Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңеш 2015-жылы атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттен алынган расмий каражаттарды кошуп алганда шаардын бюджетине 7575529,9 миң сом суммадагы, же такталган планга карата 91,5% киреше түшкөндүгүн белгилейт. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 7588976,8 миң сомду, же такталган планга карата 89,9%ды түздү.

Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 118 "2015-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылдарга карата болжолу жөнүндө" токтомунун 5-пунктуна ылайык шаардын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлдү.

Отчёттук мезгил ичинде республикалык бюджеттен 638493,0 миң сом түштү, анын ичинде Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын утурумдук ремонттоого карата 9157,0 миң сом сумма, социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 238232,4 миң сом сумма, биометрикалык маалыматтарды топтоого тартылган жактарга эмгек акы жана социалдык фондго төгүмдөр боюнча чыгымдарды каржылоого 4501,3 миң сом сумма, шаардын жолдорун ремонттоого жана реконструкциялоого 180000,0 миң сом сумма, архивдик фонддун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 1754,4 миң сом сумма, террорчулукка каршы операциялардын жыйынтыктары боюнча жабыркаган жарандарга келтирилген зыяндын компенсациясына 3200,0 миң сом сумма, спорттук комплексти курууга 9278,9 миң сом сумма, электр жана жылуулук энергиясы үчүн тарифтерди жогорулатууга 75000,0 миң сом сумма, "Бишкекжылуулукэнерго" КИ аркылуу финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга карата субсидияга 117369,0 миң сом белгиленген.

Бюджеттик мекемелердин кредитордук карызы 2016-жылдын 1-январына карата абал боюнча 212679,6 миң сомду түздү, анын ичинен:

- шаардык бюджет боюнча - 139156,8 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча - 497,5 миң сом, тамак-аш азыктарын алууга - 51,0 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 37,2 миң - шаардык бюджет боюнча - 139156,8 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча - 497,5 миң сом, тамак-аш азыктарын алууга - 51,0 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 37,2 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 770,7 миң сом, капиталдык салымдар боюнча - 15368,6 миң сом, жылуулук энергиясына дотациялар боюнча (БЖЭ, ведомстволук отканалар) - 27487,4 миң сом, жол куруу боюнча - 36343,0 миң сом, муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча - 1846,5 миң сом, жол чуңкурларын ремонттоо боюнча - 2468,9 миң сом, чет элдик кредиттер боюнча - 44898,5 миң сом, бюджеттик мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча - 3376,8 миң сом;

- Ленин району боюнча - 20345,2 миң сом, анын ичинен тамак-аш продуктуларын сатып алуу боюнча - 155,7 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 60,1 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 9412,1 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча - 8040,2 миң сом;

- Октябрь району боюнча - 12040,5 миң сом, анын ичинен тамак-аш продуктуларын сатып алуу боюнча - 221,5 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 79,3 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 11557,9 миң сом;

- Биринчи май району боюнча - 31920,6 миң сом, анын ичинен эмгек акы жана Социалдык фондго төгүмдөр боюнча - 1152,9 миң сом, тамак-аш продуктуларын сатып алуу боюнча - 2586,9 миң сом, калкка жеңилдиктер боюнча - 39,1 миң сом, коммуналдык кызматтар боюнча - 9475,8 миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча - 16 360,1 миң сом;

- Свердлов району боюнча - 9216,5 миң сом, анын ичинен коммуналдык кызматтар боюнча - 9024,4 миң сом.

Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана кирешелер менен чыгашалар боюнча милдеттенмелерди эске алуу менен 8560862,8 миң сом суммада бекитилсин.

2. Бишкек шаары боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн 2015-жылга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин салыктык кирешелер боюнча бекитилген көрсөткүчтөрүн аткаруу жаатындагы иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ш.Докенов) жана биринчи вице-мэрдин милдетин аткаруучу Э.З.Зарлыковго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 30-июну, №189