Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жасаган иши жөнүндө отчёту тууралуу

 

         Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун- энергетикалык комплекс, транспорт жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жасаган иши жөнүндө отчёту угулду.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
  2. Бишкек шаардык кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын кайрылуусун эске алып, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги – Б. Ш. Мамышевге ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына                                        (Ж. М. Салымбеков) жана Бишкек шаарынын мэри А. С. Ибраимовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                 К. Б. Музуралиев