Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 23-мартындагы

№177 “Бишкек шаарынын 2016-жылга бюджетин бекитүү

жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

 

       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 23-мартындагы № 177 “Бишкек шаарынын 2016-жылга бюджетин бекитүү жана                         2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1) 1-пунктундагы 8 496 262,0”, “4 902 516,7”, “919 390,5”, “921 870,6”, “802 354,1”, “950 130,1” деген цифралар тийиштүү түрдө “8 505 084,4”, “4 860 284,1”, “931 746,4”, “931 610,6”, “821 580,3”,           “959 863,0” деген цифраларга алмаштырылсын;

 2) “Бишкек шаарынын 2016-жылга  бюджетинин киреше бөлүгү”      1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

       3) “Бишкек шаарынын 2016-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү”      2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

2. 8-пункттун 6-абзацындагы “шаардык бюджетке” деген сөздөрдөн кийин “2016-жылдын 1-июлунан тартып башка мүлктү ижаралоо үчүн акы -100% Бишкек шаарынын административдик райондоруна. Ошону менен бирге жергиликтүү бюджеттин көлөмү (атайын каражаттарды эсепке алуусуз) бекитилген сумманыны чектеринде калтырылсын”.

         3. 12-пункттун 7-пунктчасынын 3-абзацында “Бишкек шаары боюнча МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмүнүн” деген сөздөр “2016-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы (мындан ары – МСКнын ИСТКБ) боюнча начальнигинин жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлгөн орун басарына, Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча МСКнын ИСТКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо бөлүмүнүн кызматкерлерине” деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 12-пункттун 8-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“2016-жылдын 1-июлунан тартып райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын (мындан ары - МСКБ) начальниктеринин жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлгөн орун басарларына               1500 сомдон”;

5. 12-пункттун 11-пунктчасынын 4-абзацында “врачтарга” деген сөз алынып салынсын жана төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “2016-жылдын 1-июлунан тартып кечиктирилгис тез жардам көрсөтүү кызматынын врачтарына жана врач-педиатрларга, врач-неонатологдорго, врач-реаниматологдорго, врач-анестезиологдорго 1 кызматкерге 4000 сом эсебинде”.

6. 16-пункт төмөнкү мазмундагы 20-пунктча менен толукталсын:

“20) 2016-жылдын 1-июлуна чейин Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын (мындан ары-МСКБ) жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн 65,0 штаттык бирдигин күтүүгө,         2016-жылдын 1-июлунан тартып МСКБнын начальниктеринин орун басарларын күтүүгө, райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн 60,0 штаттык бирдигин, Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча МСКнын ИСТКБнын начальнигинин орун басарын жана Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча МСКнын ИСТКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо бөлүмүнүн 5,0 штаттык бирдигин күтүүгө”.

7. 24-пункт төмөнкү мазмундагы 21, 22, 23-пунктчалар менен толукталсын:

“21) Бишкек мамлекеттик шаардык архивди каржылоону республикалык бюджетке өткөрүп берүү маселеси боюнча ишти жүргүзсүн”;

“22) Чыгыш-5 кичирайонундагы эки лифтти жана Джал кичирайонундагы эки лифтти сатып алууга каражат тапсын”;

“23) Мусулманкулов көчөсүнүн ремонтуна 500,0 миң сом суммада каражат тапсын”.

8. Төмөнкү мазмундагы 25-1 пункт менен толукталсын:

“25-1. 2016-жылдын 1-июлунан тартып башка мүлктү ижаралоо үчүн акыдан түшүүчү каражаттар райондордун инфраструктурасын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө Бишкек шаарынын административдик райондоруна жөнөтүлөт”.

9. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгын чыгашаларга багыттоо бул токтомдун              3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

10. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттар боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөрү бул токтомдун 3-1 тиркемесине ылайык бекитилсин.

11. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бул токтомдун         4-тиркемесине ылайык бектилсин.

12. 6-тиркеме бул токтомдун 5-тиркемеси менен толукталсын.

13. 7-тиркеме бул токтомдун 6-тиркемеси менен толукталсын.

14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына            (Э. Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу Э. З. Зарлыковго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        А. М. Кененбаев

 

Бишкек шаары,

30-июнь 2016-жыл, №190 

 

ТИРКЕМЕ