Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин “Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

 

         Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүү жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибинин эрежелерине ылайык жана Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 8-декабрындагы        № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууну колдоо жөнүндө” токтомун көнүлгө алып, ошону менен бирге  Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк, канализациялык тармактарды жана курулмаларды өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү

жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;

         2) салыктарды эсепке албаганда, бюджеттик мекемелер үчүн кичирейтилген коэффициенти менен Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерине техникалык шарттарды даярдоо жана берүү үчүн жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат үчүн тарифтер ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.

         2. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы аймагында төмөнкүлөрдүн таасири жайылтылбоосу белгиленсин:

         1) Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 68 "Бишкек шаарынын аймагында суу түтүк жана канализация тармактарына жаңы курулган, реконструкцияланган, арналышы өзгөртүлгөн, кайра пландалган объекттерди кошууга жана техникалык шарттарды берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомунун;

         2) суу түтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга техникалык шартты берүү жана курулуш объекттерин кошуу бөлүгүндөгү Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин  2005-жылдын 8-декабрындагы № 142 “Бишкек шаарында суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануу Эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Бишкек шаарында суу түтүк жана канализацияны пайдалануу эрежесинин.

         3. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) жер тилкелеринин ээлерине жана пайдалануучуларына инженердик тармактардын курулушунун башталышы жөнүндө кабарлоо боюнча  керектүү чараларды көрсүн;

2) Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан “Түштүк пландоо зонасынын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык тармактары” долбоорун ишке ашыруу үчүн жеке инвестицияларды тартуу механизмдерин иштеп чыксын.

         4. Төмөнкүлөр аныкталсын:

         1) “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы (мындан ары “Бишкексууканал” ӨЭБсы) – Бишкек шаарынын Түштүк зонасы үчүн “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоору тарабынан каралган инженердик тармактарды жана курулмаларды долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу органы болуп;

         2) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы – Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын суу түтүк жана канализациянын магистралдык жана ажыратуучу тармактарын долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу органы болуп.

         5. “Бишкексууканал” ӨЭБсы:

         1) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы инженердик тармактардын курулушу боюнча иштер аяктаганга чейин объекттерди кошууну кийинкиге калтыруу менен долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга үч жактуу келишимди (“Бишкексууканал” ӨЭБсы, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жана “куруучу”) иштеп чыксын;

         2) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын суу түтүк жана канализациянын магистралдык жана ажыратуучу тармактарынын курулушу боюнча аткарылган иштери үчүн акча каражаттарын төлөөнү жөнгө салуучу механизмин иштеп чыксын жана бул башкаруулардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө келишимди түзсүн;

         3) долбоордук-сметалык документтер тарабынан белгиленген мөөнөттө “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорунун алкагында  “Орто-Алыш” суутоптомосунда 35 скважинаны бургулоо менен “Орто-Алыш” суутоптомосунун тарамынан “Совмин” резервуарларынын районундагы тарамына чейинки магистралдык суу өткөрмөлөрдүн, ошондой эле Тыналиев көчөсүнөн (Түштүк зона)  шаардын тазалоочу курулмаларына чейин канализациялык коллектордун долбоорун жана курулушун камсыз кылсын;

         4) инженердик тармактарга кошулуу үчүн куруучудан алынган акча каражаттар Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын инженердик тармактарынын курулушуна жана “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорунун II фазасын ишке ашырууга алынган ЕРӨБнын кредитин (негизги карыз жана пайыздар) жабууга гана багытталсын;

         5) объекттерди куруу мезгилинде курулуш аянтчаларын ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн убактылуу кошулуу ордун аныктасын;

         6) туруктуу негизде инженердик тармактарга объекттерди кошуу Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк-канализациялык тармактардын курулушу боюнча бардык иштер аяктагандан жана инженердик тармактарга кошулууга техникалык шарт жана уруксат үчүн төлөмү болгондон кийин гана жүргүзүлсүн.

         6. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы курулуштун башталышы үчүн жетиштүү каражаттардын келип түшкөнүнөн баштап ченемдик мөөнөттө Түштүк зонанын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык жана ажыратуучу тармактарынын курулушун камсыз кылсын.

         7. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы куруучу тарабынан суралган жана техникалык шарттарды берүү жана Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын иштелип чыккан деталдуу пландоо долбооруна (ДПД) ылайык инженердик тармактарга кошулууга төлөмдөрдү аныктоо үчүн “Бишкексууканал” ӨЭБ тарабынан берилген суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн аныктыгын камсыз кылсын.

         Түштүк зонадагы суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн эсеби бир кишиге жалпы аянттын 20 кв.метрден көп эмес ченеми жана 1 кишиге суткасына 430литр муздак сууну керектөө ченеми менен жүргүзүлсүн.

         8. Жетекчиликтин жеке жоопкерчилиги белгиленсин:

         1) “Бишкексууканал” ӨЭБсы – келип түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, бөлүштүрүү жана чыгымдоо үчүн;

         2) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы – акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жана чыгымдоо, ошону менен бирге Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык жана ажыратуучу тармактарынын өз убагындагы жана сапаттуу курулушу үчүн;

         3) “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы – Бишкек шаарынын Түштүк зонасында долбоорлонгон жана курулуучу объекттердин суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн эсебинин аныктыгы үчүн.

  9. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

  10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча (Конгантиев К.К.), турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияларына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго, вице-мэрлери Б.О.Дюшембиевге жана Э.К.Исаковго жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасы                                                                             А. М. Кененбаев         

 

Приложения:

1) Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкцияланган, багытын өзгөрткөн, кайра пландалган объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо

2) Тарифтер