун долбоорун кароо бири-бирине карама-каршы келген корутундуларды же чечимдерди беришкен бир канча туруктуу комиссияларга тапшырылган болсо, шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын корутундусу менен макул болбогон туруктуу комиссиялардын төрагаларынын баяндамалары дагы угулат.
  Токтомдун долбоорун кароодо шаардык кеңештин фракцияларынын, туруктуу комиссияларынын, депутаттарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн, талкууга катышуу үчүн чакырылган башка жактардын сунуштары жана эскертүүлөрү угулат.
  Шаардык кеңештин эсебинен жабылуучу чыгымдарды караган токтомдордун долбоорун кароодо Бишкек шаарынын мэриясынын же Шаардык финансы башкармалыктын начальнигинин корутундусу милдеттүү түрдө угулат.
  219. Сессияда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин белгилейт. Чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин белгилөөдө артыкчылык каралуучу маселелерди даярдоо үчүн фракциялардын жетекчилерине, шаардык кеңеш тарабынан түзүлгөн комиссиялардын өкүлдөрүнө, шаардык кеңештин профилдик комиссияларынын өкүлдөрүнө, шаардык кеңештин сессиясына чакырылган эксперттерге, жазуу жүзүндөгү корутунду берген депутаттарга берилет.
  220. Шаардык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, Бишкек шаарынын мэри кезексиз чыгып сүйлөөгө укуктуу.
221. Сессияда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөнүн күн тартибине ылайык келүүсүнө, чыгып сүйлөөнүн белгиленген убакыты сакталышына көз салат. Зарыл болгон учурда ал жөнүндө эскертип турат.
Эгерде чыгып сүйлөөчү төрагалык кылуучунун көрсөтүүсүн тоотпостон, өз сөзүндө кемсинтүүчү сөздөрдү колдонсо, төрагалык кылуучу тартипке чакырат же аны сөз сүйлөөдөн алып салат.
222. Жарыш сөздөрдү токтотуу жөнүндө сунуш добушка коюлат жана ага сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды болуп саналат.
  Чыгып сүйлөбөй калган депутаттардын өтүнүчү боюнча, алардын чыгып сүйлөө тексттери сессиянын протоколуна тиркелет. Бул учурда, чыгып сүйлөөнүн тексти шаардык кеңештин аппаратына тапшырылат.
  223. Туруктуу комиссиялардын төрагалары талкуунун жыйынтыгы боюнча токтомдун долбоорунун же тиркемелеринин текстине өзгөртүүлөрдү киргизет жана бул жөнүндө токтомдун долбоорун негизинен кабыл алуу үчүн добуш берүүгө чейин билдирет.
  Туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу боюнча шаардык кеңештин сессиясы кийинки сессияга чейин токтомдун долбоорун кабыл алууну калтыруу жөнүндө протоколдук чечим кабыл алууга укуктуу.
  224. Токтомдун долбоорун негизинен кабыл алганга чейин (анын ичинде жарыш сөздөрдүн жүрүшүндө) депутаттар же аны кабыл алуунун демилгечилери токтомдун долбоорун жазуу же оозеки түрүндөгү арыз менен (добуш берүү жолу менен) расмий түрдө чакырып алууга укуктуу.
  Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат.
  225. Жарыш сөздөр аяктагандан кийин баяндамачы жана тең баяндамачы жыйынтыктоо сөзү менен чыгып сүйлөөгө укуктуу.
  Ушундан кийин токтомдун долбоорун негизинен кабыл алуу жөнүндө маселе добушка коюлат.
  226. Сессияда төрагалык кылуучу токтомдун жана анын тиркемелеринин тексти боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштайт. 
  227. Анын жоболорун талкуулоо менен токтомдун долбоорун кароодо талкууланган жана добушка коюлган жазуу жана оозеки түрүндөгү түшкөн бардык сунуштар угулат.
  228. Төрагалык кылуучу биринчи кезекте туруктуу комиссиялардын сунуштарын добушка коёт. Эгерде шаардык кеңештин сессиясы сунуштардын бирин дагы колдобосо, пункт четке кагылды болуп саналат.
  229. Бир эле маселе боюнча бирден көп токтомдун долбоору киргизилсе, шаардык кеңеш мындан ары кароо үчүн кайсынысы кабыл алынгандыгы жөнүндө чечим кабыл алат.
  230. Токтомдун долбоорун талкуулоонун жыйынтыктары боюнча сессия добуш берүү болгон, киргизилген сунуштарды жана эскертүүлөрдү, ошондой эле профилдик комиссиянын жана регламент жана укук маселелери боюнча комиссиянын корутундуларын эске алуу менен токтомду жалпысынан кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алат.
  231. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды болуп саналат. Четке кагылган токтомдун долбоору шаардык кеңеш тарабынан 3 айдан эрте эмес кайта каралуусу мүмкүн.
16-глава. Кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштуруу тартиби
 
  232. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери документтин долбоорун аткаруучулар менен бирдикте кабыл алынган токтомду сессиядан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде жол-жоболоштурушат.
  Шаардык кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеңештин төрагасы кол коёт.    Токтомдун тиркемелерине шаардык кенештин аппарат жетекчиси кол коёт.
  233. Шаардык кеңештин сессиясынын токтому каралган документтин текстине сунуш киргизген депутаттар кол коюшкандан кийин шаардык кеңештин төрагасы кол коёт.
  234. Документтин аягына “шаардык кеңештин төрагасы колу” деген грифтен ылдыйыраак төмөнкүлөр кол коюшат:
·   шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын төрагасы;
·   сунуш киргизген шаардык кенештин депутаттары;
·   шаардык кеңештин аппарат жетекчиси;
·   шаардык кеңештин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
·   шаардык кеңештин документ менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
·   шаардык кеңештин профилдик бөлүмдөрүнүн башчылары;
мамлекеттик тилдеги лингвистикалык экспертиза үчүн жооптуу адис;
·  даярдалган документ боюнча сессияда кабыл алынган чечимдердин тууралыгына жана расмий тилде лингвистикалык экспертиза үчүн жооптуу адис- корректор;
·  аты-жөнүн, кызматын, кызматтык телефонунун номурун көрсөтүү менен документтин аткарылышына жооптуу шаардык кеңештин кызматкери.
  Зарылчылыкка жараша бул маселени тейлеген Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн жетекчилери менен макулдашуу жүргүзүлөт.
  Бул регламенттин талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган токтом кол коюуга шаардык кеңештин төрагасына берүү үчүн шаардык кеңештин документ менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.
  235. Документти жол-жоболоштурууда тийиштүү сессияда түздөн-түз айтылгандан жана документти лингвистикалык экспертизадан өткөргөндөн кийинки ондоолордон тышкары ага оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
  Шаардык кеңештин сессиясында бекитилген документке мыйзамсыз киргизген жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопко тартылат.
  236. Ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдор расмий жарыяланууга тийиш.
  237. Токтомдордун расмий жарыялануусу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырылат.
  Токтомдорду толук эмес жарыялоого жол берилбейт.
  238. Ченемдик-укуктук мүнөздөгү токтомдор расмий жарыялоо алардын күчүнө кирүүсүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
  Эгерде токтомдун өзүндө башка шарт каралбаса, токтомдор расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Ишкерлик ишмердикти жөнгө салуучу токтомдор расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
  239. Кабыл алынган ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдор укуктук камсыздоо бөлүмүндө каттоодон өтүүгө тийиш, андан кийин алар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигине жөнөтүлөт.
17-глава. Үстүбүздөгү жылга Бишкек шаарынын бюджетин кароо жана кабыл алуу жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту угуу өзгөчөлүгү
 § 1. Бишкек шаарынын бюджетин киргизүү жана бекитүү тартиби
 
240. Шаардык кеңештин жетекчилиги жана туруктуу комиссиялар мамлекеттик органдардын салык кызматтарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана юридикалык жактардан шаардык бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү бардык маалыматтарды суроого жана алууга, бул органдардын жетекчилерин өз жыйындарына чакырууга жана угууга укуктуу.
 241. Шаардык бюджеттин долбоорун түзүү үчүн керектүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте берилет.
242. Шаардык бюджеттин долбоорун алдын-ала кароо кийин фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын (ишинин багыттары боюнча) жыйында бюджет жана финансы боюнча комиссияда жана регламент жана укук маселелер боюнча комиссияда кароо менен өткөрүлөт.
243. Шаардык бюджеттин долбоорун кароо ачык жана айкын жүргүзүлөт. Бюджеттин долбоорун кароо боюнча коомдук угуулар өткөрүлүшү мүмкүн.
Бюджеттин аткарылышы жөнүндө токтом жана тийиштүү жылга шаардын бюджети жөнүндө шаардык кеңештин чечимдери расмий сайтта жайгаштырылууга тийиш.
    18-глава. Токтомдордун аткарылышына контроль
  244. Токтом аны ишке ашыруу тартибин белгилейт, тактап айтканда:
·  конкреттүү мөөнөттөрүн жана пункттарды же токтомду жалпысынан ишке киргизүү ыкмасы;
·  органдарга жана кызматтык жактарга токтомду ишке ашыруу, Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн (зарыл болгон учурда) кызматтык жактарына таасир этүүчү чараларды көрүү, Бишкек шаарынын мэриясынын актыларын токтомго ылайык келтирүү боюнча конкреттүү тапшырмалардын болуусу;
·  аны аткаруу үчүн мөөнөттөр аныкталат.
  Шаардык кеңештин ар бир токтомунда анын аткарылышына контроль жүктөлүүчү жак же орган көрсөтүлөт.
  245. Контроль кылуунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
·   токтомду ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деңгээлин табуу;
·   анын аткарылышына кыйынчылык кылуучу себептер;
·   анын аткарылышына кыйындатуучу себептерди табуу;
·   аткарууга тоскоолдук кылуучу жактарды (органдарды) табуу жана тартуу, зарылчылыкка жараша аларды жоопкерчиликке тартуу, токтомдун аткарылышын сот тартибинде (ушундай зарылчылык болсо) камсыз кылуу.
   Шаардык кеңеш жүктөгөн контроль саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жакка (органга) эч кандай атайын ишеним каттар талап кылынбайт.
246. Шаардык кеңештин сессиясы токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты уккандан кийин төмөнкүлөргө укуктуу:
· аткарылган катары контролдон алып салууга;
·  аткарылган катары токтомдун кээ бир пункттарын контролдон алып салууга;
· бул токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн узартууга;
· контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
· токтомду жокко чыгарууга;
· токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
· кошумча токтом кабыл алууга.
247. Контроль боюнча отчёттуулук мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышына контроль жүктөлгөн жакка (органга) тапшырууга, шаардык кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүгө укуктуу.
19-глава. Шаардык кеңештин сессияларынын, президиумунун жана башка органдарынын жыйналыштарынын протоколу
248. Шаардык кеңештин сессияларында жана президиумунда чакырылыштын чектеринде катар номур берилүүчү протокол жүргүзүлөт.
Сессиялардын жыйындарынын протоколдорун жол-жоболоштуруу, протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
249. Протоколдун тексти эки бөлүктөн турат: киришүү жана негизги.
Шаардык кеңештин сессиясынын (президиумдун) жыйынынын протоколунун киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр чагылдырылат: номуру, өтүү күнү, убактысы жана орду; шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, шаардык кенештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык чакырылган болсо, чакырылгандын тизмеси тиркелет), баяндамачынын (тең баяндамачынын) аты-жөнүн көрсөтүү менен күн тартиби, шайланган органдардын : катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамы.
Негизги бөлүктө төмөнкүлөр чагылдырылат: сессияны алып баруунун жүрүшү, каралуучу маселелер, баяндамалары менен, жарыш сөздөрдө чыгып сүйлөөчүлөр, добушка коюуга киргизилген маселелер жана сунуштар, аларды чечүү ыкмалары; добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар. 
Депутаттардын аты-жөндөрү алардын фракцияларын, башка жактардын аты-жөнү, кызматын жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
250. Сессиянын протоколу сессия ишин аяктагандан кийин 20 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, шаардык кеңештин төрагасы жана сессиянын катчылыгы тарабынан кол коюлат.
251. Президиумдун протоколу төрагалык кылуучу жана протокол жазуу үчүн жооптуу шаардык кеңештин аппаратынын адиси тарабынан кол коюлат.
252. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери аппарат жетекчинин уруксаты менен шаардык кенештин депутаттарына жана башка кызыкдар жактарга протоколдун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн беришет, алардан көчүрмөнү жол-жоболоштурат.
 
253.Шаардык кеңештин сессияларында шаардык кеңештин депутаттары жана аппаратынын кызматкерлери үчүн жеткиликтүү болгон видеожазма жүргүзүлөт.
254. Протоколдордун түп нускалары шаардык кеңештин документ менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмүндө сакталат.
255. Шаардык кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген эреже боюнча жашырындык деңгээли сессияда талкуулануучу маалыматтардын жашырындык деңгээлине туура келген маалыматтар үчүн жол-жоболоштурулат.
 
 
IV БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ ТАРТИБИ
20- глава. Шаардык кеңештин ишин пландоо
 
256. Шаардык кеңештин иш-планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш-планы жөнүндө маселе каникулдан кийин биринчи президиумдун жыйынынын күн тартибине киргизилет.
257. Шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин президиуму, фракцияларынын лидерлери, туруктуу комиссиялары, Бишкек шаарынын мэри шаардык кеңештин иш-планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
258. Иш-планга шаардык кеңештин сессиясынын, фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын жыйындарынын  кароосуна киргизилүүчү маселелер киргизилет.
259. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан даярдалган маселени иш-планга киргизүүдө, шаардык кеңеш шаардык кеңеште маселени кароо үчүн жооптуу депутатты (эреже катары, фракциянын жетекчисин, шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын төрагасын) аныктайт.
260. Шаардык кеңештин иш-планын бекитүүдө, иш-планга киргизиле турган маселелер боюнча токтомдордун долбоорлорун берүү талап кылынбайт.
261. Шаардык кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте пландан тышкары токтомдун долбоорлорун даярдоо жана киргизүү мүмкүнчүлүгү алып салынбайт.
21-глава. Депутаттык угууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби
262. Шаардык кеңеш өз иш алып баруу маселелери боюнча депутаттык угууларды өткөрөт.
Депутаттык угуулардын материалдары депутаттарга угуу башталганга чейин 3 күндөн кеч эмес берилиши керек.
263. Депутаттык угууларда шаардык кеңештин компетенциясына кирген ар кандай маселелер талкууланышы мүмкүн.
Депутаттык угуулар шаардык кеңештин депутатынын, фракциялардын, комиссиялардын (жумушчу топтордун), шаардык кеңештин төрагасынын, төраганын орун басарынын, шаардык кеңештин президиумунун демилгеси боюнча өткөрүлөт.
Депутаттык угуулар коомдук жана донордук уюмдар менен биргеликте өткөрүлүшү мүмкүн.
264. Депутаттык угууларды уюштуруу жана өткөрүү депутаттык угуулардын демилгечисине жана шаардык кенештин аппаратына жүктөлөт.
Депутаттык угууларга чакырылуучу жактардын курамы бул угууларды өткөрүүнү уюштурган демилгечи тарабынан аныкталат. Шаардык кеңештин төрагасы чакырылгандардын тизмесин толуктоого укуктуу.
Депутаттык угууларга чакырылгандардын тизмесине киргизилген жактарга депутаттык угууларга алардын милдеттүү келүүсү жөнүндө алдын-ала расмий эскертүү жиберилет.
265. Депутаттык угуулар жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнө ачык.
Депутаттык угууларды өткөрүүнү уюштурган демилгечи жабык депутаттык угууларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Жабык депутаттык угууларда конфиденциалдуу мүнөздөгү маселелер, ошондой эле мамлекеттик жана башка мыйзам тарабынан корголуучу сырды түзгөн, зыян келтирген маалыматтар талкууланат.
266. Депутаттык угууларда төрагалык кылуучу болуп фракциянын лидери, шаардык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясынын төрагасы , ал эми төрага жок болгон учурда, анын орун басары, депутаттык угуулардын демилгечиси  болуп саналат.
Төрагалык кылуучу депутаттык угууларды алып барат жана талкуунун жүрүшүнө көз салат.
267. Депутаттык угуулар талкуулануучу маселенин мааниси, анын маанилүүлүгү, угууну өткөрүү тартиби, чакырылгандардын курамы жөнүндө маалымат берген төрагалык кылуучунун кыскача сөзү менен башталат. Депутаттык угууларда   бардык каалоочулар төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөй алышат.
268. Депутаттык угууларга чакырылган жактардын чыгып сүйлөөлөрүнөн кийин шаардык кеңештин депутаттарынын суроолору жана аларга жооптор болот. Суроолор оозеки түрүндө да, жазуу түрүндө берилиши мүмкүн.
269.Депутаттык угуулар талкуулаган маселе боюнча сунуштарды кабыл алуу менен аяктоосу мүмкүн. Депутаттык угуулардын сунуштары шаардык кеңештин депутаттарынын угууларында катышкан көпчүлүктүн жактыруусу менен кабыл алынат.
270. Депутаттык угуулар протоколдоштурулат. Депутаттык угуулардын протоколу төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат.
Ачык депутаттык угуулардын сунуштары басма сөз каражаттарына басылып чыгышы мүмкүн.
Депутаттык ачык угуулардын материалдары шаардык кеңештин депутаттарына, ага катышкан мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө берилет.
22- глава. Мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу тартиби
 
271. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Борбор шаардын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.
272. Мамлекеттик бийлик органдары шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
273. Шаардык кеңеш бийликтин аткаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
274. Аймактын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү чакырылат.
275. Аймакты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэриясы консультацияларды  өткөрөт жана шаардык кеңеш менен өз чечимдерин жазуу түрүндөгү макулдашууларды жүргүзөт.
276. Шаардык кеңештин сессиясы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна мамлекеттик ыйгарым укуктарды өкүлдөө жөнүндө келишимдерди бекитет.
23-глава. Бишкек шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө тартиби
277. Бишкек шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан добуштун үчтөн экиси менен кабыл алынат.
Бишкек шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө жөнүндө сунушту Шаардык кенештин президиуму, фракциясы жана туруктуу комиссиясы киргизиши мүмкүн.
24- глава. Шаардык кеңеш тарабынан контролдук ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби.
 
278. Бишкек шаарынын мэриясы, анын түзүмдүк бөлүктөрү жана кызматтык жактары өз ишинде Бишкек шаардык кеңештин алдында отчёт берет жана контролунда болот.
279. Шаардык кеңештин контролдук иши Кыргыз Республикасынын мыйзамына, бул регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.
280. Шаардык кеңештин контролдук ишинин уюштуруу негизин шаардык кеңештин контролдук ишин жүзөгө ашыруучу субъекттер: депутаттар, фракциялар, туруктуу, убактылуу жана жумушчу комиссиялар, президиум түзөт.
281. Контролдук иш төмөнкү формада жүзөгө ашырылат: шаардык кеңештин сессиясында отчётторду угуу; фракциялык сурамаларды жөнөтүү;  маалыматтарды угуу.
282. Текшерүүлөрдү жүргүзүү шаардык кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.
283. Контролдук иш-чараларды өткөрүү мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоосу керек. Финансылык олуттуу тартипти бузуулар, бюджеттик каражаттарды жана башка ресурстарды мыйзамсыз жана натыйжасыз чыгымдоо фактылары табылган, ошондой эле шаардык кеңештин контролдук функциясын жүзөгө ашыруучу субъекттерге жолтоо болгон учурларда, баяндама каттын негизинде шаардык кеңештин төрагасы комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүү текшерилип жаткан субъекттин негизги ишине жолтоо болбоосу керек.
284. Контролдук функцияларды жүзөгө ашыруучу субъекттер жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча маалыматтык кат, ал эми зарыл болгон учурда шаардык кеңештин токтому даярдалат.
Бул регламентке ылайык күн тартибине киргизүү үчүн текшерүүлөрдүн материалдары шаардык кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.
285. Шаардык кеңештин жумушчу комиссияларынын контролдук ишинин жыйынтыктары жумушчу комиссиянын чечими менен жол-жоболоштурулат.
286. Контролдук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын, анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана текшерилүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин дарегине шаардык кеңештин токтому, жумушчу комиссиялардын, президиумдун чечимдери, табылган тартип бузууларды четтетүү боюнча сунуштар жөнөтүлөт.
Шаардык кенештин сессиясында чечим аткарылбаган себептерди белгилөө, аны аткаруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө, ал эми зарыл болгон учурда, күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча маселе каралышы мүмкүн.
287. Фракциялык (депутаттык) суроо-талап – бул фракциянын (депутаттын) шаардык кенештин төрагасына, төраганын орун басарына, мэрге, вице-мэрлерге, шаардын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана кызматтарынын, менчиктин формасына карабастан шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине карата талабы, коомдук мааниси бар жана шаардык кеңештин карамагына тийиштүү болгон маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берет же позициясын билдирет.
Суроо-талап фракция (депутат), туруктуу комиссия тарабынан жазуу же оозеки формада киргизилиши мүмкүн. Ал шаардык кеңештин күн тартибине киргизилүүгө тийиш, ал боюнча талкуу жүргүзүлүүсү мүмкүн жана чечим кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасы депутаттык суроо-талапты ал кайрылган тийиштүү органга же кызматтык жакка билдирет.
Суроо – талап кайрылган орган же кызматтык жак шаардык кенеш тарабынан белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Суроо-талапка берилген жооп шаардык кеңештин сессиясынын отурумунда каралышы мүмкүн.
288. Шаардык кеңештин фракциясы менчиктин формасына карабастан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иши, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жарандык бирикмелердин органдарын текшерүүнү жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө маселени коюууга укуктуу.
Текшерүүнүн жыйынтыктары жана алар боюнча сунуштары жөнүндө фракция текшерүүнү жүзөгө ашырган тапшырма боюнча шаардык кеңештин сессиясында же шаардык кеңештин төрагасына билдирет.
289. Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуулар табылган учурда, фракция бул маселе боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыла алат.
25- глава. Депутаттын жардамчылары
290. Шаардык кеңештин депутаты беш адамдан көп эмес санда коомдук башталышта жардамчыларды алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын жараны гана депутаттын жардамчысы боло алат.
291. Жардамчынын ишинин мүнөзү бул регламентке жана депутаттын жардамчысы жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
Депутаттын жардамчысы:
·   шайлоочулар менен анын жолугушууларын уюштурат;
·      өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн аналитикалык, маалыматтык, сурап-билүү жана башка депутатка керектүү материалдарды даярдайт;
·    депутаттын тапшыруусу боюнча мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарда, коомдук бирикмелерде документтерди, маалыматтык жана сурап билүү материалдарды алат;
·    анын тапшыруусу боюнча башка жактар жана уюмдар менен өз ара мамиле түзө алат.
   
292. Депутаттын жардамчысы депутаттын статусуна ээ боло албайт жана анын укуктары менен пайдалана албайт. Депутат өз жардамчыларынын иши үчүн жоопкерчилик тартат.
Депутаттын жардамчысына, алардын ыйгарым укуктарын тастыктаган, негизги документ - күбөлүк берилет.
26- глава. Эл аралык кызматташуу
 
293. Шаардык кеңеш эл аралык уюмдар менен байланышты   жүзөгө ашырат.
294. Шаардык кеңеш шаарлардын өкүлчүлүк бийлик органдары жана чет өлкөлөрдүн региондору менен кызматташуу жөнүндө келишим түзө алат.
   
295. Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте эл аралык байланыштар чөйрөсүндөгү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн келишимдерди ратификациялайт.
       
V БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АППАРАТЫ
27-глава. Аппараттын иши
 
296. Бишкек шаардык кеңештин ишин уюштурууну камсыздоо үчүн аны күтүүгө шаардык бюджет тарабынан каралган айлык акы фондунун чектеринде белгиленген тартипте аппарат түзүлөт.
297. Шаардык кеңештин аппаратынын негизги функциясы - бул шаардык кеңештин, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын жана депутаттардын, ошондой эле депутаттардын ишинин укуктук, усулдук, уюштуруу, документтик, маалыматтык, материалдык-техникалык жана башка камсыздоосун ишке ашыруу болуп саналат.
Шаардык кеңештин аппаратынын түзүмү шаардык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
298. Шаардык кеңештин аппаратынын укуктук статусу жана ыйгарым укуктары аппарат жетекчинин көрсөтүүсү боюнча төрага тарабынан бекитилүүчү аппарат жөнүндө жобо менен аныкталат.
Шаардык кеңештин аппаратынын ишин камсыздоого чыгымдар сметасы бюджет жана финансы боюнча комиссия менен макулдашуу боюнча шаардык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
299. Шаардык кеңештин аппараты кезектеги чакырылышта ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аяктоосу менен өз ишин токтотпойт. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси тарабынан жөнгө салынат.
 
 
28- глава Аппарат жетекчи
 
300. Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси административдик муниципалдык кызматты ээлейт.
Өз ыйгарым укуктарынын чектеринде:
·   белгиленген функцияларды аткарат;
·       шаардык кенештин төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат;
·    шаардык кеңештин аппаратынын ишин жетектейт, башка уюмдар
менен шаардык кеңештин аппаратынын өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт, аралаш жана комплекстүү маселелер боюнча ишти координациялайт;
·    төраганын бекитүүсүнө шаардык кеңештин аппараты жөнүндө жобону киргизет;
·    шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
·    шаардык кеңештин имаратында жана жайларында режим эрежелерин сактоо боюнча нускаманы бекитет, кызматтык тартипти колдоого жана сактоого карата чараларды көрөт;
·    аппараттын кызматкерлерин ишке кабыл алуу, иштен бошотуу, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча сунуш киргизет;
·    шаардык кенештин расмий документтерин жүргүзүүнү камсыз кылат;
·     сессиянын эскертүүлөрүн жана күн тартибинин долбоорун даярдоону камсыз кылат;
·    токтомдорду, буйруктарды жана башка кабыл алынган чечимдерди жалпыга жарыялоону камсыз кылат;
·    коомдук угууларды даярдоону камсыз кылат.
29-глава. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери
 
301. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери административдик муниципалдык кызматты ээлейт.
Өз ыйгарым укуктарынын чектеринде:
-  шаардык кеңештин сессиясынын уюштуруу-техникалык жактан камсыздоону жүзөгө ашырат;
-  депутаттарды фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын жыйынынын башталышына чейин 2 күндөн кеч эмес кезектеги сессиянын күн тартибинин маселелери боюнча токтомдордун долбоорлору жана ага материалдар менен, анын ичинде шаардык кеңештин маалыматтык тутуму аркылуу камсыз кылат;
·      шаардык кеңештин депутаттарына документтин долбоорлорун жана ага оңдоолорду даярдоо маселелери боюнча, анын ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин өз убагында өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жолу менен көмөк көрсөтөт;
·      депутаттардын табелдик каттоосун жүргүзөт;
·      шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштурат жана аларды каттоону жана керектүү учурларда жарыялоону жүзөгө ашырат;
·      бөлүм жөнүндө бекитилген жоболорго ылайык башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат;
·      шаардык кеңештин депутаттары, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жетекчилери аппараттын кызматкерлерин бул регламент жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аларга жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн гана тарта алат;
·      аппараттын кызматкерлерине мыйзам тарабынан белгиленген тартипте алар тарабынан кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан  кысым көрсөтүү, коркутуу жана башка мыйзамга ылайык келбеген аракеттерден коргоо камсыз кылынат.
302. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери саясий партиялардын, диний жана башка коомдук бирикмелердин түзүмүн түзө алышпайт, шаардык кеңештин фракцияларына карата нейтралдык позицияны ээлейт.
30-глава. Шаардык кеңештин регламентин сактоого контролду жүзөгө
ашыруу тартиби жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
чаралар
303. Шаардык кеңештин жаңы редакциядагы регламенти, ага өзгөртүүлөр жага толуктоолор шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Фракциялар, туруктуу комиссиялар же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан азы тарабынан киргизилген шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө сунуштар шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
304. Шаардык кеңештин регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышына контролду шаардык кеңештин регламент жана укук маселелери жана укук тартиби  боюнча комиссиясы жүзөгө ашырат.
Шаардык кеңештин регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеңештин сессиясында берилет жана зарылчылыкка жараша шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
305. Шаардык кеңештин регламентин бузуу менен кабыл алынган токтомдор, алар кабыл алынган учурдан тартып жараксыз деп табылат.
Мындай жагдай пайда болгон учурда, фракциялар, туруктуу комиссиялар жана депутаттар регламент жана укук маселелери жана укук тартиби боюнча комиссияга кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу талабы менен кайрылууга укуктуу.
306. Шаардык кеңештин сессиясынын жыйынында катышуучулар тарабынан тартип бузуулар болсо, ага карата төмөнкү таасир этүүчү чаралар колдонулушу мүмкүн:
·   тартипке чакыруу;
·   протоколго бул жөнүндө жазуу менен тартипке чакыруу;
·   сөгүш берүү;
·   сессиянын аягына чейин сөз сүйлөөдөн ажыратуу менен сөгүш берүү.
307. Сессияда төрагалык кылуучу гана сессиянын катышуучуларын тартипке чакырууга укуктуу.
Төрагалык кылуучу шаардык кеңештин сессиясынын катышуучуларын төмөнкү учурларда тартипке чакырат, эгерде ал:
·   сессияда төрагалык кылуучу уруксаатсыз чыгып сүйлөсө;
·   жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактаса.
308. Төрага кайталап тартипке чакырган сессиянын катышуучусу жөнүндө протоколго жазылат.
309. Сессияда төрагалык кылуучунун сунушу боюнча депутатка шаардык кеңештин регламентин бузгандыгы үчүн сессияда катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен сөгүш берилет.
Бул регламентте каралган тартип бузуулар үчүн депутатка сөгүш берилет.
310.  Протоколдук чечим менен шаардык кеңештин депутатына төмөнкү учурларда бул сессия убагында сөз сүйлөөдөн убактылуу ажыратуу менен сөгүш берилет:
·   ага берилген жөнөкөй сөгүш берүү менен макул болбогондо;
·    эгерде ал эки жолу жөнөкөй сөгүш алган болсо.
311. Шаардык кеңештин регламентинин сакталышына контроль шаардык кеңештин төрагасына жана регламент жана укук маселелери жана укук тартиби боюнча комиссияга жүктөлөт. Шаардык кеңештин сессиясынын убагында шаардык кеңештин регламентинин сакталышына контроль сессияда төрагалык кылуучуга жүктөлөт.
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                   Э. А. Нурдавлетов