Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 20 “Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Турак жай кодекстерине ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын турак жай шарттарын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын           27-ноябрындагы № 20 “Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомунун 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “4. Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууга катышуу укуктарын берүү курамына Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан бирден депутат кирген Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат”.

 

2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын            27-ноябрындагы № 20 “Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомунун                      № 1 тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 1.1. пунктундагы “жарандардан жана юридикалык жактардан” деген сөздөр “үлүшчүлөрдөн” деген сөз менен алмаштырылсын, “(мындан ары - үлүшчү)” деген сөз алынып салынсын;

 

2) 1.2. пунктундагы “жарандардын” деген сөз “үлүшчүлөрдүн” деген сөз менен алмаштырылсын;

 

3) 1.2-1. пункту күчүн жоготту деп табылсын;

 

4) 2.1. пунктунун 2-пунктчасындагы “үлүштүк куруунун үлүшчүсүнө” деген сөздөр “үлүшчүгө” деген сөз менен алмаштырылсын;

 

5) 2.1. пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3) үлүштүк куруунун катышуучусу (үлүшчү) – Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумунун кызматчысы болуп саналган, көп квартиралуу турак үйдү үлүштүк курууда (түзүүдө) катышууга ыктыярдуу каалоосун билдирген, үлүштүк курууда катышууга укук алган жана ушул Жобого ылайык үлүштүк курулуш объектисин өз менчигине алуучу Кыргыз Республикасынын жараны.”;

 

6) 2.1. пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-жана 5-пунктчалары менен толукталсын:

“4) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму – Бишкек шаардык кеңеш, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү, чарба жүргүзүүчү субъектилери, Бишкек шаарынын муниципалдык саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо уюмдары”;

5) үй-бүлө мүчөлөрү – арыз берүүчүнүн күйөөсү (аялы), жашы жете элек балдары.”;

 

7) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2 главалары менен толукталсын:

“2-1. Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк

курууда катышууга укугу бар жарандардын

тизмесин түзүү тартиби

 

2-1.1. Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар арыз берүүчүлөрдүн тизмесине киргизүү үчүн арыз берүү укугуна Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумунун кызматчысы болуп саналган, көп квартиралуу турак үйдү үлүштүк курууда катышууга ыктыярдуу каалоосун билдирген Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй талаптарга жооп берген жараны ээ болот:

а) Бишкек шаарынын аймагында кызматчынын менчигинде жана/же үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде турак жайы болбогон, же ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн турак жай аянтынын деңгээли ченемден төмөн турган турак жай аянты менен камсыз болгондор;

б) акыркы үч жылдын ичинде кызматчы же анын үй-бүлө мүчөсү Бишкек шаарында менчигинде болгон турак жайы алынып коюлгандыгынан көрүнгөн өзүнүн турак жай шарттарынын начарлашына багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабагандар;

в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунда жалпы бир жылдан кем эмес эмгек стажы барлар;

г) төлөөгө жөндөмдүүлүк.

2-1.2. Арыз берүүчү төмөнкү документтер тизмегин берет:

а) белгиленген формадагы арыз;

б) арыз берүүчүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн паспортторунун (туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн ) көчүрмөсү;

в) нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

г) арыз берүүчүнүн жана/же үй бүлө мүчөлөрүнүн Бишкек шаарында менчик укугуна тиешелүү кыймылсыз мүлк жок экендигин ырастоочу белгиленген формадагы маалымкат;

д) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

е) иштеген жеринен маалымкат;

ж) үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат;

з) акыркы 12 айга айлык акы тууралуу маалымкат;

и) кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер (кеңейтүүдө).

2-1.3. Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жактардын тизмесине киргизүү үчүн документтерин тапшырган арыз берүүчүлөр, ошондой эле документтерди берген юридикалык жана жеке жактар алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

2-1.4. Ыйгарым укуктуу орган:

а) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон арыз берүүчүлөрдүн тизмесин түзөт;

б) Комиссиянын ишинин уюштуруучулук камсыздалышын ишке ашырат;

в) ар бир арыз берүүчүгө маалыматтык пакетти даярдайт жана аны Комиссиянын кароосуна киргизет;

г) боло турган жыйын тууралуу Комиссиянын мүчөлөрүн жыйынга чейин 3 күн мурда кабарлайт;

д) үлүштүк курууда катышууга укук алган арыз берүүчүлөрдүн ортосунда квартираларды кабат боюнча бөлүштүрүүнү “чучукулак” жолу менен ишке ашырат;

е) үлүштүк курууда катышууга укук алган арыз берүүчү менен үлүштүк курууга катышуу келишимин түзөт.

2-1.5. Жарандарга үлүштүк курууда кайрадан катышууга жол берилбейт.

 

2-2.Үлүштүк курууда катышууга укуктарды берүү

боюнча Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби

 

2-2.1. Комиссия арыз берүүчүлөрдүн тизмесин ар бир арыз берүүчүнүн маалыматтык пакети менен карап чыгат жана үлүштүк курууда катышуу укугун берет. Үлүштүк курууда катышууга укук алган арыз берүүчү үлүштүк курууда катышуудан баш тарткан учурда, ошондой эле үлүштүк курууда катышуу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулганда Комиссия ушул Жобого ылайык үлүштүк курууда катышуу укугун башка арыз берүүчүлөргө берет.

2-2.2. Комиссиянын чечими Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмесинен турган кворум болгон учурда добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Комиссиянын протоколуна Комиссиянын жыйынына катышкан Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.

2-2.3. Комиссиянын жыйыны топтолгон материалдарга жараша Комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталган күндөрү өткөрүлөт.”;

 

8) 5.2-1 пунктундагы “Бишкек шаарынын муниципалдык кызматчылары үчүн үлүштүк курууда катышуунун төмөнкүдөй шарттары аныкталсын” деген сөздөр “Үлүштүк курууга катышуу укугун берүү боюнча комиссиянын чечими менен көп квартиралуу турак үйдүн квартираларынын жалпы санынан 15 пайызы Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын аппараттарынын кызматчыларына үлүштүк курууга катышуунун төмөнкү шарттарында каралсын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 

9) 5.6. пунктундагы “жана иш жүзүндө киргизилген төлөмдү берүү менен үлүштүк курулуш объектиси сатылат” деген сөздөр “үлүшчүгө иш жүзүндө киргизилген төлөмдү берүү менен жана башка арыз берүүчүгө үлүштүк курууга катышуу укугу ушул Жобого ылайык берилет” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 

10) 5-глава төмөнкү мазмундагы пункт менен толукталсын:             “5.7. Үлүшчү Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунан үлүштүк куруу аяктаганга чейин бошонгон учурда үлүшчү квартиранын келишимдеги нарк боюнча калган баасын үч айлык мөөнөттө төлөп берүү милдетин алат. Үлүшчү тарабынан ушул пункт менен белгиленген мөөнөөттө толук сумма жоюлбаса, үлүшчүгө иш жүзүндө киргизилген төлөмдү төлөп берүү менен келишим бузулат жана үлүштүк курууга катышуу укугу башка арыз берүүчүгө берилет.”;

 

11) 7-главанын жалпы тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формасындагы “тапшырыкчы” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “куруучу” деген сөз менен алмаштырылсын;

 

12) 7.5. пунктундагы “тапшырыкчы үлүшчүгө ал төлөгөн суммасын кайтарып берүү менен үлүштүк куруу объектисин сатууга укуктуу” деген сөздөр “ушул Жобонун 5.6. пунктунда каралган эрежелер колдонулат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 

13) 7.6. пунктундагы “тапшырыкчы үлүшчүгө ал төлөгөн төлөмдөрдү кайтарып берет жана үлүштүк куруу объектисин жаңы үлүшчүгө сатат” деген сөздөр “ушул Жобонун 5.6. пунктунда каралган эрежелер колдонулат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 

14) 8-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:              “8. Тараптардын милдеттенмелерин аткаруусу”;

 

15) 8.1. пункту күчүн жоготту деп табылсын;

 

16) 9.6. пунктундагы “Көп квартиралуу үйдү үлүштүк катышуу шартында курууга (түзүүгө) катышууну каалаган жактардын тизмеси түшкөн билдирмелердин негизинде түзүлөт.” деген сүйлөм алынып салынсын.

 

3. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын              27-ноябрындагы № 20 “Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомунун № 2 тиркемесинин 7.5. пункту күчүн жоготту деп табылсын.

 

4. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 227 “Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүүтартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

5. Бишкек шаарынын мэриясы түзүлгөн тизмени талапка ылайык келтирсин.

 

6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын  милдетин аткаруучу                              В. М. Лисниченко