Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Административдик райондор боюнча Бишкек

шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын

башчыларынын 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча жана 2017-жылга перспективдүү иш-пландары жөнүндө отчёттору тууралуу

 

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин, Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча  туруктуу комиссиясынын корутундусун жетекчиликке алып жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов административдик райондору боюнча муниципалдык администрациялардын башчыларынын отчётторун угуп, Бишкек шаардык кеңеш

                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Төмөндөгүдөй болуп табылсын:

Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациянын башчысы – Н. Р. Тынаевдин 2016-жылдын жыйынтыгыбоюнча жана 2017-жылга перспективдүү иш-планы жөнүндө отчёту – канааттандырарлык;

Октябрь административдик району боюнча муниципалдык администрациянын башчысы – Н. К. Курманбековдун 2016-жылдын жыйынтыгыбоюнча жана 2017-жылга перспективдүү иш-планы жөнүндө отчёту – канааттандырарлыкэмес;

Биринчи май административдик району боюнча муниципалдык администрациянын башчысы – А. Т. Алиевдин 2016-жылдын жыйынтыгыбоюнча жана 2017-жылга перспективдүү иш-планы жөнүндө отчёту,канааттандырарлык;

Биринчи май административдик району боюнча муниципалдык администрациянын башчысынын орун басары – Р. Э. Шараповго эскертүү берилсин;

Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациянын башчысы – С. Б. Болотбековдун 2016-жылдын жыйынтыгыбоюнча жана 2017-жылга перспективдүү иш-планы жөнүндө отчёту – канааттандырарлык.

 

  1. Бишкек шаарын мэри А. С. Ибраимов  ушул токтомдун аткарылышы жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчыларынын ишиндеги көрсөтүлгөн тартип бузууларды, ошондой эле кемчиликтерди  четтетүү боюнча  чара көрсүн.

 

  1. 2017-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин кароосуна көрүлгөн чаралар жөнүндө  маалыматты  берсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (А. Б. Бактыбеков) жана Бишкек шаарынын мэри   А. С. Ибраимовго жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  К. Б. Музуралиев