Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

“Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, 2017-жылдын 27-сентябрында өткөрүлгөн “Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуунун жыйынтыктарын эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы (А. С. Ибраимов):

1) “Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыз кылсын;

2)программага белгиленген тартипте төмөнкү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталсын:

II бөлүктүн 1-главасынын 4-абзацындагы “Бишкек шаары – жагымдуу жана экологиялык жактан таза жашоо үчүн жаратылыш ресурстары менен бай, таза жана даамдуу ичүүчү суусу, таза абасы, кооз жаратылышы, ак карлуу тоолору, орто климаты жана башка жагымдуу шарттары бар шаар” деген сөздөр “Бишкек шаары – ак карлуу чокулары жана көрктүү жаратылышы, таза ичүүчү суусу, жайлуу жашоо мүмкүнчүлүктөрү менен бийик тоолордун этегиндеги шаар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 II бөлүктүн 2-главасы  төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Датка Кемин” кичи станциясын эксплуатациялоого киргизүүдөн электр энергиянын кошумча кубаттуулуктарын пайдалануу”;

II бөлүктүн 3-главасынын 5§тын 1-абзацы “өтмө жолдордун жоктугу” деген сөздөр менен толукталсын;

II бөлүктүн 3-главасынын 5§тын 3-абзацы “эске алуу зарыл” деген сөздөрдүн алдына “тоо сууларынын жана каналдардын нуктарынын агуусун жана ашыкча дренаждуулугун” деген сөздөр кийин кошулсун;

III бөлүктүн 2-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Коопсуз жана экологиялык жайлуу жашоо чөйрөсүн уюштуруу принциби”;

IV бөлүктүн 1-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Тийиштүү көлөмдө жашылдандыруу жана сугат тармагын калыбына келтирсин”;

IV бөлүктүн 2-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Бишкек шаарынын аймагында көп деңгээлдүү токтотмолорду курууну карап чыксын”;

IV бөлүктүн 2-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Велосипед жолчо тармактарын кеңейтүүнү (курууну)”;

IV бөлүктүн 3-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Бишкек шаарынын аймагындагы сейилбактардын жана  жашыл зоналардын чектери бекитүү”;

IV бөлүктүн 3-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Бишкек шаарынын аймагындагы жашыл бак-дарактарды толук инвентаризациялоону жүргүзсүн”;

IV бөлүктүн 3-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “ ремонттоло турган (магистралдык, бөлүштүрүүсү кварталдык) жылуулук тармактарды көрсөтүү менен)”;

IV бөлүктүн 6-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “спорт объекттерин куруу үчүн жер участокторун бөлүү мүмкүнчүлүгүн тапсын”;

V бөлүк төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Тез медициналык жардам станциясы үчүн заманбап логистикалык программаны жайылтуу”;

“Тунгуч” кичирайонундагы Анкара көчөсүнө гүлбакча курууну ишке ашыруу”;

балдар реабилитациялык борборлордун иши үчүн контролду күчөтүү;

программанын ар бир секторун ишке ашыруунун конкреттүү максаттарын, милдеттерин жана механизмдерин көрсөтүү;

программанын аткарылышын  мониторинг жүргүзүү үчүн координациялык кеңеш түзүү;

Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык мүлктү толук инвентаризациялоону жүргүзүү;

спорт курулмаларын куруу үчүн жер участокторун резервдөө үчүн жумушчу топ түзүү;

инфраструктуралык объекттерди чечүү үчүн муниципалитет менен мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн өз ара аракеттенүү механизмин түзүү;

аз камсыз болгон, ишке жарамсыз жарандар үчүн “Социалдык текчелерди”  түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу.

3. Бишкек шаарынын мэриясы  жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча программанын ишке ашуусунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.

4. Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын  25-июнундагы №82 “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” 2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө”   токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы К. Б. Музуралиевге жана Бишкек шаарынын мэри А. С. Ибраимовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу                                                                                                  В. М. Лисниченко

“Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы